Мындай чечимди 16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылууда. Жакыпбековдун жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек.
Социалдык тармактарда аны сотко алып барганда "Эдунун кырк чоросу" атыккан кара кийимчен адамдарды көрүүгө болот. Айрым булактар алардын үстүнөн бир катар ишкерлерден арыздар келип түшкөнүн билдиришти.
Милиция Жакыпбековдун кишилери деп "Пито" жана "Вазелин" аттуу каймана аты бар УКМКнын тергөөчүлөрү кармалганын кабарлады.
Мындан тышкары Элдар Жакыпбековдун жездеси, Чүй облусунун ШИИБнин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Руфат Абдуразаков, жакын достору Балыкчы ИИБнын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-терөө кызматынын жетекчисинин орун басары Айзатбек Учбаев кызматтан алынганы белгилүү болду.
16-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоор Жумабеков дагы УКМКнын жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбековдун буйругу менен кызматтан алынды.
Элдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, социалдык тармактарда ал укук коргоо органынын эки кызматкеринин коштоосунда отурган сүрөтү тараган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Жакыпбековдун кармалганын 16-февралда ырастаган.
Элдар Жакыпбеков буга чейин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. 2025-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Анын өмүр таржымалы тууралуу ачык булактарда маалымат аз.
Бул кадрдык өзгөрүүлөрдүн артынан эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы алмашып, Элдар Жакыпбековдун ордуна Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов келгени айтылган. Бирок расмий маалымат бериле элек.
УКМКда жаңы реформа болобу?
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындаган.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы окуялар боюнча басма сөз жыйынын өткөрөрүн айтышкан. Бирок качан болору азырынча белгисиз.
16-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды. Эл өкүлдөрү маселени талкуусуз карап, суроо-жооп болгон жок.
Шабданбеков "Азаттыктын" атайын кызматта реформа болобу деген суроосуна "Керектүү реформалардын баары болот" деп кыска гана жооп берип, кеңири маалымат берген жок.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына жаңы келген Жумгалбек Шабданбеков тууралуу маалымат ачык булактарда өтө супсак.
Расмий документтерде анын 2020-жылдын октябрынан тартып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басары жана 9-кызматтын башчысы катары эмгектенип келгени жазылган. Шабданбеков учурда 55 жашта. 2022-жылы ага генерал-майор аскердик наамы ыйгарылган. Атайын кызматтын ардагерлеринин айтымында, чалгын жаатында жогорку билим алган адис.
Жапаров: “Маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла”
Президент Садыр Жапаров 16-февралда "Кабар" агенттигине курган маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди.
Ал досуна эс ал деп кеңеш бергенин, Ташиев кайра кызматка барбасын айткан. “Камчыбек Ташиев кетти, эми уюшкан кылмыштуу топ жана коррупция менен күрөш токтойт, криминал баш көтөрөт” деген айың кептер айтылып жатканы тууралуу суроого мындай жооп узаткан.
"Биринчиден, азыр бизде уюшкан кылмыштуу топ деген жок, мындан ары болбойт дагы. Албетте, кылмыш жасагандар болот. Кылмыш жасаган адамдар дүйнө жүзүндө бар. Аны эч ким таптаза кылып жок кыла албайт. Адам бар жерде баары болот. Бирок уюшкан кылмыштуу топ болуп, базарларда олтурган аялдарга чейин мурдагыдай “отметка” алып жүргөн “смотрящий, положенец” дегендер болбойт. Алардын баары азыр түрмөдө же чет өлкөлөп качып жүрүшөт. Эгер кайрадан Кыргызстанга мурдагыдай өздөрүнүн уурулук мыйзамдарын (воровской закон) орнотобуз деген криминалдар болсо жаңылышат. Кыргызстан – азыр башка Кыргызстан. 2020-жылга чейинки Кыргызстан, 2020-жылдан кийинки Кыргызстан деп бөлүп карашы керек, алар. 2020-жылдан кийинки бийлик – алар менен коюн-колтук алышпаган бийликпиз. Ошондуктан мындан ары уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Криминалды жок кылыш бизге кыйынга турган жок. Бир күндө тынчыттык. Ал эми коррупцияны беш жылдан бери жок кыла албай келе жатабыз. Кудай буюрса, келечекте коррупциянын пайызын болушунча азайтканга аракет кылабыз. Ага күч да акыл да жетет. Күч органдарына “Криминал, коррупция менен күрөшүүдө силерге жашыл жарык, болгону “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла” деп тапшырма бердим", - деген ал.
Маек жарык көргөндөн көп узабай Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасынын кадрлары деп айтылып жүргөн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди кызматтан бошоткону белгилүү болду.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабарга" 13-февралда да интервью берген.
Анда ал досун кызматтан алууга Жогорку Кеңеште "айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы?" деп бөлүп баштаганы” себеп болгонун айткан. Алар "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп айтышканын билдирген.
Садыр Жапаров кийин бөлүп-жаруу көчөдөгү "аксакалдарга" өтүп, алар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп, кол чогултуп, "жогорку жак менен макулдашылган", "Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду" деп баштаганын кошумчалаган.
Жапаров Ташиевди кызматтан албаса, бул иштердин аркасында мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, тирешүүгө чейин алып келүү коркунучу турганын айткан. Ошондой эле мамлекеттеги туруктуулук ал үчүн баарынан жогору экенин белгилеген.
Шерине