Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:02

Латын ариби: окумуштуулардын даярдыгы, президенттин сыны


Алфавит.
Алфавит.

20-апрелде президент Садыр Жапаров мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алып, кыргыз тилинин абалы, аны өнүктүрүү, колдонуу боюнча пикир алышты. Жолугушууда президент Осмоналиевди “кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды”.

Коомчулукта, басма сөздө көтөрүлүп келаткан латын арибине өтүү Кыргызстанда эмне себептен мындай кызуу реакция жаратты? Кириллица менен латын арибинин кайсынысы кыргыз тилине жакын?

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, президент Садыр Жапаров Каныбек Осмоналиевге “Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек” деген пикирин айткан.

Жолугушууда ошондой эле 2021-2025-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын жүзөгө ашыруу, мамлекеттик органдарда кыргыз тилин колдонууну жакшыртуу тууралуу сөз болгон. Президент кыргыз тилин колдоо, сактоо жана өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири деп белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Каныбек Осмоналиевге латын ариби боюнча эскертүү берди. 2023-жылдын 20-апрели. Бишкек. Сүрөт мамлекет башчысынын кеңсесиники.
Президент Садыр Жапаров Каныбек Осмоналиевге латын ариби боюнча эскертүү берди. 2023-жылдын 20-апрели. Бишкек. Сүрөт мамлекет башчысынын кеңсесиники.

Ошол эле маалда латын арибине өтүү азырынча эрте деген пикирин кескин айткан.

19-апрелде Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилди кызматтык тил катары кеңири колдонуу жана чиновниктердин кыргызча сүйлөп, иш кагаздарын кыргызча жүргүсүүсүнө талапты күчөткөн “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору талкууга алынган.

Суроолорго жооп берип жатып Каныбек Осмоналиев “эгер депутаттар жана президент саясий чечим кабыл алса латын арибине өтүүгө окумуштуулар, коомчулук даяр” деген жообун айткан болчу.

Тарыхтагы жазуулар

Кыргызстан акыркы 100 жылда төрт ирет жазма арибин өзгөрткөн. Өткөн кылымдын башында кат тааныгандар араб арибинде жазган жана кыргыз тилиндеги алгачкы гезит, китептер араб ариби менен басмадан чыккан. Кат-кабар дагы араб тамгасы менен жүргөн. Ишеналы Арабаев, Молдо Кылыч, Осмоналы Сыдыковдун калеминен жаралган китептер падышалык Орусияда 1917-жылкы февраль ыңкылабына чейин эле жарык көргөн.

1924-жылы тунгуч гезит “Эркин Тоо” да араб жазмасында кыргызча (1924-1928-жж.) жарыяланган. Кытайлык кыргыздар азыркыга чейин араб жазмасын колдонуп келишет.

Совет бийлигинин орношу менен 1928-жылдан 1940-жылга чейин Кыргызстандагы кыргыздар латын арибинде жазышкан. Бул убакта Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун жана башкалардын чыгармалары араб арибинде жарыяланган. Азыркы тапта Европада, Түркияда латын ариби ошол элдин жазмасынын негизги куралы болгондуктан ал жакта жашап, окуган кыргыздар латын арибинде жазышат.

Кирилл арибинен латын тамгасына өтүүнүн бир катар аспектилери бар, анын саясий жагы, кете турган каражат өлчөмү, билим берүүгө таасири, улуттун иденттүүлүгүнө таасири береби же жокпу деген суроо – бул иштин оңой жараян эместигинен кабар берет.

"Идея туура, бирок ишке кантип ашат?"

“Биздин тарых” коомунун жетекчиси, эксперт Чоробек Сааданбек латын арибине өтүү демилгеси жакшы болгону менен аны толугу менен турмушка ашырууазырынча мүмкүн эмес деген пикирде:

“Идея катары туура. Бирок, Кыргызстан аны ишке ашыра албайт. Кирилл азыр иштей берет, аны менен катар латын арибин дагы турмушта колдоно баштайбыз. Бул жерде ошол латын арибине өткөн мурдагы совет өлкөлөрүнүн тажрыйбасын карап көрсөк болот. Мисалы, Өзбекстандын бул жаатта жумуш баштаганына көп жыл болду, эми ал жактагы режимди, Ислам Каримовдун таасирин жакшы билебиз. Ал жакта деле улуу муундагылар кирилл тамгасынан баш тарта албай жүрөт, жаштар болсо латын арибинде окуп калышты, ошол себептен ортодо ажырым бар экен. Улуу муундагылар көп болгондуктан ал жакта кириллица басымдуулук кылат экен. Ошентип чейрек кылымда деле ошончолук бийликтин, акчанын кубаты менен Өзбекстан деле бул ишти аягына чыгара алган жок. Казакстанда жагдай башкача – ал жакта алдын ала даярдык болуп, так планы бар, каражат булактары дагы такталган. Латын арибин кабыл алганы менен кийин кошумча өзгөртүүлөрдү киргизди, баарыбир жылыш бар”.

Азыр талкууга алынып жаткан дагы бир маселе бул - кыргыз тилинин кудуретин латын ариби так көргөзүп бере алабы же кирилл ариби эле жетиштүүбү деген талаш. Бул боюнча филология илимдеринин доктору, профессор Венера Акматова мындай оюн ортого таштады:

“Латын араби кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн так, таамай, жакшы чагылдырат эле. Айтканда башка, жазганда башка болгон тыбыштарды белгилеп, тамга катары жазууда бир топ маселелер келип чыгып жатат. Бул демилге ишке ашса, кыргыз тилин үйрөнөм деген чет элдиктерге, кыргыз тилин билбегендерге бир катар жеңилдиктер болмок. Мен жеке өзүм латын арибине өтүүнү колдойм, анткени бүтүндөй дүйнөдө жаңы IT технология өнүгүп, ааламдык илим-билимге эртелеп интеграция болуш үчүн латын арибине өтүшүбүз керек. Ошол эле учурда өзүңөр билесиңер - ар кандай тобокелчиликтер жана тоскоолдуктар бар”.

Тил - чоң саясаттын бир бөлүгү

Профессор Венера Акматова бул маселенин саясий өңүтүн да белгиледи:

“Албетте, бул маселени Орусия эч убакта жактырбайт. Ага каршы өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот деп ишенимдүү айта алам. Анткени андай окуялар буга чейин болгон. Эсимде – мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков “латын арибине өтүшүбүз керек, мен аны колдойм” деп билдирген. Бирок кийин Москвага барганда орус гезиттеринин бирине маек берип жатып, ал пикирин өзгөрткөн болчу”.

Эксперт Чоробек Сааданбек да Кыргызстандын латын арибине өтүшүнө Орусия каршылыгын билдирет деген көз карашта:

“Орус мамлекети Кыргызстандын латын арибине өтүүсүн жактырбайт. Алар үчүн бул маселе азыр өтө көйгөйлүү болуп турат, анткени алар өзүнүн Кыргызстандагы таасирин жоготкусу келбейт. Ошондуктан Орусиядан кысым болбой турганын айта албайбыз”.

Башка бир окумуштуу, философия илимдеринин кандидаты, президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев латын арибине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошот деген аргументтер аны ынандырбай турганын айтты:

“Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө латын арибине өтүү иши өзүнүн бараандуу салымын кошот деген бир дагы олуттуу далил жок да. Далилдер кандай болуп жатат? Биринчи далил – “кошуналарыбыздын баары өттү”. Экинчи аргумент – “Түрк дүйнөсүндөбүз – түрктөр, азерилер латын арибинде жазып жатышат” деген сөз. Үчүнчү аргумент – “латын арибине өтсөк эле жаштарыбыз эртерээк англис, немис тилин билип, сүйлөп кетет” дешет. Бул айтылгандардын бирөө дагы мен үчүн ынанымдуу болбой жатат. Латын арибин 20 жылдай, ал эми кирилл тамгасын 80 жылдан ашуун колдонуппуз, эми 20 жылдык латын ариби тарых, 90 жылдык кирилл ариби тарых эмеспи? Менин оюмча муну жөн жерден саясатташтырып жатышат. Менимче, бул баягы (кирилл тамгасын) Орусия таңуулагансып, ал эми либералдык көз караштагы адамдар эле бул маселени саясий максатта көтөрүп жатабы деп ойлойм. Ал эми филология жагынан, тил маданияты жагынан, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагынан мунун эч кандай деле кажети жок”.

Алмазбек Акматалиев латын арибине өтүү демилгеси менен кыргыздардын улуттук иденттүүлүгү маселесин бир байланышта кароо дагы жетишсиз аргумент деп кошумчалады.

Тил экөө, мамлекет бирөө

Кыргызстанда мамлекеттик тил маселеси талылуу бойдон келатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил макамынна ээ. Былтыр Элдик курултайда Жогорку Кенештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалатуу зарылдыгын көтөргөн эле.

Буга Орусия думасындагы айрым депутаттар реакция жасап, андан көп өтпөй төрага Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен эки мамлекеттин ортосундагы алаканы талкуулаган.

Шакиевдин өзү мындай сөзү үчүн орус тилдүү бир катар маалымат каражаттарынын сынына кабылган.

Кыргызстанда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү акыркы кездерде кабыргасынан коюлуп келатат. Спикер Шакиев парламент аппаратында жыйын өткөрүп, мыйзам долбоорлору алгач түп нускада мамлекеттик тилде жазылышы зарылдыгын бир нече ирет айткан. Жогоруда аталган мыйзам күчүнө кирсе, мамлекеттик тилде сүйлөй жана жаза албаган кызматкерлерге мамлекеттик системада андан ары иштешине талап күчөмөкчү.

Акыркы беш жылдан бери мамлекеттик кызматкерлер тил билүү деңгээлин далилдеш максатында кыргыз тили боюнча сынактан өтүп келатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG