Иркутск облусунун Байкал шаарынын администрациясы Телеграм колдонуучусунун шаардыктарды кара тумоо (чума) тууралуу маалыматтарга байланыштуу Шелехов шаарына барбоого чакырган постун алдырганын "Люди Байкала" көз карандысыз басылмасы жазды.
Басылма мындан тышкары Орусиянын федералдык РЕН-ТВ телеканалы да Телеграмдагы ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны тууралуу маалыматын өчүргөнүн билдирди. Ага ылайык, соцтармакта чума тууралуу жалпы беш посттун баары өчүрүлгөн.
Иркутскинин губернатору Игорь Кобзев "коркунучтуу инфекция" тууралуу гана бир пост жайгаштырган, жума күнү ал өкмөткө бул тууралуу отчет берген. Орусиянын Саламаттык сактоо жана санитардык көзөмөл мекемелери чума илдети жукканы тууралуу маалымат берген эмес. Кобзев ишембиде Телеграмга Саламаттыкты сактоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Алла Самойлова менен жолугушканын жазды. Анда кезектеги текшерүүнүн жыйынтыгы жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү талкууланган. Постто чума тууралуу сөз жок. Комментарийлердеги кара тумоо тууралуу маалыматтарга эмне үчүн расмий комментарий берилбей жатканы тууралуу суроолорго губернатор жооп берген эмес.
Жума күнү Шелехов шаарынын мэри Максим Модин Телеграмда белгисиз инфекция тууралуу жазып, "маалымат такталарын жана сунуштар берилерин" убада кылганы менен, кийинчерээк "ушактарды жана туура эмес маалыматтарды таратпоого" чакырган пост гана жазган.
Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов да жума күнү "Макс" социалдык тармагына Иркутскиде чумадан киши өлгөнү тууралуу жазып, кийинчерээк ага "ыктымал" деген сөздү кошуп, жаңылаган.
Бул учурда Иркутскидеги жана Шелеховдогу аптекаларда антибиотиктер калбай калганын "Люди Байкала" жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып жазды.
Мурдараак Шелехов райондук ооруканасы бейтап аял кара тумоодон көз жумгандан кийин карантинге жабылганы кабарланган. "Люди Байкала" жана "Осторожно, новости" басылмалары маркум Иркутскидеги чумага каршы илим изилдөөчү институттун кызматкери, 28 жаштагы лаборант Дарья Шипилова экенин жазышкан. Журналисттер 2-октябрга чейинки убакытта ооруканага аны менен байланышта болгон 200дөй адам жаткырылганын белгилешүүдө. Бирок бул тууралуу бир да расмий маалымат жок.
Кара тумоо өпкөнү сезгентет. Оору аба, кол жана буюмдар аркылуу жугат.
Орусияда кара тумоо акыркы жолу 2016-жылы Алтайда катталган.
Шерине