"75чилердин каты" боюнча кылмыш ишине байланыштуу бүгүн, 25-июнда уланган сотто айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө.
Алардын бири Курсан Асанов кайрылууга кол койгонун, бирок мыйзамсыз эч кандай аракет кылбаганын сотто айтканын анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыктын" кабарчысына билдирди:
"Курсан Асанов кайрылууга кол койгонун, башка мыйзамга туура келбеген эч кандай аракет кылбаганын билдирди. Тагылган айыптарды мойнуна албасын айтты. Толугу менен албайм деди", - деп айтты адвокат.
Жакупбекованын сөзүнө караганда, бүгүнкү отурумда айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү аяктайт, андан кийин негизги соттук териштирүүлөр башталат. Адовкат негизги күбөлөр жалпысынан суралып бүткөнүн, кошумча күбөлөрдү суроо боюнча сотко өтүнүч келтиришерин билдирди. Сот болжол менен августта аякташы ыктымал.
25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча жабык соттук отурум уланууда. Бул ишке байланыштуу соттук жараян аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү өтүп, ушул тапта күбөлөр суралып жатат.
Шектүүлөрдүн адвокаттары 11-июндагы жараянда ишти ачык кароо тууралуу өтүнүч берип, ал канааттандырылган жана 15-июндан баштап сот ачык өтүп, ага журналисттер да катышып, сүрөт-видеого тартып жаткан. 22-июнда прокурорлор сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирип, аны шектүүлөр Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдогон. Жыйынтыгында ишти карап жаткан судья Азирет Медеров сотту жабык өткөрүү чечимин кабыл алган.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
"75чилердин катына" байланыштуу соттук териштирүү кайрадан жабык өтөт. Бүгүнкү олтурумда иштеги негизги фигурунттар деп айыпталып жаткан Камчыбек Ташиев баштаган беш айыпталуучу сотто суралганы белгилүү болду. Бул иш 25-июнда кайрадан уланат.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин каты” боюнча парламентте айтылган сөздөрдү “жалган маалымат” деп баалады. Бул тууралуу ал 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып баратканда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.
Шерине