Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

УКМК реформасы. Атайын кызматты башкарууга келген Жумгалбек Шабданбеков ким?

Жумгалбек Шабданбеков президент Садыр Жапаровдун колунан генерал-майор наамын алган күн. 2022-жылдын 23-февралы.
Жумгалбек Шабданбеков президент Садыр Жапаровдун колунан генерал-майор наамын алган күн. 2022-жылдын 23-февралы.

УКМК төрагасынын милдетин убактылуу аткарууга дайындалган Жумгалбек Шабданбеков тууралуу айтып беребиз. Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, ошону менен бирге жогорку саясий жетекчилерди кайтарган 9-кызматты башкарып келген.

Буга чейин өлкөдөгү эң таасирдүү саналган органдын башына ким келди? 10-февралда президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алып, анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду милдетин аткаруучу кылып дайындалды. Шабданбековду бул кызматка бекитүү боюнча сунуш парламентте кийинки аптада каралары белгилүү болду.

"Шабданбеков деген ким?"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына жаңы келген Жумгалбек Шабданбеков тууралуу маалымат ачык булактарда өтө супсак. Расмий документтерде анын 2020-жылдын октябрынан тартып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басары жана 9-кызматтын башчысы катары эмгектенип келгени жазылган.

9-кызмат өлкөнүн президенти, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, өкмөт башчысы өңдүү жогорку саясий жетекчилерди жана экс-президенттерди кайтарган атайын макамдагы орган.

Шабданбеков учурда 55 жашта. 2022-жылы ага генерал-майор аскердик наамы ыйгарылган. Атайын кызматтын ардагерлеринин айтымында, ал чалгын жаатында жогорку билим алган адис.

Союз тарап, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Мамлекеттик күзөт кызматы өзүнчө мекеме катары иш алып барчу. Жакшы тааныган кесиптештеринин сөзүнө таянсак, Жумгалбек Шабданбеков башында УКМКда оперкызматкер жана бөлүмчөнүн башчысы болуп иштеп, кийин 2005-жылы 9-кызматка же Мамлекеттик күзөт кызматына которулган.

Ал кезде 9-кызматты жетектеп турган Артур Медетбеков кесиптешинин эмгек тажрыйбасын мындайча сыпаттайт:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“9-кызмат ал убакта Мамлекеттик күзөт кызматы (СГО) болчу. Ошол кызматта маалыматтык талдоо боюнча атайын башкармалык бар эле. Ал башкармалык жеке эле президент эмес, премьер-министр, Жогорку Кеңештин спикери, Жогорку сот, Конституциялык сот жана мамлекеттик объекттерди алдын ала террордук, экстремисттик, бандиттик топтордон же башка бир кылмышкерлерден коргоо боюнча ыкчам маалыматтарды топтоп, талдап, аларга карата иштерди жүргүзүп турчу. Шабданбеков ошол башкармалыктын башчысы болуп иштеген”.

Шабданбековдун ысымы 2005-жылдын октябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 60-сессиясына барган кыргыз делегациясынын тизмесинен кездешет. Анда ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин администрациясындагы коопсуздук боюнча жардамчы катары жазылган.

Ачык булактарда андан кийинки жылдары кандай кызматта иштегени жана кандай вазыйпаны аткарганы тууралуу маалымат кездешпейт. 2021-жылдан кийин эл аралык сапарларда да президент Садыр Жапаровду коштогон делегациялардын курамында ысымы аталып келди.

2020-жылдагы окуялардан кийинки президенттик шайлоодо талапкер Садыр Жапаровду үгүт жараянында мамлекеттик күзөт кызматкерлери кайтарып жүрөт деген кеп талкуу болгон. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы УКМКнын 9-кызматынын начальниги Жумгалбек Шабданбековго так маалымат берүүнү сурап кайрылган. Шабданбековдун кандай жооп бергени белгисиз.

УКМКнын жетекчилиги алмашкан соңку окуялардан улам айрым жергиликтүү маалымат каражаттары атайын кызмат реформаланып, эми өзүнүн негизги функцияларын аткарууга бет аларын, тагыраагы - чалгын, контрчалгын, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө багыт аларын жазышкан.

УКМК 12-февралда таркаткан маалыматта мекеменин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын белгилеген.

“Улуттук коопсуздук органдары мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана коомчулук алдындагы жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алып, өлкөнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында так иш алып барышат. Мекеменин негизги артыкчылыгы – улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, чакырыктарга жана коркунучтарга, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга жана башка коркунучтарга каршы туруу болуп саналат”, - деп жазылган УКМК таркаткан билдирүүдө.

Атайын кызмат ар кандай суроолор жана кооптонуулар мыйзам чегинде, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып гана чечилерин кошумчалаган.

УКМК чегинен чыгып кеткен беле?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башына 2020-жылдын октябрында Камчыбек Ташиев келгени терроризм-экстремизмден тарта жарандык коом, саясий талаа жана ишкер чөйрө менен да активдүү күрөш жүргүзүп келди. Ургаалдуу ишмердиктин натыйжасында өлкөдө баш көтөргөн саясатчы, ооз ачкан жарандык активист же эркин иштеген ишкер табыш кыйын болуп калган.

Коомдо "УКМК буга чейин элдин эсинде калгандай, кылмыш деп саналган бардык чөйрөгө кирип барып оңду-солду чапкан “жазалоочу” ишмердигин ошол тейде улантабы же кандайдыр бир өзгөрүүлөр күтүлөбү?" деген суроо коюлуп турат.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде атайын кызмат буга чейин өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып келгенин, мындан ары заман чакырыктарына жараша өзгөрүүлөр жасаларын билдирди:

“УКМК өзүнө жүктөлгөн миссияны толук аткарды. Айрым багыттарда аны ашыгы менен да аткарды десек болот. Бирок мамлекет деген тирүү организм, ал дайыма өсүп, өзгөрүп турушу керек. Кечээ улуттук коопсуздук алдында башка чакырыктар турса, бүгүн таптакыр башка чакырыктар турат. Ушул реалдуулуктарды эске алуу менен УКМКда сапаттуу, заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа жүргүзүлөт. Дүйнө өзгөрүп жатат, ошого жараша биздин мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл”.

Камчыбек Ташиев Германияда дарыланууда жүргөн кезде 10-февралда аны жана орун басарларын президент ыкчам чечимдери менен кызматтан алып, бир катар кадрдык жана түзүмдүк чечимдерди кабыл алгандан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин дарегине алгачкы сын ачык айтыла баштады.

Алгачкы сынды жогорку саясий жетекчиликтин өкүлү – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактар аркылуу жарыялады. Ал Кыргызстанда соңку жылдары эки анжы мезгил өкүм сүрүп, өзүнө ашкере таасирди топтоп алган коопсуздук кызматы мамлекеттик башкаруу системасынын принциптерин бузуп келгенин белгиледи.

“Соңку жылдары мамлекеттик башкаруу системасында – өкмөттө да, жер-жерлерде да белгилүү бир дисбаланс жаралып калган болчу, муну моюнга алышыбыз керек. Мамлекеттик коопсуздук органдарына айрым функциялардын ашкере топтолуп калышы бул түзүмдүн кээ бир өкүлдөрү өздөрүн мыйзамдын куралы катары кабылдабай, тартип үчүн күрөштүн аброюна жамынып алып ыйгарым укуктарынан чыгып кетип жана коомдо үшүн алуу жана куугунтуктоо атмосферасын түзүп калган болчу. Бул тема жарандык коомдун, ишкер чөйрөнүн жана жаштардын адилеттүү сынын жаратып жаткан. Жол берилген кыйшаюулар, алар кандай гана аруу ниеттер менен акталбасын, Конституциянын духуна туура келбейт. Кыргыз Республикасы – укуктук мамлекет жана ар бир жараныбыздын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын камсыздоодо бекем турууга милдеттүү. Кайсы бир органдын өзүнө жат укуктарды ыйгарып алган жана институционалдык дисбаланс жараткан мезгил артта калышы кажет”.

Эксперттик чөйрөдө соңку жылдары мамлекеттин бардык мекемелеринин коррупцияга батып калышы, наркобизнес менен уюшкан кылмыштуулуктун коолап-чайлап кетиши УКМКнын аларга каршы күрөштөгү демилгени колуна алышына себеп болгон деген жүйөлөр айтылат. Ошону менен катар, атайын кызматтын айрым иштери укук коргоо органдарынын аткара турган ишмердигине айкалышып кеткендиктен, коомчулукта карама-каршы пикирлер да жаралганын белгилешет.

Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков УКМК миссиясынын алкагынан чыгып кеткен учурларды четке какпай турганын, бирок бийлик өкүлдөрү өз маалында чара көрүүгө батынбаганын айтат.

“Эдил Байсалов эмне үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери иштеп атканда же ушундай окуялар болуп атканда айтып чыкпайт? Эмне үчүн ошондо өкмөткө сунуш киргизбейт? Бүгүн реформа башталып атканда эле чыга калып айтканы күмөндүү ойду жаратат. Экинчиден, албетте, укук коргоо органдарында, ошонун ичинде УКМКнын кызматкерлеринин айрымдары мыйзамды одоно бузган учурлары да болгон. Аша чаап кетип, кордук көрсөтүп, ар кандай туура эмес кылмыш иштерине чейин барган учурлар да болгон. Мындай учурлар мындан кийин дагы болушу ыктымал деген ой-пикирлер дагы деле болсо бар. Ошондуктан, кандай болбосун, акыркы убактагы болуп кеткен окуяларга ар тараптан көз караш кылып, ошонун негизинде ой жүгүртүп, талдап, анан чечим кабыл алсак жакшы болот".

УКМКны реформалоо сунушу саясий чөйрөдө да айтылып жатат.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов президент буга чейин колун байлап келген кош бийликтен арылып, эки тизгин бир чылбырды колуна алганын, эми анын алдында бардык мамлекеттик башкаруу системасын тең салмактаган реформаларды жүргүзүү чакырыгы турганын айтат:

"Дүйнөдө кандай мамлекет болбосун, реформа мамлекеттин жарандарына ылайыктуу кылып, ошолорго шарт түзүү максатында жасалат. Бизде кандай болуп калды? УКМК курулуш компанияларынын ичиндеги техникалык коопсуздукту карап калганга жетишти. Бала бакчадагы нан-чайларды карап калганга чейин кирип кетти. Мындай болбошу керек. Ошондуктан, реформа жалгыз УКМКда эмес, бардык мамлекеттик түзүмдөрдө жүрүп, элдин жашоо-шартын оңдоп-түздөп, жардам берүүгө багытталышы керек. Президент абсолюттук бийликти эми колуна алды. Эми реформаларды анык жасай турган мүмкүнчүлүк пайда болду. Мына, УКМКдан баштап, айрым кызматтарды өзүнчө бөлүп баштады. Бул кырдаалга жараша кабыл алынган чечим. Администрация өзү (өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов - ред.) айтып атат го "УКМК аша чаап кетти, монстрга айланды" деп. Мына ушундай аша чаап кеткен жерлерде ыйгарым укуктарын алып, кээ бирлерин кошуш керек".

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана анын үч орун басарын кызматтан алган чукул чечимдерин жарыялаган. Ал кезде Ташиев Германияда дарыланууда жүргөн, ал мындай чечимди "өтө күтүүсүз" деп атаган.

Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин саясий чөйрөдө жана коом арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин түп тамырынан реформалап, өзөктүк миссиясын аткаруу жолуна салуу зарылдыгы талкууланып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG