Ага удаа эле үч орун басары да кызматтан алынды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.
Президенттин жарлыгында Баш мыйзамдын "70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулганы айтылат.
Бул беренелерге ылайык, президент өз демилгеси же Жогорку Кеңеш, Улуттук курултайдын мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде өкмөт мүчөсүн жумуштан алууга укугу бар экени жазылган. Буга чейин парламент менен курултайдан Ташиевге байланыштуу сунуш түшпөгөнүн эске алганда бул президенттин өз демилгеси болгонун айтууга болот.
Президент Садыр Жапаров кыска комментарий берип, чечимин “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: “Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым”, - деди".
Аскат Алагөзов андан кийин мамлекет башчынын буга чейинки комментарийине түшүндүрмө берип, Фейсбуктагы баракчасына пост жазды.
“Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда”.
УКМКнын мурдагы төрагасы азырынча комментарий бере элек. Бирок анын жанында жүргөн ишенимдүү булактар "Азаттыкка" Ташиев кызматтан алынганын чет өлкөдөн укканын, бул чечим ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди.
Ушул тапта Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда экенин "Азаттык" Кыргызстандын Европадагы элчиликтеринин биринен тактады.
Журналист, генералдын тарапкерлеринин бири Мирлан Дүйшөнбаев Ташиевди кызматтан алуу бир эсе күтүүсүз, бир эсе "чыккынчылыкка тете" кадам болду дейт.
"Аябай күтүүсүз болду. Элдин кай бирлери жеңил шок алса, айрымдары катуу шок алды. Анын ичинен мен үчүн дагы күтүүсүз болду. Биринчиден, генерал-полковник Камчыбек Ташиев өлкөдө жок учурда ушундай чечим чыкканы таңкалычтуу. Мен билгенден ал киши учурда Германияда жүрөт, ошол өлкөдө жүрөгүнөн операция болгон. Бир сыйра медициналык кароодон өтүш үчүн ошол жакка барган экен. Ал киши өлкөдө жок кезде ушундай чечим чыкканы таңкалычтуу. Ал киши келгенден кийин деле сүйлөшүп, чечим чыгарса болот эле да. Президент аны кызматтан бошотууну коомдогу "бөлүнүп-жарылууга жол бербеш үчүн ушундай кадамга бардым" деп түшүндүргөн экен. Бирок мен муну УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кайсы бир деңгээлде айыптоо катары кабылдадым. Эгер ал чечмелөөгө карасак, Камчыбек Ташиев коомдогу кандайдыр бир бөлүнүп-жарылууга жол берген экен. Бирок мен билгенден Ташиев тескерисинче саясий стабилдүүлүктү, өлкө ичиндеги биримдикти камсыз кылууда зор иштерди аткарып жаткан. Муну эми саясий тандемдин бүтүшү катары да, достукка чыккынчылык, кыянатчылык катары дагы карасак болот. Себеби, досу жокто чечим чыгарганын башкача баалоого болбойт".
Мирлан Дүйшөнбаев саясий тандемдин бүтүшү менен Камчыбек Ташиев келерки президенттик шайлоого аттанып, досу, президент Садыр Жапаровго негизги атаандаш болот деген пикирде.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков кызматтан алуу Ташиев менен Жапаров компромисске келе албай калгандыгынан жана жакын арада болчу чоң саясий окуялардан кабар берет деди.
"Мага жеткен маалыматтар боюнча, 2020-жылы Жапаров бийликке келип, президент болуп жаткан кезде Ташиев менен Жапаровдун ортосунда кандайдыр бир ич ара сүйлөшүүлөр болгон. Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – кандайдыр бир убакыт ичинде Ташиев мырза дагы президент болуусу шартталган деген маалыматты уккам. Мүмкүн үч жылдан кийин, мүмкүн биринчи президенттик мөөнөттөн кийин ич ара келишимдин негизинде Ташиев мырзаны президент кылабыз деген шерттешүүлөр болгон деген ойдомун. Мына ошол шарттар бүгүн аткарылбаганына байланыштуу ушундай кескин, компромисске келе албаган жана саясий кризистин башаты боло турган саясий чечимдер болду деген ойдомун. Азыр саясий кризис болуп жатат деп айтсак деле болот. Кечээги экс-кызматкерлердин кайрылуусу, ага чейин конституциялык нормалардын талкуулоосу – мунун бардыгы жөн жерден чыккан жок. Мен буга чейин да айтып кеткем – мунун бардыгы саясий күрөштүн негизи жана башталышы деп. Бир нерсени баса белгилеп айта кетишим керек. Ташиев мырза беш жылда жөн эле чоң саясий кызматты ээлеп, жакшы тажрыйба топтогон жок. Ташиев мырза чыныгы мамлекеттик тажрыйба топтоду, ички жана тышкы акторлор менен байланыш түздү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта атайын аткаруучуларды өстүрдү. Саясатчыларды өстүрдү – кызматка, парламентке алып келди. Анан, эң башкысы, менин оюмча, чоң капитализация дагы болду. Себеби, каржы жагы чоң саясатта чоң ролду ойнойт. Ал маалыматтар эч жактан чыкпайт. Башкача айтканда, чоң саясатчы, чоң тажрыйбасы, чон капиталы, парламенттеги басымдуу колдоочулары, мамлекеттик-муниципалдык кызматтагы кызматкерлердин колдоосу менен бул абдан чоң оппонент жана чечилбеген чоң маселе. Мен бир эле нерсени айтайын, эмне үчүн Камчы Көлбаев нейтралдаштырылган? Мен жогоруда айтып кеткен факторлордун негизинде Камчы Көлбаев компромисске барбай койгондуктан жок кылынган. Ошондуктан, жакын арада өтө орчундуу жана өтө оор чечимдер кабыл алынат. Ташиев мырзанын дагы өзүнүн чоң пландары бардыр, ойлонуп жаткандыр. Ташиев мырза дагы түшүнүп турат, жакынкы шайлоодо президент болсо болду, болбосо ошону менен эч качан болбойт деген түшүнүк Ташиев мырзада дагы бар экенин ойлоп турам".
Саясат таануучу Эмилбек Жороев Фейсбук баракчасына акыркы саясий процесстер тууралуу минтип ой бөлүштү.
"Ташиевдин кызматтан алынышы жакындап келаткан, күтүлгөн нерсе болчу. Шайлоо жакындаган сайын, Конституциянын алкагында талашка түшкөн шайлоо мөөнөтү маселеси ал чечимди дагы шаштырды. Бирок, кантсе де, эртеби-кечпи, мындай чечим орун алмак. Эки достордун достугу канчалык бекем болбосун, саясатта - өзгөчө мындай эң жогорку деңгээлдеги саясатта - тандемдин өз мөөнөтү болот, узун эмес, кыска болот каадасынча. Беш жылдан ашкан тандем - өтө узак, бекем тандем болду. Мындан ары, ар кандай варианттар баары ачык, мүмкүн. Тилекке каршы, достук достук бойдон кала бериши күмөн. Бирок, бул саясий объективдүү кубулуш, буга кайгыруу керек эмес. Эң негизгиси - эки тарап тең жоопкерчилик менен, ар кандай тобокелчиликтерди эске алып, ырааттуу, конструктивдүү түрдө бул эпизоддон ары чыгып кетиши зарыл. Өздөрү - так ушул экөөнүн тандем күчү менен - орноткон, жетишкен стабилдүүлүктү бекем кармоого биринчи орунда кызыкдар болуусу зарыл".
Өлкөдөгү "№2 киши, "Доссекретарь"
58 жаштагы Камчыбек Ташиев мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата Журт", "Республика - Ата Журт", "Мекенчил" саясий партияларынын теңтөрагасы катары иштеп келген.
Садыр Жапаров 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президент болуп шайланган. Ал бийликке келери менен Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кылып дайындаган. Ал учурда Ташиев досу Жапаровду абактан чыгарып, өлкө башчылыкка алып келгенин айткан.
Учурда Германиядагы Кыргызстандын элчиси, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев парламент жыйынында Жапаровду досу "саясий Олимптин чокусуна жеткиргенин" белгилеп, Ташиевдин тарых алдындагы жоопкерчилиги Садыр Жапаровдукунан кем эмес экендигин айткан.
"Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын "доссекретарь" деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берип, жумуштан бошотсоң болот эле. "Доссекретарды" алмаштыра да, кутула да албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул, Садыр Нуркожоевич, сизге, сиздин командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нуркожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору".
Андан бери Ташиев атайын кызматты жетектөө менен өлкөдөгү коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш баштаган бир нече тармакта көзөмөлдөп келген. Саясий чөйрөдө Ташиевдин таасири өтө күчтүү болуп, бейрасмий номери экинчи адам деп айтылып келет.
Бул убакыт аралыгында Жапаров-Ташиев тандеми боюнча ар кыл талкуулар жүрүп, ал учурда эки саясатчы мамилеси мыкты экенин айтып келишкен. Акыркы жолу быйыл жыл башында Жапаровдун беш жылдыгына арналган даректүү тасмада Ташиев президент менен мамилеси абдан жакшы экенин айткан жайы бар.
Бирок бул кадрдык жүрүш соңку учурдагы президенттик шайлоону эртелей өткөрүүгө байланыштуу талкуулар күчөгөн учурга туш келди.
Президенттик шайлоо боюнча талкуу күчөгөн маалдагы отставка
9-февралда өлкөдөгү аттуу-баштуу 75 адамдын аты жазылган кайрылуу тараган. Алар учурдагы бийликти шайлоону тез арада өткөрүүгө чакырган.
Кайрылуу президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулуна багытталган.
Анда эң башкысы өлкөдө туруктуулук орногону, коңшулар менен чек ара маселеси чечилип, уюшкан кылмыштуу топ түп-тамыры менен жок болгону белгиленген.
Ал эми өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык жана жумушсуздук кедергисин тийгизип жатканы, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жаңы стимул керек экени айтылат.
Кайрылууда соңку учурда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча эки ача пикир бар экенине көңүл бурушкан:
"Жогоруда белгилеген өлкө алдыдагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз. Мындай кадам ар кандай талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын жана мүмкүн болгон Конституциялык сотко кайрылуулардын алдын алат деп ишенебиз", - деп айтылат кайрылууда.
Бирок айрым эксперттер мындай аракеттер тегин жерден чыгышы мүмкүн эмес экенин белгилешет.
2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.
Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген. Учурдагы президент Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышары буга чейин айтылган. Бирок соңку президенттик шайлоону эртелей өткөрүү боюнча сунуш жана талкуулар бул өнөктүктө күтүүсүз жагдайлар болобу деген суроолорго жем таштоодо.
Шерине