Британия Кыргызстандагы мамлекеттик Processing KG компаниясына санкция салды. Бул компаниянын Орусиянын A7 тармагын SWIFT системасына альтернатива катары сүрөөнгө алып келген VexPay төлөм платформасы менен байланышы бар деп айтылат. «Кара тизмеге» Processing KG компаниясынын жетекчиси Улан Букабаев да киргизилди.
8-октябрда жарыяланган билдирүүдө Британиянын Тышкы иштер министрлиги Processing KG Орусиянын өкмөтүнө пайда алып келген же аны колдоого көмөк көрсөткөн экономикалык ишмердик жүргүзөт деп белгиледи. Компаниянын башкы түзүмү катары Кыргызстандын Финансы министрлиги көрсөтүлүп, ага байланышкан интернет-ресурстардын арасында vexpay.net сайты да аталган.
Британ бийлиги Улан Букабаевди Processing KG компаниясынын директору катары көрсөткөн. Санкциялардын алкагында ага падышалыкка кирүүгө тыюу салынат, ал эми Британиянын юрисдикциясындагы активдери камакка алынат.
Processing KG компаниясы аркылуу британдык каржы уюмдарына төлөм жүргүзүүгө жана аны менен корреспонденттик банктык мамиле түзүүгө да тыюу салат. Мындан тышкары Британиядагы интернет-провайдерлер, социалдык тармактар жана тиркемелерди жайылткан платформалар колдонуучулардын компаниянын сайттарын, тиркемелерин жана башка контентин пайдалануусуна чектөө боюнча чара көрүүгө тийиш.
Мындан тышкары Британия Кыргызстанда катталган Tokenspot жана Tsunami Payments компанияларына, Орусиянын «Планета» компаниясына, ошондой эле Cryptomus жана Heleket криптовалюта сервистерине байланыштуу канадалык Xeltox Enterprises компаниясына санкция салды.
Британ өкмөтүнүн маалыматы боюнча жаңы санкциялар үч криптовалюта биржасын жана эки төлөм платформасын камтыйт. Лондондун пикиринде, алардын экөө A7 тармагына байланыштуу транзакцияларды жүргүзгөн же аларды камсыздоого көмөк көрсөткөн. Британ бийлиги A7 эл аралык санкцияларды айланып өтүү үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн каржы инфраструктурасын пайдаланып жатат деп эсептейт. A7 буга чейин мыйзамсыз операцияларга катышкан деген айыптоолорду четке каккан.
Жалпысынан бул ирет Лондон санкциялык тизмеге 38 позицияны, анын ичинде орусиялык мунай компанияларын, криптовалюта платформаларын жана Орусиянын «көмүскө флотуна» кирет делген 12 танкерди кошту.
5-октябрда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги 40 компаниянын 16сынын ишмердүүлүгү токтотулганын, калгандарын текшерүү жүрүп жатканын жарыялаган.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Америкалык The New York Times (NYT) басылмасы жаңы иликтөөсүндө Орусиянын A7 каржы компаниясы Батыштын санкцияларын кыйгап өткөн эл аралык тармак түзгөнүн аныктап, Кыргызстан анын негизги бутактарынын бири экенин жазып чыккан. A7 компаниясынын артында теги молдовалык, кийин Орусияга качып кеткен Илан Шор турарын буга чейин да бир катар басылмалар жазган.
Кыргыз бийлиги мындай дооматты четке кагып, өлкө санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын жана согушка тиешеси бар товарларды экспорттобогонун билдирип келет.
Басылма ошондой эле Кыргызстанда соңку жылдары экономикалык өсүш болуп жатканы жана буга Украинадагы согуштан улам жаралган абал түрткү болгону тууралуу макала жазган. NYT Кыргызстан бул согушка байланыштуу Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатканы тууралуу иликтөөлөрдү да жарыялаган.
5-октябрда “Бишкек аренанын” ачылышына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасындагы соңку жылдардагы оң көрсөткүчтөр Украинадагы согушка байланыштуу эмес экенин билдирди.
Жапаров улуттук экономикадагы өсүш 2021-жылдан бери жогорулап жатканын, буга криминалга жана коррупцияга каршы күрөш түрткү бергенин айтты.
Шерине