Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:13

"Досум кызматка барбайт, эс алсын". Жапаров Ташиев тууралуу соңку жагдайды айтты

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине кезектеги интервьюсун берди. Анда ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен учурдагы мамилеси, түндүк-түштүк маселеси тууралуу суроолорго жооп берген.

“Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү”, - деди президент.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка барбай турганын жана экөө дос бойдон каларын кошумчалады.

"Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат", - деген Жапаров.

Жапаров "Жетимиш беш" саясатчынын кайрылуусу боюнча да жооп берип, эч кандай төңкөрүш болбой турганын, ага мыйзамдар жол бербесин айткан.

"Мыйзамдарды окушка баштары жетпеген үчүн ушундай жолдорду ойлоп табышкан. “Күч менен башкарам” деген Бакиев азыр кайда? Күч менен башкарып келген Атамбаев кайда? Биз өткөндөн сабак алганды үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдө төңкөрүш болчу акыбал жок дегеним, бир суткада 24 саат болсо, 20 сааты иш үстүндөмүн. Баарын көзөмөлдөп карап турам. Туура эмес иштер болуп аткан болсо, дароо тиешелүү министрлерге, акимдерге, губернаторлорго дароо тапшырма берип оңдотуп турам", - деп тарыхта калуу үчүн, урпактарынын алдында уят болбош үчүн иштеп жатканын белгилеген.

Жапаровго мындан тышкары "Камчыбек Ташиев иштен алынгандан кийин криминалдар баш көтөрүп кетпейби?" деген өнүттөгү суроо берилген.

"Биринчиден, азыр бизде уюшкан кылмыштуу топ деген жок, мындан ары болбойт дагы. Албетте, кылмыш жасагандар болот. Кылмыш жасаган адамдар дүйнө жүзүндө бар. Аны эч ким таптаза кылып жок кыла албайт. Адам бар жерде баары болот. Бирок уюшкан кылмыштуу топ болуп, базарларда отурган аялдарга чейин мурдакыдай “отметка” алып жүргөн “смотрящий, положенец” дегендер болбойт. Алардын баары азыр түрмөдө же чет өлкөлөп качып жүрүшөт. Эгер кайрадан Кыргызстанга мурдакыдай өздөрүнүн уурулук мыйзамдарын (воровской закон) орнотобуз деген криминалдар болсо жаңылат. Криминалды жок кылыш үчүн бизге кыйынга турган жок. Бир күндө тынчыттык. Күч органдарына “Криминал, коррупция менен күрөшүүдө силерге жашыл жарык, болгону “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла” деп тапшырма бердим.

Жемкорлук менен күрөш эч качан токтобосун, "керек болсо, коррупция жок деген Сингапур өлкөсүндө дагы 15-16 пайыз бар экенине" токтолгон.

Ташиевге жакын министрлер кызматтан кетти

Президент Камчыбек Ташиевдин кадры эсептелген адамдар кызматтан алына баштаганы тууралуу суроого "өз арызы менен кетип жаткандарды кармай албайбыз" деген.

"Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет. Уурдаган болсо жоопко тартылышат" деген ал.

Садыр Жапаров маек бергенден көп узабай, 16-февралда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевди кызматтан бошоткону белгилүү болду.

Булардын ичинен Сыргабаев менен Ажыкеевдин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин көп жылдардан берки санаалашы катары белгилүү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Акыл Токтобаев дайындалды. 39 жаштагы Токтобаев буга чейин аталган министрликтин алдындагы "Кыргыз геология" ишканасынын директору болуп эмгектенип келген.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Урматбек Шамырканов дайындалды. Ал бир топ жылдан бери бул министрликте орун басар болуп эмгектенчү.

Президенттин башка жарлыгы менен бул транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Солтобаев дайындалды. 43 жаштагы Солтобаев былтыр сентябрга чейин транспорт министринин орун басары болуп эмгектенген. Ал Нарын шаарындагы жолдун курулушунун кечеңдөөсүнө байланыштуу камакка алынып, кийин эркиндикке чыкканы белгилүү болгон.

Ташиевдин отставкасынан башталган соңку жагдай

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындаган.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы окуялар боюнча басма сөз жыйынын өткөрөрүн айтышкан. Бирок качан болору азырынча белгисиз.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ушул эле маалымат агенттигине 13-февралда да интервью берген.

Анда ал досун кызматтан алууга Жогорку Кеңеште "айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы" деп бөлүп баштаганы” себеп болгонун айткан. Алар "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп айтышканын билдирген.

Садыр Жапаров кийин бөлүп-жаруу көчөдөгү "аксакалдарга" өтүп, алар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп, кол чогултуп, "жогорку жак менен макулдашылган", "Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду" деп баштаганын кошумчалаган.

"Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн “ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар” дейбизби, айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан”, - деген президент.

Жапаров Ташиевди кызматтан албаса, бул иштердин аркасында мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, тирешүүгө чейин алып келүү коркунучу турганын айткан. Ошондой эле мамлекеттеги туруктуулук ал үчүн баарынан жогору экенин белгилеген.


Шерине

XS
SM
MD
LG