Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Чаткалдан келген делегат курултайда кен казуу, экология маселесин айтты


Чаткалда жергиликтүү тургундар кен казуу, экология маселесин бир канча жылдан бери эле көтөрүп келет.
Чаткалда жергиликтүү тургундар кен казуу, экология маселесин бир канча жылдан бери эле көтөрүп келет.

Курултайдын экинчи күнүндө Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунан келген делегат Жылдызбек Абибакир уулу аймактагы кен казуу, экология маселесин көтөрдү. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып кен казган компаниялардын ишин иликтеп, берилген лицензияларды ирээтке келтирүүгө чакырды.

"Кенге байланыштуу аябай чоң проблемаларыбыз бар. Чаткалдын тешилбеген жери калган жок, жүздөн ашуун лицензия сатылып кеткен. Садыр Нургожоевич, сизден ошол лицензияларды кайтарып алууну суранабыз. Бүгүнкү күндө алар салыгын гана төлөйт, бирок мамлекеттин үлүшү жок. Муну эмне кылабыз, урматтуу Садыр Нургожоевич? Чаткал азыркы күндө экологиялык туңгуюкка кептелип калды. Казылбаган жерибиз калган жок, суубуз булганып жатат. Ушулардын баарын айталы десек укук коргоо органдарынын кызматкерлери басып коет. Биз эмне кылабыз? Мисалы, мен жашаган Терек-Сай, Кызыл-Токойдун жерлери лицензиялык аянтка берилип кеткен. Мен туулуп-өскөн, киндик каным тамган жер, менин короом берилип кеткен. Экинчи маселе, Чаткалдын кышы татаал, элдин саны аз. Жогорку Кеңешке проблемаларыбыз тууралуу жөнөтөбүз, бирок ал жетпейт. Ала-Бука району менен биригип 2005-жылдан бери Жогорку Кеңешке депутат шайлайбыз. Бирок Чаткалдын маселесин көтөргөн бир да адам жок. Шайлаган адамды он жылда бир жолу көрөбүз, биз жакка басып барбайт. Бул маселени да эмне кылабыз?",-деди делегат.

Садыр Жапаров анын суроолоруна курултай соңунда жооп берүүнү убада кылды.

Мындан бир жыл мурда "Азаттык" Чаткалдагы алтын казган "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген.

Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталган.

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.

Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:43 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG