Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Уфада дагы бир мунай заводуна чабуул коюлуп, өрт тутанды

Уфадагы өрт. Башкырстан. 1-август, 2026-жыл.
Уфадагы өрт. Башкырстан. 1-август, 2026-жыл.

Орусияда 1-августта эртең менен Уфа шаарына украиналык учкучсуз аппараттар чабуул жасаганын Башкырстандын башчысы Радий Хабиров билдирди:

"Уфага багытталган кезектеги дрон чабуулунун мизин кайтардык. Атып түшүрүлгөн дрондун кулаган сыныктарынан улам өнөр жай аймагында түтүн пайда болду".

Украиналык мониторинг каналдары шаардагы өнөр жай аймагында чыккан бир нече өрттүн сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялашты.

"Аспекты" басылмасы окуя шаардын түндүк өнөр жай аймагында болгонун жазды:

"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамасында мунай иштетүүчү заводдордун үстүнөн жарылууга окшогон үндөр угулуп, коюу түтүн чыга баштаган", - деп маалымдады басылма.

Башкырстанда дрон коркунучу тууралуу ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:35те жарыяланган. Ошол эле учурда Орусиянын Федералдык аба транспорт агенттиги (Росавиация) Уфа аэропортунун иши убактылуу токтотулганын билдирген.

Astra басылмасынын OSINT аналитиги өрттүн сүрөттөрү менен видеолорун талдап чыгып, кара түтүн "Башнефть-Уфанефтехим" мунай иштетүүчү заводун каптаганын аныктаган.

Astra басылмасынын маалыматына ылайык, бул ишкана жылына 8,2 миллион тоннага чейин мунайды кайра иштетет. Ошондой эле мотор майын, мунай коксун, суюлтулган газ, күкүрт жана жыт берүүчү углеводороддорду чыгарат.

"Башнефть" компаниясы түндүк өнөр жай аймагында бири-бирине абдан жакын жайгашкан үч мунай иштетүүчү: "Башнефть-Уфанефтехим", "Башнефть-Новойл" жана "Башнефть-УНПЗ" заводдорун башкарат.

Уфадагы мунай иштетүүчү заводдор буга чейин чабуулга 25-июнда кабылган.

Украинанын Орусиядагы мунай иштетүүчү ишканаларга соккулары уланууда. Мунун кесепетинен Орусияда күйүүчү май тартыштыгы башталган.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG