Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Астанада Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өттү


Касым-Жомарт Токаев президенттик күбөлүгү менен. Астана. 26-ноябрь, 2022-жыл.
Касым-Жомарт Токаев президенттик күбөлүгү менен. Астана. 26-ноябрь, 2022-жыл.

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы бүгүн, 26-ноябрда Астанадагы Эгемендик сарайында өттү.

"Казакстан элине ак кызмат кылууга, Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, жарандардын укугуна жана эркиндигине кепилдик берүүгө, Казакстандын президенти катары мага жүктөлгөн бийик милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга салтанаттуу ант беремин", - деди ал.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарлашынча, салтанатка депутаттар, аткаминерлер жана чет элдик дипломаттар катышты.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге президенттин күбөлүгүн тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев сөзүндө өзүнө добуш берген мекендештерине ыраазычылык билдирди. Ал өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен капиталды кайтарып келүү зарылдыгын айтты. Айыл-кыштактарды өнүктүрүүгө убада берип, өкмөткө тиешелүү программа иштеп чыгууну тапшырды. Ал ошондой эле командасынын алдында "Казакстанды демократиялык институттары менен чогуу өнүккөн өлкөгө айландыруу" максаты турганын кошумчалады.

Ал ошондой эле Казакстан тышкы саясатта көп багыттуу саясат жүргүзүүнү улантарын, АКШ, КМШ өлкөлөрү жана Европа кеңеши, Кытай менен мамилесин өнүктүрөрүн билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жети жылдык мөөнөткө президент болуп шайланды. Өзгөртүүлөргө ылайык, бир адам эки жолу президент болуп шайлана албайт. Бирок Конституцияга өзгөртүү жаңы киргизилгени эске алынып, Токаевге шайлоого катышууга уруксат берилген.

Казак БШКсынын маалыматына ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,3% добушун алган. Анын беш атаандашы 2-3% пайыздын айланасындагы добушка ээ болушкан. "Баарына каршы" 6% добуш берилген.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы, көз карандысыз байкоочулар бирикмеси шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешкен.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенттигине 2019-жылы мартта, өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин отставкасынан кийин келген. Ошол эле жылы июлда мөөнөтсүз өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG