Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:36
Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев. Коллаж. ИИМ тараткан сүрөт.
Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев. Коллаж. ИИМ тараткан сүрөт.

Түз ободо "Жетимиш бешчилер" иши: Беш киши кармалды

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошотту. Бул чечимин ал "мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы биримдикти чыңдоо аракети" деп атады.

11-февралда Ташиев Жапаровдун чечими ал үчүн "өтө күтүүсүз" болгонун билдирди. Ал азыр Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экени маалым болгон.

УКМКнын төрагасынын милдетин Жумгалбек Шабданбеков аткарууда.

Президентин жарлыгы менен УКМК төрагасынын орун басарлары да кызматтан алынып, жаңылары дайындалды.

Чек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылды.

Байсалов Жапаров–Ташиев ажырымына 75 адамдын кайрылуусу негиз болгонун айтты


13:35

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирди.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост чыгарып, Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазды. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгиледи.

“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазды.

Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айтты.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан. Ал 11-февралда Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка жеткирилди.

11:00

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев парламенттин 11-февралдагы жыйынында президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди жумуштан алганы боюнча айтып чыкты. Ал 2006-жылдары “Ата-Журт” партиясы түзүлгөнүн, анын негиздөөчүлөрү Жапаров менен Ташиев болгонун эске салды.

Депутаттын пикиринде, бул тандем өлкөдөгү экономиканын өнүгүшүндө, чек ара маселелеринин чечилишинде маанилүү ролду ойноду.

"Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүүдө. Жумушта же биз да жакындарыбыз менен кээде түшүнбөй калган учурлар болот. Ошол үчүн мен эки досумду чакырат элем... Баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз. Алдыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту, экөө тең журт дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ошол үчүн парламент – биз дагы ушул күндөрү бөлүнбөй, ынтымакта туруп койсок, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот деп ишенем”, - деди Кыдыралиев.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.

Ташиев 11-февралдын таңында мындай чечим тууралуу үн катып, бул өтө күтүүсүз болгонун жана президенттин чечимин аткарууга милдеттүү экенин белгиледи.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

10:17

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уулу Арстан Талгарбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ИИМдин үч кызматкери 11-февралда Бекболот Талгарбековдун үйүнө барып, тинтүү жүргүзгөн. Кайсыл кылмыш ишине байланыштуу сурак берери тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

ИИМ азырынча комментарий бере элек.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул кайрылууну “коомчулукта, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайды жаратуу” аракети катары баалаган.

10:16

Кыргызстанда буга чейин УКМКнын курамында болуп келген 9-кызматтын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү.

Бул тууралуу жарлыккка президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койду. Маалыматка ылайык, Күзөт кызматы президентке баш ийет жана отчет берет. Ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыздайт.

Буга чейин бул функциянын УКМКнын алдындагы 9-кызмат аткарган жана атайын кызматтын төрагасына баш ийчү.

Анын алдында Садыр Жапаров Чек ара кызматын УКМКнын карамагынан чыгарып, өз алдынча орган катары түзгөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлгөн. Ошол учурда бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылган.

Өкмөттүн түзүмүндөгү мындай өзгөртүүлөр УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин жасалууда.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG