Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

"Борбор Азиядагы авторитаризм Москвага керек" 


Борбор Азия - Орусия саммити. Астана, 14-октябрь, 2022-жыл 
Борбор Азия - Орусия саммити. Астана, 14-октябрь, 2022-жыл 

Дүйнөлүк басылмалар өткөн жумада Орусиянын Борбор Азияга көзөмөл аракети жана бул чөлкөмдөгү өлкөлөр да санкцияга илиниши мүмкүн экенин жазышты.

"Авторитардык режимдер адатта Кремлге таянат"

The Moscow Times басылмасы 28-апрелде Глазго университетинин профессору Лука Анческинин Борбор Азиядагы авторитаризмден Орусия кандай пайда табарын анализдеген макаласын чыгарды.

Автордун пикиринде, аймак барган сайын авторитаризмге ыктап жатат: пандемия учурунда бийликти алууга жетишкенден кийин чөлкөмдөгү элиталар позицияларын алдыдагы ондогон жылдарга бекемдей турган чараларды көрүүдө. Орусиянын колдоосу бул жагынан чечүүчү болушу мүмкүн.

Казакстандагы шайлоо. 19-март, 2023-жыл
Казакстандагы шайлоо. 19-март, 2023-жыл

Андан ары ал үч өлкөдөгү абалды талдап чыккан. Казакстанда Касым-Жомарт Токаев баштаган режим марттагы парламенттик шайлоону мыйзам чыгаруучу органда өз депутаттарынын санын көбөйтүү үчүн пайдаланган.

Эмне дегенде бир да оппозициялык партияга катышуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес, бир ууч гана көз карандысыз талапкер каттала алган. Натыйжада бийликтеги “Аманат” партиясына орундардын үчтөн эки бөлүгү тийип, Казакстандын саясаты режимдин монополиясы бойдон кала бергенин далилдеди", - деп сөзүн улантат профессор.

Ошондой эле былтыр июнда референдумдун арты менен Токаев президенттик ыйгарым-укуктарын, бийликте калуу мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк алганын эске салат.

Анчески ушул өңдүү динамика кошуна Өзбекстанда да байкалып жатканын, президент Шавкат Мирзиёев саясий бийлигин Конституцияда белгиленген мөөнөттөн ары узартуу аракетин көргөнүн белгилеген.

Бирок, анын пикиринде Борбор Азиядагы авторитардык стратегияны жаңылоодо Түркмөнстан эч кимди алдыга салбайт. Былтыр мартта Сердар Бердымухамедов президенттик кызматты атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон мурастап алган. Сердардын 41 жашта экенин эске алганда, бул үй-бүлөлүк династия өлкөнү 2040-жылдарга чейин козөмөлдөшү ыктымал.

Андан ары автор сөз болгон үч мамлекетте тең элиталар бийлигин бекемедөө үчүн пропаганданы, маалымат каражаттарын куугунтуктоо, оппоненттерин камоо өңдүү чараларды пайдаланарын болжолдоп, алардын дагы бир варианты бар экенин жазат.

Кеп Орусия тууралуу жүрүүдө. Макалада айтылгандай, барган сайын обочодо калып жаткан Москва Борбор Азиядагы демократиялык эмес лидерлерди колдогон баа жеткис булакка айланууда.

Авторитардык тилектештиктин евразиялык түйүнү адатта Кремлге таянат. Мисал катары кандуу Январь окуяларында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тез кийлигишкенин келтирет. Автордун көз карашында кырдаалды Токаевдин пайдасына өзгөрткөн ошол кийлигишүү Казакстандагы авторитардык ыкманы калыбына келтирүү процессине түрткү берген.

Андан ары Орусиянын Украинага басып кириши ошол тилектештикти өнүктүрүүгө шарт түзгөнү талданып чыгып, согушту айыптабаганы үчүн Кремль Борбор Азияга албетте ыраазы болот, Астана, Ашхабад жана Ташкенттеги демократиялык эмес бийликтерди сактап калуу багытында чара көрөт деп күтсө болору баяндалат.

Аналитик жакында болгон эки окуя Орусия Борбор Азиядагы таасиринин ири бөлүгүн калыбына келтирүүгө жондөмдүү экенин далилдерин айтат. Биринчиси - Путиндин кытай лидери Си Цзинпин менен кездешүүдө аймакта “түстүү революцияларга” жол берилбесине убада кылганы, экинчиси - Орусия, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда энергетикалык кызматташтыкты өрчүтүү тууралуу сүйлөшүүлөрү тууралуу кабарлардын чыгышы.

Макала "Орусиянын чөлкөмдөгү авторитардык консолидациядан артыкчылык табуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болууда, бул Москванын Борбор Азияга кайтып келишине шарт түзүшү ыктымал" деген ой менен жыйынтыкталат.

Орусиянын кошуналарын жана Борбор Азияны бутага алган санкциялар

Bloomberg агенттиги 4-майда Евробиримдик Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп атат деп эсептеген үчүнчү өлкөлөргө каршы санкциялык механизмдерди талкуулап жатканын жазды.

Автор Альберто Нарделли маселеден кабары бар булакка таянуу менен бутага технологиялар менен негизги товаралардын соодасынын кескин өсүшүн түшүндүрө албаган өлкөлөр алынарын жазат.

Анын маалыматына караганда, шаркет мындай чара менен үчүнчү өлкөлөрдүн Орусияга жардам беришин чектөөнү жана Москва колдонушу ыктымал деген соода каналдарын жабууну көздөйт.

Эгер андан майнап чыкпаса, альянс экинчи этапта конкреттүү товарларга максаттуу чектөөлөрдү киргизе алат.

Агенттик менен маектешкен, атын атабаган булактардын айтымында, айрым экспорттук чаралар, Орусия аркылуу ташылчу товарлардын транзитине салынган тыюу кеңейтилиши мүмкүн.

Евробиримдик Орусия Украинага басып киргенден бери санкциялардын 10 пакетин кабыл алган. Жаңысы негизинен буга чейинки чаралардагы жылчыктарды жабууга, чектөөлөрдү сактоо иштерин күчөтүүгө багытталмакчы. Макалада мындай кадамга Москванын үчүнү тараптар аркылуу санкциялык товарларды алып жатышы түрткөнү белгиленет.

Мисал иретинде Казакстан, Араб Эмираттары, Түркия, Кытай жана башка жерлерден жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар жана башка технологиялардын импорту кескин көбөйгөнү келтирилет.

Андан ары автор жаңы механизмдерге токтолгон. Атап айтканда, Еврошаркеттин мүчөлөрү жактырса, санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар мамлекеттердин жана тыюу салынган товарлардын тизмеси түзүлмөкчү. Муну менен санкцияларды бузган үчүнчү өлкөлөрдөгү компанияларга каршы чара көрүү жеңилдемекчи.

Bloomberg басылмасынын булактары бул чаралар азыркы баскычта Кытайга колдонулары күмөн экенин, негизинен Борбор Азияга жана Орусиянын башка жакын кошуналарына каршы багытталарын айтышкан.

Евробиримдик ошондой эле Орусия согушта колдонгон машиналарга, алдыңкы технологияларга, өнөр жай товараларына, темир жана болотко салынган буга чейинки тыюуну кеңейтүүнү көздөйт. Чектөөлөр ошол товарларды өндүрүү үчүн зарыл болгон интеллектуалдык менчик жана лицензияларга да киргизилиши ыктымал.

Пандемия мафияны кармоого кантип жардам берди?

3-майда европалык бир нече өлкөдө, Бразилия жана Панамада италиялык “Ндрангета” мафиясынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Италиянын маалымат каражаттары жазды.

Италиянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт
Италиянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт

La Repubblica гезити “Эврика” деп аталган операцияга Режжо-Калабрия аймагынын прокуратурасы жетекчилик кылганын, 202 киши кармалып, 23 тонна кокаин колго түшүрүлгөнүн жана миллиондогон еврого активдер конфискацияланганын жазды. Мафиянын ишмердиги төрт жыл бою өтө жашыруун иликтенип келген.

Синдикаттын кылмыштуу ишине пакистандыктар, кытайлар да тартылган. Мисалы Португалияда алар ресторан тармагында империя курууга жетишкен, Германиянын беш чөлкөмүндө иш алып барган.

Адистер “Ндрангетаны” сицилиялык мафия – “Коза Ностра” же неаполдук “Каморрадай” белгилүү болбогону менен, европалык коопсуздук үчүн ири коркунуч деп сыпатташат. "Мафия түзгөн империянын борборунда 3 миң киши жашаган Сан Лука деген жер турат. Шыбалбаган, эски үйлөр каз-катар тизилген шаарчада мектеп, кинотеатр же спортзалдар жок. Көзгө көрүнбөгөн тоннелдер менен бункерлерде кылмыштуу иштерге катышкандар жашырынып жүрөт. Ондогон клан ошол бир ууч турак жайдан кокаин падышалыгын түзүүгө жетишкен", - деп сүрөттөйт басылма.

108 киши дал ошол жерде кармалды. Алар маңзаттарынын аткезчилиги, арам акчаны адалдоо жана салык төлөөдөн качууга шек саналууда.

Германияда миңдей, Италияда 1400 полиция кызматкери жана атайын кызматтардын агенттери катышкан операцияда Бельгияда 13 киши кармалды. Дал ошол өлкөдө жана кошуна Нидерландда "Ндрангета" Латын Америкасынан кемелер менен алып келген кокаиндин көбү тараган.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын октябрынан 2022-жылдына башына чейин мафиялык уюм Европада 22 млн. доллар адалдаган. Ал операция негизинен кафе, тез татым жайлары, пиццериялар аркылуу жүргүзүлгөн.

Эң кызыгы мафиянын бетин ачууга пандемия кандайдыр бир деңгээлде жардам берген экен. Күч түзүмдөрү алардын жакшылап корголгон телефон байланышына кире алган. “Ндрангета” адатта чөнтөк телефондорду колдонбой, маселелерди көзмө-көз чечүүгө артыкчылык берчү, бирок коронавирус учурунда андай байланыш чектелип калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG