Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:55

Ташиевдин тушунда мамлекетке өткөн мүлктөр кайда?

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

2020-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордон алынган жана мурда мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекетке өткөн мүлктөрдүн ачык-айкындыгы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү.

Алынган мүлктөр кайда кетти жана кимге берилди деген суроо конфискациялоо жараянынын башында турган УКМКны беш жыл жетектеген Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин айтыла баштаган. Өкмөт алары алган менен, айрым мүлктөр боюнча дагы эле чечүү жолун таппай турат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин маалымытана ылайык, 2021-2026-жылдары Кыргызстанда 1773 мүлк жана мүлктүк объектилер мамлекетке өткөн. Мекеме алардын 1618ин жарандар өз ыктыяры менен берген, 155и конфискацияланган деп жатат. Ушул мөөнөттө Камчыбек Ташиев башында турган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде мыйзамсыз берилген делген мүлктөрдү кайтарып алуу жараяны болуп, аймактарда да иштер кызуу жүргөн. Айрым ишкерлер мүлкү негизсиз эле алынып жатканын айтып чыгышкан. Эми ошол иштердин ачык-айкындыгына байланыштуу маселе улам көтөрүлө баштады.

Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы отурумунда депутат Элвира Сурабалдиева ак ниет сатып алуучулардын көйгөйүн көтөрдү.

“Ак ниет ээлик кылуучу деген мыйзамдарды бузбай сатып алды деген да туурабы? Эмнеге анда акыркы бир нече жыл боюнча арыз келип, ак ниет сатып алуучу болсок деле, мамлекеттин мүлктөрүн эң башында мыйзамсыз приватташтыргандар деле бар да. Аларды жоопко тартпай, миллиондоп карызга батып, миллиондогон акчага шаймандарды алып, канчалаган адамга иш берген биздикин тартып алды деп жатышат. Компенсация жок, камалып кеткен учурларыбыз болду дейт”.

Мамлекеттик мүлк агенттигинин директору Бексултан Токонов бул маселеге укук коргоо органдары менен сот гана кийлигише аларын белгиледи.

“Мамлекеттик мүлк агенттигинде мурда сатылган же менчиктештирилген мүлктү кайтаруу функциясы каралган эмес. Бизде анда ыйгарым укугубуз жок. Аны тергөө жана сот органдары гана ишке ашырат. Өз эрки менен өткөрүп берүү учурунда гана карап, кабыл алабыз. Калганын териштире турган сот жана укук коргоо органдары бар”.

Мүлк фонду өткөн беш жылда жеке жактардан алынган мүлктөрдүн 80% мамлекетке каларын айтууда. Калган 20% боюнча териштирүүлөр, тактоо иштери жүрүп жатканын түшүндүрдү. Өкмөт алардын көбүн ыктыярдуу түрдө берилген мүлк деп санаганы менен ишкерлер аны атайын кызматтын кызматкерлери күчкө салып тартып алышканы боюнча айтып келатышат. Мындай даттануу менен прокуратурага түшкөн арыздардын саны ондоп саналат.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Болот Сагынаев мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иши тандалма жүргөнү боюнча айтып чыкты.

“Тоң же Жети-Өгүз райондорунда менчикке чыгып кеткен 10-20 гектар жерлер бар. Алардын тааныштары болгону үчүн аларга эч ким тийген жок. Таанышы жок ак ниет сатып алуучулардын мүлкү алынып, үйүнөн чыгарылган учурлар көп”.

Укук коргоо органдары мамлекетке өткөргөн мүлктөрдү баалоо боюнча да эки-ача эсеп чыккан. Мисалы, кайсы бир мүлктү УКМК өткөрүп алган болсо, аны баалоо ишин да ошол мекеме өзү жүргүзүп, мүлк агенттигине нөл деген нарк менен өткөргөн. Агенттик аны аукционго чыгарганда атайын кызмат эсептеген баадан кыйла айырма болгон учурлар катталган.

“Сиздерде жеке компаниялар баалайт деп жатасыз. Ошол баалардын негизинде өлкөнүн экономикасы түзүлөт. Ал жерде баанын үчтөн экиси жок болуп жатса, ага ким жооп берет? Жарандар же компаниялар келип, 100 сомдук нерсени 100 мин сом десе, ошондой баада ала бересиздерби? Андай болбошу керек да. Ошого жол бердиңиздер. Ага ким жооп берет. Сурагым келгени, мындан ары мамлекетке келген мүлктөрдүн баасы ушул система менен кабыл ала бересиздерби? Сиздер укук коргоо органдарга туура эмес баалаган же аша чапкандар үчүн реакция болдубу? Сиз ошону моюндап жатасыз туура эмес болгон деп” – деди депутат Кубанычбек Самаков.

Мамлекеттик мүлк боюнча агенттик бул отурумда мүлктөрдү мамлекетке алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, анда буга чейинки көйгөйлөр эске алынганын айтууда.

Мүлктөрдү баалоо боюнча өкмөттөн чекилик кеткенин буга чейин президент Садыр Жапаров да белгилеп, УКМКнын мурдагы төрагасынын 4 миллиард доллар түштү дегенин төгүндөгөн.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2024-2026-жылдар аралыгында сатылган мүлктөрдүн жалпы баасы 27 миллиард 92 миллион сомдон ашкан. Мамлекетке өткөн дагы 438 мүлк агенттиктин карамагында турат.

Быйыл февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынары менен ага удаа УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков дагы иштен алынып, кармалып, камалган. "Эду" атка конгон Жакыпбеков коррупцияга каршы күрөш деп ишкерлерди текшерүү, камоо, "кустуруу" деген ат менен таанылган иштин башында туруп, мүлкүн, каражатын камакка алуу өңдүү айрым ири операцияларды жетектегени көптөн бери эл арасында айтылып келген. Ага каршы ондогон ишкер арыз жазып, айрымдары "мыйзамсыз" деген негиз менен мамлекетке кайтарылган мүлктөрүн Жакыпбеков менчиктеп алганына даттанышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-сентябрда коррупцияга шектелген Жакыпбеков баштаган төрт кишинин абактагы мөөнөтүн дагы узартты. Прокуратура тергөө ишинин жүрүшү боюнча маалымат бере элек. УКМК буга чейин мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде 96 кызматкерди жумуштан алып, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ташиевдин кетиши жана бир топ кызматкерлердин жоопко тартылганы менен мүлктүн кол тийбестиги толук жайыла элек дегендер бар.

“Кординалдуу өзгөрүп кетти деген маалыматым жок. Миндеген обьектилер боюнча соттор жүрүп жатат. Көп нерсе өзгөрдү деш кыйын. Соттор жүрүп жатат. Эгер ошол объектилерге эч ким тийбесе, беш жылда далай ишканалар курулмак. Ишкана кургандын ордуна ошол жерде соттук териштирүү жүрүп жатат. Убакыт сотко гана кетип жатат. Мамлекет так карап, чындап эле мыйзамдуу болсо, ишкерлерге тоскоолдук кылбай, ордуна коюп бериши керек деп ойлойм”, - деди экс-депутат, экономист Элдар Абакиров.

Ташиев кызматынан алынгандан көп өтпөй, президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарын жана жергиликтүү бийлик ээлерине ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койгон. Ташиев ишкерлерге карата мыйзамсыз аракет болгон деген боюнча комментарий бере элек.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG