Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Казакстан менен Кытай БУУнун Орусияны сындаган резолюциясын колдоду


БУУ Башкы ассамблеясы.
БУУ Башкы ассамблеясы.

Казакстан менен Кытай БУУнун Башкы ассамблеясында Орусиянын Украинага басып киришин сындаган резолюцияны колдоп добуш берди. Буга чейин бул эки өлкө мындай резолюцияларда калыс турумду карманып келген.

“БУУ менен Европа Кеңешинин өнөктөштүгү” резолюциясын 122 мамлекет колдоду. Алардын арасында көбүнчө Орусиянын өнөктөшү деп сыпатталган Армения менен Индия да бар.

26-апрелде добушка коюлган документке Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Никарагуа жана Сирия каршы добуш берди. Ал эми 18 мамлекет калыс калды, алардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Ирак жана башкалар бар.

Резолюцияда "Орусиянын Украинага басып кириши", "Грузияга мурдагы агрессиясы", "Орусиянын жапа чеккендерге компенсация төлөп берүү милдети" өңдүү маселелер камтылган.

  • Европа Кеңеши – Евробиримдиктин структурасына кирбеген эл аралык уюм. Максаты – 46 мүчө-өлкөнүн арасында адам укуктарын коргоо, демократия, мыйзам үстөмдүгүн жана маданий байланыштарды чыңдоо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG