Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арызын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жаза элек. Бул тууралуу Боршайкомдон "Азаттыкка" маалымдашты.
"БШК 16-февралдагы отурумунда сегиз маселе карайт, алардын ичинде депутаттын мандатынан баш тартуу боюнча арызын кароо маселеси жок", - деп билдирди БШК мүчөсү.
16-февралда бир катар маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартууга даяр экенин, ал БШКга арыз жазууга даярданып жатканын кабарлашкан.
Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетип, муну Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан.
Анын ордуна депутат 44 жаштагы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Алмасбек Абытов ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирген.
Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо №15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон.
Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда да Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Нурланбек Тургунбек уулу 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген.
2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бир жылдай эмгектенген. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди. (ZKo)
Шерине