Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ысык-Көлдүн жээгинде көлдү таза кармоого чакырган акция өткөрдү. Ал көлдүн жээгинде таштанды таштап кеткендер көп экенине кейип, тезинен чара көрүү зарылдыгын билдирди.
Колуна “Көлдү, тазалыкты сактайлы”, “Таштандыны, тамекини таштаба” деп жазылган плакаттарды кармаган укук коргоочу эс алуучуларды көлдү сактап калууга чакырды.
Кыргызстанда Ысык-Көлдүн экологиялык абалы боюнча маселе көтөрүлүп келет. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен көлдөгү балык кармоо үчүн жайылган торлорду алып чыгуу иштери башталып, уланууда.
Шерине