Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

"Кооптонуу бар". Иркутскидеги кыргыз мигранттары эмне дейт?

Жугуштуу ооруларга каршы атайын кийимчен адис жана бейтап. Иллюстрациялык сүрөт.
Жугуштуу ооруларга каршы атайын кийимчен адис жана бейтап. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо тууралуу маалымат тараган соң “Азаттык” аймактагы кыргызстандык мигранттар менен байланышып, жериндеги абалды сурады. Алардын айтымында, күнүмдүк жашоо кадимки нугунда өтүп жатат. Бирок айрым адамдар этияттык үчүн беткап тагына баштаганы байкалууда.

Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо чыкканы тууралуу маалымат тарагандан бери бир жума өттү. Бул арада аймактагы айрым медициналык мекемелерде карантин чаралары киргизилгени тууралуу кабарлар жарыяланып, коңшу мамлекеттер чек арадагы санитардык көзөмөлдү күчөтө баштады. Бирок Орусиянын расмий бийлиги кара тумоонун жайылышы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Маалыматтар коомчулукта кооптонуу жараткан соң “Азаттык” Иркутск облусунда жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар менен байланышып, абалын сураштырды. Коопсуздук максатында маектештердин аты-жөнү өзгөртүлдү.

Иркутск облусунда көп жылдан бери эмгектенип жүргөн Калбүнүн (аты өзгөртүлдү) айтымында, аймакта жашоо кадимки нугунда уланууда. Бирок акыркы күндөрү этияттык чараларын көргөндөр көбөйгөнү байкалат.

“Бул жакта көп жылдан бери жашап, иштеп келебиз. Ар кандай маалыматтар WhatsApp группаларда жана социалдык тармактарда тарап жатат. Бирок ишкана, соода борборлору же коомдук жайлар кадимкидей эле иштеп жатат. Эл күнүмдүк турмушун улантууда. Болгону акыркы күндөрү айрым адамдар беткап тагына баштаганын байкадык. Уккан маалыматтарынан улам этият болуп жатышса керек”, – деди ал.

Дагы бир кыргызстандык Жанаранын (аты өзгөртүлдү) айтымында, карантин чаралары негизинен ооруканалардагы айрым бейтаптарга жана медициналык мекемелерге байланыштуу экени айтылууда.

“Ооруканага түшкөндөрдү жана алар менен байланышта болгондорду карантинге алып жатышат деген кептер бар. Мен кичинекей балам менен үйдө отурам. Зарыл учурда гана сыртка чыгам. Дүкөндөрдө, көчөлөрдө жашоо мурдагыдай эле уланып жатат. Кыргыздар арасында да өзгөчө дүрбөлөң жок. Бирок баары бир кооптонуу бар. “Жолдор жабылат экен”, “карантин күчөйт экен” деген сыяктуу сөздөрдү угуп калабыз. Ошентсе да эл кадимкидей эле жашап жатат. Бүгүн өзүм облустун борборуна барып, документ иштеримди бүтүрүп келдим. Баары мурдагыдай эле болуп жатат”, – деди ал.

Иркутск облусунда жашаган дагы бир кыргызстандык Айтмат (аты өзгөртүлдү) азырынча аймакта кеңири карантин киргизилгенин укпаганын айтты.

“Карантин жок. Жолдор жабылган эмес. Эл иштеп жүрөт. Тойлор дагы өтүп жатат. Өткөн ишембиде чоң той болду, андан кийин дагы чакан иш-чара уюштурулду. Эч кандай чектөө жок. 300-450дөй адам катышкан тойлор да болду. Азырынча эл арасында оорунун күчөп кеткенин байкаган жокпуз”, – деди ал.

Анын айтымында, кыргыз диаспорасына же мигранттарга жергиликтүү бийликтен атайын билдирүү же эскертүү келе элек.

Иркутск: "Кара тумоо" тууралуу маалыматтан кийинки кооптонуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Иркутск облусундагы кырдаалга байланыштуу маалыматтар илимий кызматкер Дарья Шипилованын өлүмүнөн кийин кеңири тарай баштаган.

Айрым маалымат каражаттары ал кара тумоо боюнча изилдөө жүргүзүлгөн лабораторияда иштеп жүрүп, кокус окуяга кабылганын жазышкан. Кийин ал дарыланып жаткан медициналык мекемеде карантин чаралары киргизилип, илимий институттун ондогон кызматкери обочолонууга жөнөтүлгөнү кабарланган.

Ошол эле учурда Орусиянын расмий органдары кара тумоо жайылганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, илимий кызматкердин өлүмү өпкөнүн сезгенишинен болгонун билдирүүдө.

Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун лабораториясы. Иркутск, архив.
Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун лабораториясы. Иркутск, архив.

Аймактагы окуя эл аралык деңгээлде да көңүл чордонунда болуп, бир катар мамлекеттер кырдаалга байкоо салып жатканы маалымдалды.

Азырынча Иркутск облусунда кара тумоонун жайылганын тастыктаган расмий маалымат жок. Бирок тараган кабарлардан улам аймактагы айрым жашоочулар беткап тагынып, санитардык коопсуздук чараларына көбүрөөк көңүл бура баштаганы байкалууда. Кыргыз мигранттары болсо азырынча күнүмдүк турмуш кадимки нугунда уланып жатканын айтууда.

Кыргызстанда мамлекеттик чек ара өткөрүү бекеттеринде алдын алуу чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлгөнү 5-октябрда расмий жарыяланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чаралар Орусияда кара тумоо (чума) катталганы тууралуу кабарлардан улам кабыл алынган. Бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлгөн.

Адистер чек арадан өтүп жаткан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү көзөмөлдөп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциялардын Кыргызстанга киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүп жатышканы айтылган.

Министрлик кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө экенин билдирген.

Кийин ушундай эле чечим Казакстанда кабыл алынган. Казакстандын Орусия менен чек арасы 7598 чакырымды түзөт.

Бишкек менен Астанага удаа эле Ташкент да чек арасындагы санитардык көзөмөлдү күчөтүп, тиешелүү кызматтардын даярдыгын жогорулаткан. Бул тууралуу Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жана коомдук саламаттык комитети билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 5-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо оорусуна шек жаралган окуя боюнча комментарий берген. Ал АКШ бийлиги бул окуяга көз салып турарын айткан.

Марко Рубио оорунун жайылышына байланыштуу тынчсыздануу бар экенин, ошондуктан алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, «дүрбөлөңгө негиз жок», бирок кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүү зарыл. Мамкатчы Орусия менен АКШнын ортосунда түз каттамдардын жоктугу дароо пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтарын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG