Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Лаборатория кызматкери каза тапты, 60тан ашуун киши обочодо. Иркутскидеги кара тумоо жөнүндө маалымат канчалык чын?

Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун лабораториясы. Иркутск, архив
Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун лабораториясы. Иркутск, архив

Орусияда кара тумоодон болушу ыктымал деген адам өлүмү тууралуу маалыматтан кийин Борбор Азиянын чек араларында санитардык көзөмөл күчөдү. АКШ да абалга жакындан көз салууда. Арийне, Орусия илимий кызматкердин кооптуу илдеттен көз жумганын жана лабораторияда кырсык болгонун четке кагууда.

АКШ маалыматтарга көз салууда

Орусиянын Иркутск облусунда 28 жаштагы лаборатория кызматкери каза болгондон кийин АКШ кара тумоо (чума) коркунучу тууралуу маалыматтарга көз салып жатат. Америкалык айрым саясатчылар Орусия менен аба каттамдарына жана сапарларга чектөө киргизүүгө чакырууда.

"Биз Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоодон болушу мүмкүн деп шектелген адам өлүмү тууралуу кабардарбыз. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) жана башка мекеме аралык өнөктөштөрүбүз менен бирге кырдаалга кылдат көз салып жатабыз", – деп билдирди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү 4-октябрда "Азаттык" радиосуна.

Мамлекеттик департамент Орусиянын бийлигин "так маалыматты тез арада жана ачык бөлүшүүгө" чакырды. Мекеме кара тумоо антибиотиктер менен дарыланарын жана дарылоо эрте башталганда анын натыйжалуулугу жогору болорун белгиледи.

АКШнын Саламаттык сактоо жана калкты тейлөө министрлиги да CDC (Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу мекемеси), Мамлекеттик департамент менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөп жатканын ырастаган. Ак үй Орусияда көрүлүп жаткан карантиндик чараларга көз салып, мүмкүн болгон жооп чараларын карап жатканы кабарланды.

Учурда АКШ менен Орусиянын ортосунда түз коммерциялык авиакаттамдар жок. Вашингтон бул окуяга байланыштуу кошумча саякат чектөөлөрүн жарыялай элек.

Иркутскиде эмне болду?

Дарья Шипилова
Дарья Шипилова

Көз карандысыз "Люди Байкала" басылмасы жана бир катар башка маалымат каражаттары тараткан версия боюнча, Иркутскидеги Кара тумоого каршы илимий изилдөө институтунун 28 жаштагы кызматкери Дарья Шипилова 25-сентябрда иш учурунда лабораториялык айнек түтүгүн (пробирка, идиш) кокусунан сындырып алган. Анда болжолу менен кара тумоонун таякчасы болгон. Шипилова 29-сентябрда Шелехов райондук ооруканасына жаткырылып, 2-октябрга караган түнү көз жумган.

Бирок айнек түтүк сынганы тууралуу версияны көз карандысыз булактар бышыктаган эмес. Роспотребнадзор муну четке кагып, институтта патогендик микроорганизмдер менен иштөө учурунда эч кандай кырсык катталбаганын билдирди.

Мекеменин расмий маалыматына ылайык, Шипиловага "этиологиясы аныкталбаган пневмония (өпкөнүн кагынуусу)" деген диагноз коюлган. Анын кесиптик ишмердиги эске алынып, жүргүзүлгөн кеңейтилген анализдерден жумушуна байланыштуу микроорганизмдер табылган эмес.

Ошол эле учурда анда пневмонияны эмне козгогону азырынча белгисиз бойдон калууда.

Институттун кызматкерлери жана бейтаптар обочолонду

Роспотребнадзор Иркутск, Шелехов жана жалпы облус боюнча санитардык-эпидемиологиялык абалды "туруктуу" деп мүнөздөп жатат. Бирок Шипилова каза болгондон кийин аймакта бир катар катаал алдын алуу чаралары көрүлдү.

"Сибирь.Реалиинин" эки булагынын маалыматына караганда, 2-октябрдан тартып Кара тумоого каршы институттун 60тан ашуун кызматкери мекеменин имаратында обочолонгон. Алардын айрымдары имараттан бир нече күн чыкпай камалып отурууга аргасыз болгону айтылууда.

Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институту. Иркутск
Кара тумоого каршы илимий-изилдөө институту. Иркутск

Мындан тышкары Шелехов райондук ооруканасындагы 114 бейтап карантинге алынганы кабарланды. Иркутскидеги айрым ооруканаларда, ошондой эле кеминде бир төрөт үйүндө чектөөлөр киргизилгенин "Люди Байкала" жазды.

2-октябрда Иркутскиге Роспотребнадзордун жетекчиси, Орусиянын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Анна Попова барган.

Роспотребнадзор эмне себептен институттагы ондогон кызматкерлерди обочолонтуу жана бир нече медициналык мекемеде чектөө киргизүү зарыл болгонун кеңири түшүндүргөн эмес.

Шипилова кара тумоонун козгогучун изилдеген

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Дарья Шипилова кара тумоонун козгогучу Yersinia pestis бактериясын изилдөөгө байланыштуу илимий иш жүргүзгөн.

2026-жылдын март айында ал Москвадагы инфекциялык оорулар боюнча бүткүл орусиялык конгрессте сунушталган Сибирдеги кара тумоонун табигый очокторунан алынган бактерияга, анын дары-дармекке туруштук берүү жөндөмү тууралуу илимий баяндаманын авторлорунун бири катары көрсөтүлгөн.

РЕН ТВнын маалыматына караганда, Шипилова Сибир, Монголия жана Алтайдагы табигый очоктордон алынган кара тумоонун козгогучтарын жана организмдин инфекцияга каршы иммундук реакциясын изилдеген.

Бирок анын бул изилдөөлөргө катышканы маркум лабораториялык кырсыкка байланыштуу каза болду дегенди далилдебейт.

Шипилованын мурдагы курсташтары жана кесиптештери анын коопсуздук эрежелерин бузуп, окуяны жашырып койгону тууралуу божомолдорду четке кагышууда. Алардын айтымында, институтта биринчи топтогу кооптуу микроорганизмдер менен иштегендерге коопсуздукту сактоонун катаал талаптары коюлат, кызматкерлер атайын коргоочу костюм кийишет жана лабораториялык тилкелерге кирүү чектелген.

Бурятиянын башчысы алгач "кара тумоо" деп атаган

Орусиянын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн арасында Шипилованын өлүмүнө байланыштуу "кара тумоо" деген сөздү ачык колдонгондордун бири - Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов болду.

Ал 2-октябрдагы билдирүүсүндө "Иркутск облусунда кара тумоодон каза болгон аял Бурятияга келген эмес" деп жазып, республикада кара тумоонун очогу жок экенин билдирген.

Кийин Цыденов билдирүүсүн "кара тумоодон каза тапкан болушу мүмкүн деген аял" деп оңдогон.

Ошол эле учурда Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев "өзгөчө кооптуу инфекцияга шек жаралганын" гана айтып, конкреттүү диагнозду атаган эмес.

АКШ: Орусияга чектөө киргизүүгө чакырыктар

Иркутскидеги окуя АКШда да саясий талкууну жаратты.

Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин мүчөсү, республикачы Дон Бэйкон Орусия буга чейин Украинадагы АКШ колдогон лабораторияларды биологиялык курал иштеп чыгууга айыптап келгенин эске салды.

"Украинага каршы чыккандардын "биолабораториялар" деп аталган жайлар тууралуу айтып жүргөнү эсимде. Бул Орусиянын жалган маалымат таратуу операцияларынын эң көрүнүктүү мисалдарынын бири болчу. Бирок чындыгында биолабораториялар Орусиянын өзүндө бар", – деп жазды Бэйкон социалдык тармакка.

Шереметьево аэропорту. Москва, архив
Шереметьево аэропорту. Москва, архив

Москва көптөн бери Вашингтон менен Киевди Украинада биологиялык куралдын үстүнөн иш жүргүзүүгө айыптап келет. АКШ менен Украина муну четке кагат жана мындай дооматтарды тастыктаган далилдер табылган эмес.

Ошол эле учурда СССР "кансыз согуш" маалында биологиялык курал боюнча жашыруун ири программа жүргүзгөнү белгилүү. Бирок Иркутскидеги азыркы окуянын биологиялык курал программасына тиешеси бар экенин көрсөткөн ачык далил жок.

Иллинойс штатынан мурдагы республикачы конгрессмен Адам Кинзингер кырдаал такталганга чейин Орусияга жана Орусиядан авиакаттамдарды токтотууга, ошондой эле орусиялык жарандардын башка мамлекеттерге кирүүсүн чектөөгө чакырды.

Кара тумоо кантип жугат?

Кара тумоону Yersinia pestis бактериясы козгойт. Ал табиятта негизинен кемирүүчүлөрдүн арасында тарайт, бактерияны бүргөлөр да жайылтышы мүмкүн.

Илдеттин өпкө формасы өзгөчө кооптуу болуп эсептелет, анткени ал чүчкүргөндө, жөтөлгөндө же сүйлөгөндө дем алуу органдарынан бөлүнгөн суюктук аркылуу адамдан адамга жугушу мүмкүн.

Оору тездик менен күчөшү ыктымал. Бирок антибиотик менен дарылоо эрте башталса, өтө натыйжалуу болот.

Шипилованын өлүмүнөн кийин обочолонгон институттун кызматкерлери, медицина кызматкерлери жана бейтаптар антибиотик алып жатканы тууралуу ачык маалымат жок.

Өпкө кара тумоосунун инкубациялык мөөнөтү көбүнчө кыска болот. CDCнин маалыматына ылайык, ал адатта бир күндөн үч күнгө чейин созулат. Орусиянын санитардык талаптарында кара тумоого чалдыккан адам менен байланышта болгондорду алты күн медициналык көзөмөлдө кармоо каралган.

Эмдөө толук кепилдик бербейт

Орусияда кара тумоонун алдын алуу үчүн Yersinia pestis бактериясынын алсыздандырылган штаммына негизделген тирүү вакцина колдонулат.

Шипилованын мурдагы курсташтарынын айтымында, институтта тажрыйба топтогон студенттер да кара тумоого каршы эмдөөдөн өтүшкөн.

Бирок вакцина инфекциядан 100 пайыз коргойт дегенди билдирбейт. Ошондуктан кооптуу материал менен иштеген болушу мүмкүн деп эмделген кызматкерлер да медициналык көзөмөлгө алынат.

Азырынча Дарья Шипилованын кара тумоодон каза болгону да, лабораторияда кырсык болгону да расмий тастыктала элек. Ошондой эле Иркутск же Шелеховдо кара тумоонун адамдар арасында жайылып жатканы тууралуу ырасталган маалымат жок. Ошол эле учурда ондогон кызматкердин изоляцияга алынышы жана бир катар ооруканаларда киргизилген карантиндик чаралар суроо жаратууда.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG