Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Курултайда Сапар Аргымбаев парламенттеги сөгүнүүнү айыптады


Элдик курултай, Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Элдик курултай, Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Элдик курултайда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев бийликке байланыштуу бир катар маселерди көтөрдү. Ал президент Садыр Жапаров убагында оппозицияда жүргөндө ага кылмыш ишин козгогон прокурорлордун, соттогон соттордун жоопкерчилиги каралбай калганын айтты. Мындан улам аларга чара көрүлүшү керектигин, бул азыр дагы буйрук аткарып жаткандарга сабак болорун белгиледи.

"Урматтуу Садыр Жапаров, сиздин жаныңызда жүргөн кошоматчыларга бир гана сөзүм бар: токтоткула! Кошоматчы болуп жүрүп канча президентти аңга түрттүңөр. Мен убагында башкы прокурор Курманкул Зулушевден сурадым эле, "Садыр Жапаровго материал токуп, аны 10 жылга камаган прокурорлорду, сотторду эмнеге жоопко тарткан жоксуңар" десем, "Садыр Жапаров арыз жазган жок" деп жооп берген. Прокуратура фактыга байланыштуу эле козгошу керек эле, бирок аны жасаган жок. Ошол прокурорлор, соттордун баарынын жоопкерчилиги каралса, болбогон жерден камалып жаткандардын баары эртең эле чыгып келет. Ошол соттор, прокурорлор аларды соттобойбуз дешет".

Сапар Аргымбаев ошондой эле "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин акчаларын Кыргызстанга кайтаруу убадасын эске салды. Мындан улам ал каражаттын тагдырына кызыкты. Аргымбаев ошондой эле, Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөгүнгөнүн белгилеп, буга тиешелүү чара көрүлбөй калганын сынга алды.

"Ширшов келгенде аны тосуп алып, башынан сылап, "ал Максимдин 200 миллион долларын" алып келип берет дешти эле. Ошол акча келдиби, келсе кайсы эсепке түштү? Ошого да жооп бергилечи. Бүгүн Ширшовдун кадрларынын баары бийликке келди. Алардын ичинде Таалай Ибраев деген болгон. Ага 2010-жылдан бери алты кылмыш иши ачылган. Ал иштер кандай жабылган, эмне болгон, мен билбейм. Кылмыш иши ачылган кишини министр кылып дайындоо суроо жаратат. Эми дагы бир нерсе, мен ал сөздү силердин алдыңардан айткандан да тартынам, бирок айтыш керек. Кечээги Жогорку Кеңеште "энеңди..." деп айтылган сөзгө кандай баа берилиши керек болчу? Ошону айтып жаткан киши президент Садыр Жапаровду көзүнө илбей туруп айтты. Болгондо дагы аны элдин трибунасында айтты", - деди Аргымбаев.

Курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев Аргымбаев сөзүнүн аягына чыгарганга чейин эле микрофонун өчүртүп койду.

Парламентте кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу макулдашуу каралып жатканда Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен жана жыйынтыгында УКМК төрагасынын сөгүнгөнү угулуп калган.

Ушул жылдын май айында Садыр Жапаров "коррупция" беренеси менен кармалып, дароо эле үй камагына чыгарылган "Дастан" Алексей Ширшов тууралуу комментарий берген. Ал Фейсбуктагы баракчасына Ширшов Максим Бакиевдин 200 миллион долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG