Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

УКМК "Кыргызжылуулукэнергонун" кызматкерин кармады


Пара катары сунушталган акча. 25-ноябрь, 2022-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык)
Пара катары сунушталган акча. 25-ноябрь, 2022-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 31-октябрда сотко чейинки текшерүү ишинин алкагында "Каракол жылуулук камсыздоо" мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык иштеринде мыйзам бузууларды аныктаган.

Андан кийинки текшерүү процессинде Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык башкармалыгынын жетекчиси О.А.Ж. УКМК кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана финансылык мыйзам бузууларды аудитордук актыга чыгарбоону суранып, ал үчүн акча сунуштаган.

Бул аракети үчүн ага Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси («ири өлчөмдө пара берүү») боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында 25-ноябрь күнү УКМКнын тергөө-ыкчам тобу О. А. Ж. аттуу жаранды 5 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда мекеме аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбалык ишканалардын жана башка мамлекеттик органдардын тутумундагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG