Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:46

УКМКнын Оштогу жетекчиси кызматтан алынганы кабарланды

Салмоор Жумабеков. Сүрөт интернеттен алынды.
Салмоор Жумабеков. Сүрөт интернеттен алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоор Жумабеков кызматынан алынды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" күч түзүмдөрүнөн кабарлашты. Ага ылайык, Жумабеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу Жумгалбек Шабданбековдун буйругу менен кызматтан алынган.

УКМК жана Башкы прокуратура азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан бошотулган. Ошол эле күнү мамлекет башчы УКМК төрагасынын үч орун басарын кызматтан алган.

14-февралда атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбеков кызматтан алынып, ордуна Улан Бийбосунов дайындалган. 15-февралда Элдар Жакыпбеков кармалган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG