Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Москвадагы парад: Путин Борбор Азияга таасирин көрсөткүсү келет


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Орусияда расмий сапар менен жүрөт. Анын 7-майда башталган сапары Орусия Украинага согуш ачып, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы катаал санкцияларды салган учурга туш келди.

Ал Москвада 9-майга арналган Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышууда. Буга чейин Садыр Жапаров парадга катышкан жалгыз чет өлкөлүк лидер болору айтылган.

Казакстан, Тажикстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов, Беларустан Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да парадга катышып жатат.

Иш-чара Украинадагы согуш уланып жаткан маалда өтүүдө. 9-майдын таңында да орус армиясы Украинанын аймагын ракета менен аткылады.

Параддын ачылышында сүйлөгөн Владимир Путин Орусияга каршы «согуш ачылганын» айтып, бул үчүн «батыштын глобалдык элитасын» күнөөлөдү. Ал ошондой эле «Донбассты коргоп, өз өлкөсүнүн коопсуздугун сактай аларына» ишендирди.

Быйыл Орусиянын 20дай аймагында, анын ичинде Москва аннексиялап алган Крымда коопсуздуктан улам майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жок.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Согушту иликтөө институтунун баяндамасы

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өтүп жаткан парад аркылуу Борбор Азияга таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракеттенип жатканын Америкалык Согушту иликтөө институту (ISW) 9-майдагы баяндамасында билдирди.

Анда Борбор Азия мамлекеттеринин айрым лидерлери согушту колдогонун түз жана ачык көрсөткүсү келбегени, ушул себептен алар Москвага бара турганын кеч жарыялаганы болжолдонгон.

Садыр Жапаровдун жолугушууларында кандай маселе көтөрүлдү?

Кыргыз президенти расмий сапарынын жүрүшүндө 8-майда Москвада орус президенти Владимир Путин жолугушуп, тараптар кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Президент Жапаровдун сайтына жарыяланган маалыматка караганда, жолугушууда тараптар евразиялык интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташтыкты, аймактык, эл аралык маселелерди талкуулашты. Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтык өнүгүп жатканы белгиленди.

21 пункттан турган билдирүүдө саясий, соода-экономикалык, банк жана каржы тармагында, гуманитардык, илим, маданият, искусство, маалымат, туризм жана башка багыттарда кызматташууну улантуу жана өнүктүрүү тууралуу жазылган.

Мындан тышкары айлана-чөйрөнү коргоо, түрдүү табигый кырсыктарга, чукул кырдаалдарга каршы күрөшүү, суу-энергетикалык ресурстарды колдонуу жаатында да алака-катышты улантуу жазылган.

Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоодо аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгы белгиленген. Эл аралык терроризмге жана аны каржылоого каршы, диний экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, коррупция, арам акчаны адалдоо, маңзат, аткезчилик жана башка мамлекеттик кызыкчылыкка жана аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратуучу көрүнүштөргө чогуу каршы туруу маселеси камтылган.


Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге ылайык, маалымат коопсуздугун камсыздоодо да кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты. Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп, натыйжалуулугун жогорулатууга жалпы аракеттенери белгиленген.

Тышкы иштер министринин билдирүүсү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда ал Жапаровдун Москвага парадга ардактуу конок катары чакырылышын Кремль "кыргыз элинин Жеңиш күнүнүн келишине кошкон салымына өзгөчө маани берери" менен байланыштырды. Эки лидер тар чөйрөдөгү жолугушууда саясий алака-катышты талкуулаганын билдирди.

"Эки тарап тең Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда эч кандай карама-каршылык жоктугун белгилешти. Бул бизге соода-экономикалык, ивестициялык жана маданий-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Орусия Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө чоң маани берет, ошондуктан алар орус программасы менен сабак өтүлгөн Кыргызстандагы тогуз мектепти куруу планын дагы бир жолу белгилешти",-деди Кулубаев.

Министр ошондой эле жолугушууда миграция маселелери талкууланганын, анда кыргызстандык мигранттардын даярдыгы жакшы экени, орус тилинен экзамен тапшырбасы жана жакшы жумуштарга иштери айтылганын кошумчалады.

"Манипуляцияларга каршы турам"

Садыр Жапаров Путинге чейин Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуп эки тараптуу мамиле тууралуу сүйлөшкөн.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен 7-майда кездешип, анда орус тил маселеси көтөрүлгөн.

Москвадагы жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилин сактоо саясатынын маанилүүлүгүн белгилегенин Мамлекеттик Думанын расмий сайты жазды.

Анда президенттин: "Мен президент жана укуктардын жана эркиндиктердин гаранты катары бул маселеде бардык манипуляцияларга кескин каршы турам. Орус тили бизде болгон жана боло берет. Ал Конституция менен бекемделген", - деген сөзү берилген.

Ал эми кыргыз президентинин администрациясы Москвадагы жолугушууда тараптар өз ара алака-катышты өнүктүрүүнү талкуулаганын гана кабарлап, орус тил маселеси көтөрүлгөнү тууралуу жазылган жок.

Парламентте көтөрүлгөн тил маселеси

Соңку мезгилде социалдык тармактарда, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия Жогорку Кеңешке “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоорун алып келди. 19-апрелдеги парламент жыйында орус тилинин макамы жөнүндө дагы сөз болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова мыйзамга мындай сунуш берген.

"Өзүбүз Конституциянын башына жазып алганбыз мамлекеттик тилге атаандаш кылып расмий тил деп. Бизден башка союздук мамлекеттерде мындай жок. Мамлекеттик тилге теңата кылып ыңгайлуу жерге расмий тилди жаза калабыз. Азыркы мыйзамдын долбоорунда дагы теңата кылып коюп жатасыңар. "Зарыл болгон учурда расмий тил колдонулат" деп так жазгыла деген сунуш бергенбиз", - деди Нарматова.

Парламенттеги жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латин арибине өтүүгө даярдык бар экенин дагы айткан. Бирок анын эртеси президент Жапаров төраганы кабыл алып, латын алфавитине өткөрүү жөнүндө "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууну" эскерткен.

Буга чейин Жогорку Кенештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалатуу боюнча пикири да бир топ талкуу жараткан. Спикердин сөзүнө Мамлекеттик Думанын депутаттары реакция кылып, орус басылмалары да бул темага арналган макалаларга орун берди. Андан көп узабай Шакиев орусиялык "Российская газета" басылмасына курган маегинде, Кыргызстанда “орус тили басмырланбайт” деп айткан.

Тил маселеси саясатташып кеттиби?

Кыргыз бийлиги тил маселесин саясатташтырбоону айтып келет. Анткен менен акыркы мезгилде коомдо тил маселеси талылуу темалардын бирине айланды. Публицист Олжобай Шакир Кыргызстанда орус тилине өзгөчө маани берилгенине кескин каршы болгондордун бири.

“Орусиянын Кавказ, Борбор Азия элине таңууланган саясаты. Балтика өлкөлөрү Орусиядан киндигин үзгөн. Биз Орусия менен киндигибиз бир деген идеологиядан чыга албай койдук. Орусиячыл аң-сезимибизди жеңе албай жатканда интеллигенция же бийлик унчукпайт. Өзүбүз кылчактап жатсак, Кремль каалаганын кылат”.

Ошол эле маалда мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө "ашкере саясатташтыруунун зарылчылыгы жок" жеген көз караштагылар да басымдуу. Алардын бири журналист Миржан Балыбаев тил маселесинде эч кимдин алдында актанбай эле мамлекеттик тилди өнүктүрө берсе болот деген пикирде.

"Кыргыз тилин жактагандар, орус тилинин макамын жактагандар дагы айрым учурда тил маселесин өтө эле саясатташтырып жиберишет. Мамлекет эч кимдин алдында актанбай эле мамлекеттик тилди өнүктүрө берсе болот. Сөз көп, иш аз болуп жатат. Эртеңден баштап кыргыз тилинде сүйлөйбүз, мамлекеттик жетекчиликке кыргыз тилин билгендер келсин деген дагы популизм. Тилди акырындап өнүктүрүп кете бериш керек", - деди журналист.

Кыргызстандын Баш мыйзамында кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган.

Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көйгөйлөр бар экенин бийлик башындагылар да четке кагышпайт, бул маселе парламентте да маал-маалы менен көтөрүлүп турат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG