Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

ӨКМ Боомдогу "бир нече чакырымдык" тыгын боюнча маалымат берди

Коом капчыгайы. Архив сүрөт.
Коом капчыгайы. Архив сүрөт.

1-августка караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 139-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулап, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, жабыркагандар жок, түшкөн таштын көлөмү такталууда:

"Жерине Балыкчы шаардык ӨКБдан ыкчам топ, №10 ЖТИден бир жүктөгүч, бир манипулятор, КР ИИМдин ЖКККББдан бир экипаж тартылган. Тартылган техниканын жардамында унаа жол бир тараптуу ачылып, тазалоо иштери жүрүүдө".

Ишембиге караган түнкү саат экилерде Боом капчыгайында автоунаа кыймылы таптакыр токтоп, чоң тыгын пайда болгонун социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кабарлашкан.

Саат таңкы бешке чейин бир нече чакырымдык тыгын жаралганынын сүрөт, видеолорун жарыялашкан. (RK)


Шерине

XS
SM
MD
LG