Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

"Милицияга баш ийген эмес". Бишкекте балбан Рамоновдун кармалганы талкууда

Мурат Рамонов. Архив.
Мурат Рамонов. Архив.

Бишкекте айдоочу жол тескөөчүнүн талаптарына баш ийбей, сөгүнүп, орой мамиле кылганы тартылган видео соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты. Интернет колдонуучулар ал белгилүү кыргызстандык балбан Мурат Рамонов экенин айтып, кийин милициянын билдирүүсү бул маалыматты тастыктады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ал бейбаштык жана маңзатка байланыштуу кармалганын билдирди. Буга чейин Рамонов кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевге байланыштуу да кармалган. Соцтармактарда анын УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековго тиешеси бар дегендер болууда.

Таанымал спортчу, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу Мурат Рамоновдун кармалышы кызуу талкуу жаратты. 3-апрелде Бишкекте ал жол тескөөчүлөрү тоскондо токтобой кетип калганы, милиция кызматкерлери артынан кууп барып кармаганы түшүрүлгөн видео тараган.

Соцтармактарда бул адамдын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен байланышы бар дегендер болууда.

Айрым бир маалыматтарга караганда, "Эду" аткан конгон Жакыпбеков ишкерлерди текшерүү, камоо, "кустуруу" деген ат менен таанылган мүлкүн, каражатын камакка алуу өңдүү айрым ири операциялардын башында турган. Ага каршы ондогон ишкер арыз жазган.

Укук тартибин коргоо органдары Рамоновдун Жакыпбеков менен байланышын ырастаган жок.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков төмөнкүлөргө токтолду:

“Рамоновго окшогон спортчулар, чала спортчулар убагында уюшкан кылмыштуулукка аралашып кеткен учурлар көп болгон. Кээ бирлери саясий чөйрөдөгү топторго аралашып кеткен. “Эдуга” тиешеси бар же жок экенин териштирүү жүргүзүшсө көп нерсе ачыкка чыгышы мүмкүн. Азыр так айтуу кыйын”.

Бишкекте милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, орой мамиле жасаганы үчүн деп кармалган 36 жаштагы балбан катышкан окуя Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 3-апрель күнү саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон.

Жол тескөөчү «Li» үлгүсүндөгү унааны токтоткондо айдоочусу орой сөздөрдү колдонуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес.

Натыйжада айдоочу Республикалык психиатрия жана наркология борборунда медициналык кароодон өткөрүлүп, баңгизат колдонгону, мас абалында унаа айдап жүргөнү аныкталган.

Спортчу ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине ("Майда бейбаштык") ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен милициянын атайын кабыл алуу жайына үч суткага камакка алынган.

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ("Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, күрөң-жашыл түстөгү зат салынган ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат — гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланды.

Спортчунун жакындары же адвокаттары азырынча маалымат бере элек.

Укук бузуулар кодексине кошулган жаңы талаптарга ылайык, жол тескөөчүлөрдүн унааны токтотуу талабына баш ийбеген айдоочу кайра сынак тапшырууга милдеттендирилет.

Ал эми баңгизатты мыйзамсыз даярдоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамга 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Криминал темасын жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу социалдык тармактардагы баракчасына Рамоновдун бейнесин учкай жазды.

“Бул Мурат Рамонов деген борец да. Кыргызстандын бир нече жолку жана Азиянын чемпиону. Кийин Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда жүргөн. Жаңылбасам, кримавторитет Толик Осетиндин баласы болсо керек. 1990-2000-жылдары Толя дагы бир криматалык "Рустам Днепропетровский" менен жакшы мамиледе болгон. Ага убагында бир нече кол салуу болуп аман калган. Азыр кайда экенин билбейм. Ошон үчүн Мурат, Рустамдын инилери Анварлар жакшы мамиледе болсо керек".

Рамоновдун укук тартибин коргоо кызматкерлери менен жаңжалы Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү жана укук коргоо органдарынын таасирине байланыштуу маселени козгоду.

Соңку беш жылда бийлик өлкөдө криминалдык топтор толугу менен жок кылынганын айтып келет.

Ага карабай мамлекет бул ишти ырааттуу жүргүзүшү керектигин айтып коңгуроо каккандар бар.

Юрист Айдин Бакытбек уулу мындай деди:

“Мыйзамдын үстөмдүгүн бир эле орнотуп коюп эс алуу эмес. Аны орнотуу күн сайын жүрүп турчу күрөш десек болот. Күнүгө ар кандай күчтөр мамлекеттик мыйзамдык системадан тышкары параллелдүү бийлик жүргүзгүсү келет. Мамлекет муну менен күндө алек болуп, алдын алып турушу шарт. Болбосо бара-бара кош бийлик пайда болот. Бул дүйнөдө болуп келген практика. АКШнын Нью-Йорк штатында да бир учурда полиция укук коргоо органдарын сөккөндөрдөн баштап криминалга чейин аёосуз күрөш жүргүзүп, абалды жайгарган. Ал эми бул жигиттин жүрүм-турумуна укук коргоо органдары нөл сабырдуулук менен карап, дароо укуктук баа берип басышы керек. Болбосо дүйнөлүк коомчулукта туура эмес түшүнүп, Кыргызстанды алсыз өлкө деп ойлоп калышы мүмкүн”.

Мурат Рамонов Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, Азия оюндарында байгелүү орундарды ээлеген.

Ал Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовдун жардамчысы экени да айтылат. 2023-жылы октябрда УКМК аны кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы бар деп кармаган. 2024-жылы январда Рамонов УКМКнын сотко өтүнүчүнүн негизинде үй камагына чыккан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG