VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн 700 ыктыярчы тартылат. Бул тууралуу оюндун Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Белек Үсөнбеков 31-июлда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ыктыярчыларды тандоо быйыл мартта башталган. 700 адам Кыргызстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да тандалып алынган.
Ыктыярчылар спорттук, маданий жана илимий иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт. Ошондой эле Көчмөндөр оюнунун ачылышын уюштурууга, келген конокторду, катышуучуларды - аэропорттордон, автобекеттерден жана чек арадан тосуп алууга жардамдашат.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августта башталып, 6-сентябрда жыйынтыкталат.
30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити да болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.(ZKo)
Шерине