Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

"Бүгүн "Азаттык", эртең ким?". Сөз эркиндигинин абалы талкууда


Руслан Валитовдун "Сөз эркиндиги" аттуу карикатурасы. 2019-жыл.
Руслан Валитовдун "Сөз эркиндиги" аттуу карикатурасы. 2019-жыл.

3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү быйыл Кыргызстанда эркин медиаларга басым күчөп турган учурда белгиленип жатат.

"Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу райондук соттун чечими чыгып, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик телеканал менен соттошуп, кээ бир журналисттер ар кандай кылмыш ишине күнөөлүү деп табылып, айрым блогерлер камакта отурат. Президенттик аппарат журналисттер жөнүндө талаштуу жаңы мыйзам сунуштады.

Сөз эркиндигинин абалы

Кыргызстандагы медиа коомчулук өкүлдөрү, серепчилер бүгүн 3-майда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын, журналисттердин укугунун сакталышын такуулап жатышат. Бул жыйында "Азаттык Медиа" мекемеси боюнча чыккан сот чечимине байланыштуу да талкуу болот.

Мамлекеттик органдардан талкууга президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков чакырылган. Бирок ал аталган жыйынга барган жок.

Талкууга жергиликтүү адис-серепчилерден тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын башында алгач өлкөдөн соттун чечими менен күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров сүйлөдү. Ал мамлекеттик казынага кол салган коррупция жана башка мыйзамсыз иштер болбогон өлкөдө иликтөөчү журналисттерге да зарылчылык болбой турганын эскертип, мындай иштерди ашкерелеген журналисттер ишин уланта берерин кошумчалады.

Сөз эркиндиги боюнча талкуу. 3-май, 2023-жыл

Соттун “Азаттыкты" жабуу чечимине эл аралык коомчулуктун пикири

Кыргыз сотунун өлкөдө эркин медиа саналган “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечимине байланыштуу эл аралык белдүү уюмдардын көпчүлүгү тынчсыздануусун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве 3-майда борбор калаада сөз эркиндигинин абалы, журналисттердин укугу талкууланган жыйында “Азаттыктын” жабылышы жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине доо кетире турганын белгиледи.

“ЖМКлардын эркиндигин чектөө аракети бардык эле улутту жана анын туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Анткени бул инновациялык ойлорго, кайсы бир маселелерге карата конструктивдүү сындарга, альтернативдүү чечимдерге тоскоолдук жаратып, өнүгүүгө бут тосот”, - деди Граве.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү медиа мекеменин лицензиясын жокко чыгарган сот чечимин тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирип, жогорку инстанцияны апелляциялык арызды адилеттүү кароого чакырды.

“Өкүлчүлүк эркин, көз карандысыз жана плюралисттик жалпыга маалымдоо каражаттарын сактоо туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн демократия үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

1-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү тараткан.

Ал “кыргыз өкмөтүнүн эркин медиага жасаган одоно чабуулун, “Азаттыктын" ишин токтотуусун айыптай турганын, эркин ЖМКларды чектөө Конституцияга каршы келерин” айткан.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү таратты.

"Мен кыргыз өкмөтүнүн эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына жасаган одоно чабуулун, алардын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын ишин токтотуу аракетин айыптайм. “Азаттык” радиосу Кыргызстандын Конституциясы эркин басма сөз укугуна кепилдик берген жарандарга калыс жана көз карандысыз маалымат жеткирет. Эркин маалымат каражаттарын цензуралоо мүмкүн эмес жана Конституцияга каршы келет. Кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосун жабуу чечимин тезинен жокко чыгарып, “Азаттыктын” ишмердигине коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырам”, - деди ал.

Макколдун мындай билдирүүcү Өкүлдөр палатасынын расмий сайтына 1-майда жарыяланды.

АКШнын мамлекеттик департаменти да кыргыз бийлигине кайрылып, "Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирди. Анда “Азаттыкка” байланыштуу жагдай президент Садыр Жапаровдун сөз жана басма сөз эркиндигин сактоо тууралуу айтканынан шек жаратары белгиленген. Мамлекеттик департамент “Азаттыктын” сот чечимине каршы бере турган арызын кылдат жана калыс кароого чакырган.

Бул кайрылууга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн 3-майда жооп берип, "биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз" деген.

Анда ал “Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган” деп айтты.

“Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз каранды эмес, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланышат. Бардык уюмдар ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен жүргүзүшү зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз”, - деди Султанбаев.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин (Committee to Protect Journalists - CPJ) Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид “Азаттыкты” жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч туудура турганын айтып, сот чечимин айыптады.

Ушундай эле маанидеги билдирүүлөрүн жарыялаган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер комитети, Эл аралык Amnesty International (AI) уюму жана Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкты” сот чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырышты.

Ошондой эле жергиликтүү медиа коомчулук эркин басылманы жабуу аракети авторитаризмдин белгилерин күчөтүп, сөз эркиндигинин абалы начарлап жатканынын белгиси дешүүдө.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев эл аралык коомчулуктун билдирүүсүнүн маанисине токтолду.

“Тилекке каршы, акыркы кезде Кыргызстандын бийлиги эл аралык уюмдардын, топтордун үн катканына кулак салбай, анын эч кандай кесепети болбойт дегендей көз карашты карманып жатат. Албетте, бул адашуу. Акыркы мезгилде согуштун алкагында дүйнөдө адам укугу деген сыяктуу чоң темалар көтөрүлүп жатат. Жакынкы келечекте бул чоң мааниге ээ болот. Ушул кырдаалда Кыргызстан кандай баалуулуктар менен таанылып жатканы маанилүү. Кыргыз бийлиги саясий, экономикалык, инвестициялык кесепетин ойлонушу керек. Бирок, кыргызстандыктар үчүн азыр жана эртең кандай коомдо жашайбыз ошол маанилүү. Эркиндик дегендин орду кайда болот?”, - деген Эмилбек Жураев “сөз эркиндиги, демократия оболу коомчулукка абадай керек экенин түшүнүшү абзел" деп пикирин жыйынтыктады.

27-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай корпорация “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунун “чектен чыккан” чечимине каршы кийинки инстанцияга арыз берерин билдирген.

“Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деди Жейми Флай.

Алты айдан бери “Азаттыктын” сайты, банк эсеби бөгөттөлүп турат.

Ушул күндөрү дагы бир эркин медиа саналган “ПолитКлиниканы” жана анын журналисти Тыныстан Асыпбекти ЭлТР мамлекеттик телеканалы сотко берип, 10 млн. сом доо койду. Мамлекеттик канал “ПолитКлиниканын” 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген видеосуна байланыштуу сотко берген.

Кылмыш ишине “илинген” журналист, блогерлер

Азыркы бийликтин тушунда бир катар эркин журналист, блогерлер ар кандай кылмыш ишине айыпталып, айрымдары абакта отурат. Маселен, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Жакында эле эркин журналист Семетей Талас уулу эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилди. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке дагы колдонулду. 20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев “калайман башаламандык” беренесине айыпталып үй камагында. Сотто мамлекеттик айыптоочу блогерге алты жыл жаза мөөнөтүн сурап жатат.

Курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Болот Темиров былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аны маңзат жана чек ара айыптары боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган.

Жогоруда аты аталган журналисттердей эле бийликтин сындап жүргөн эркин журналист Айданбек Акмат, Эрлан Бекчоро жана блогер Атай Бейшенбек бир нече оор беренелерге айыпталып, алты айдан ашык убакыттан бери камакта жатат. Алар коомчулукта “Кемпир-Абад иши” деген ат менен белгилүү кылмыш ишине шек саналып жатышат. Журналист Аскер Сакыбаева мындай көрүнүштүн кесепетин эскертти.

“Сөз үчүн блогер, журналисттер камакта жатат. Ар түрдүү пикир айтылышы керек деген коом үчүн бул абдан коркунучтуу коңгуроо. Сөз эркиндиги – блогер же журналисттерге гана керек деп ойлошот. Эркиндик бардыгына бирдей тиешелүү. Бүгүн эркин пикири үчүн журналист, блогерди камап, басым болуп жатат. Эртең бизнес жана башка багыттарда эркиндикти чектөөнү күтө берсек болот”, - деди журналист.

Фейктер жүзүн ачты же ачык каралоо

Акыркы беш жылдын ичинде социалдык тармактарда эркин медиаларды атайын каралоо тенденциясы күчөдү. Журналисттер мындай “тролль фермалардын” артында ар кандай саясий күчтөр турарын иликтеп, далилдеп дагы беришкен. Интернеттеги маалымат манипуляциясын ашкерелеп келе жаткан журналист Асел Сооронбаеванын пикирин угалы.

“Азыр бийликти мактап, анын оппоненттерин каралап иштегенди кадыресе жумушка айланткандар бар. Фейк-аккаунт, ошол эле учурда өз баракчасы менен каралагандар күч алды. Ошол фейктер УТРКнын маалыматтарын гана бөлүшкөн учурлар бар. Бул социалдык тармактарда эмес, Ютубда дагы кетип жатат. Мындан сырткары этика, эрежени карманбаган сайттар дагы бийликти мактаган гана маалыматтар күчөдү. Мурда мынчалык болчу эмес. Азыр бир нерсе чыкса массалык түрдө бийликти мактап, каршылашын каралашат”, - деди Сооронбаева.

Талаш жараткан жаңы мыйзам

Ал арада президенттик администрациясы “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” жаңы мыйзам долбоорун даярдады. Ал мыйзам долбоору медиа коомчулуктун "журналисттердин ишмердигин чектөөгө багытталган" деген кескин сынына кабылып, президенттик администрация жумушчу топ түзүүгө макул болду. Бирок, жумушчу топ ушул күнгө чейин мунасага келе элек.

Жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков мындай деди.

“Бир пикирге келген жокпуз. Себеби эң жөнөкөй – биз берген сунуштарды кошкон жок. Эң негизи сунуш “бардык Интернет сайттар каттоодон өтүшү керек” дегенди алып салуу. 90% Орусиядан көчүрүлгөн мыйзам. Бирок, ал жакта дагы каттоо милдеттүү эмес. Бизде милдеттүү болушу керек деп жатышат. Булар бийликтин көңүлүнө жакпаган Интернет сайттарды каттабай коюшат”, - деди Аманбеков.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Салкын Сарногоева өлкөдө канча ЖМК иштеп жатканын билүү үчүн бул берене керек деп эсептейт.

Сөз эркиндиги боюнча бийликтин жообу

Кыргызстандын бийлиги сөз эркиндиги бар экенин ага жараша жоопкерчилик дагы болушу керек экенин айтып келет. 1-апрелде Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында ачылган “Сөз эркиндиги” аллеясына "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында 200 көчөт отургузулган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков иш-чаранын максаты "жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, мамлекеттик жана жеке медианын ортосунда байланыш түзүп, аны чыңдоо" экенин айтты.

Жакында эле президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берди. Анда кабарчы акыйкатчы Атыр Абдрахматованын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу суроо берген.

"Сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Ар ким өз пикирин каалагандай билдирет. Максим Горький атындагы гүлбак митингдердин аянты болуп калды. Ал жерде митингдер каалаган учурда өтүп жатат. Катышуучулар оюн эркин айтып, түз эфирлерге чыгууда. Алардын сөзүн журналисттер жана блогерлер таратып жатат. Бизде сөз эркиндигин кысмакка алуу жок. Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат. Ошондуктан ал жагдайды ошондой көрүп жатат. Анын карапайым адамдардын укугун коргогону байкалган эмес", - деген Султанбаев.

Ага чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 19-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөдөгү адам укуктары, сөз эркиндигинин абалы тууралуу баяндама жасаган. Депутаттар баяндаманы аягына чейин укпай, Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан алууну сунуштап чыгышкан. "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы бул тууралуу чечимин парламент төрагасына берген. Тармактык комитет фракциянын сунушун колдоп чыккан.

Журналистикадагы жаңы тенденциялар

Өлкөдө сөз эркиндигинин абалына карабай журналистикада жаңы тенденциялар пайда болууда. Ар кандай көйгөйлөрдү жеринде, курч сындар менен чагылдырган Улукбек Карыбек уулу, Ыдырыс Исаков сыяктуу эркин журналисттердин видеолору коомчулукта дайыма кызуу талкуу жаратат.

Элди медиа сабаттуулукка, адам укугу, экология көйгөйлөрүн көтөргөн “Баштан Башта”, “Баштаа” сыяктуу социалдык тармактардагы баракчалар миңдеген көрүүчүлөрдү топтошту. Андан сырткары иликтөөлөр менен алектенген “ПолитКлиника”, “Медиа Хаб”, фейк маалыматтарды ашкерелеген Bulak.kg сайты журналистикада дүйнөлүк тендециялардан артка калбай, ыкчам, так кабар таратып жатышат.

“ПолитКлиника” басылмасынын редактору Дилбар Алимова кандай гана басым болбосун сөз эркиндиги үчүн күрөш улана берерине ишенет.

“Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда коом баары бир эркин. Орусиянын ыкмаларын колдонуп басым жасоо бизге туура келбейт. Азыр кандай кысымга карабастан иликтөөгө кызыккан журналисттер анын далили. Дайыма мындай абал боло бербейт. Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү керек. Басымга карабай иштейбиз”, - деди Алимова.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

Эл аралык уюмдар, АКШ, Британия, Франция, Германия жана башка мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. Буга чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырган.

3-май - басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG