Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Ысык-Көлдө "Формула-1 H2O" мелдеши расмий ачылды

Эл аралык суу-мотордук спорт союзу жарыялаган сүрөт.
Эл аралык суу-мотордук спорт союзу жарыялаган сүрөт.

1-август күнү Ысык-Көлдө "Формула-1 H2O" мелдешинин расмий ачылышы болду. Салтанатка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Эл аралык суу-мотордук спорт союзунун президенти Рафаэл Чулли, "Формула-1 H2O" мелдешинин негиздөөчүсү Никола Сан Жерман катышты.

РафаэльЧулли оюнду өткөрүүгө макулдугун берип, уюштурганы үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Андан кийин сүйлөгөн президент Жапаров "Формула-1 H2O" мелдеши эң жогорку категориядагы спорт оюндарынын бири экенин белгилеп, Ысык-Көл аталган мелдешке эң бийик тоолуу аянтча болуп жатканын айтты.

Буга чейин экологдор моторлуу кайыктардын жарышы Ысык-Көлдүн экосистемасына зыян келтире турганын айтып, коомчулукта талаш-талкуу жаралган. Ички иштер министрлиги аталган кайык жарыш тууралуу маалыматтарды таратууда этият болууга чакырып, экологиялык коопсуздукка тынчсызданган жарандардын билдирүүлөрүн “популисттик кадам” деп мүнөздөгөн.

Чемпионат алкагында мамлекеттик экологиялык экспертиза оң жыйынтык берген. Уюштуруучулар мелдешке чейин жана кийин төрт этап менен экологиялык мониторинг жүргүзүлөрүн убада кылышкан.(ZKo)



Шерине

XS
SM
MD
LG