Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:15

"Эду жана анын кырк чоросу". Кармалган Элдар Жакыпбеков ким?

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.
Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын кызматта иштеп кеткен айрым адамдар "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шек саналып жатканын билдирди.

Аскердик прокуратура Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгы менен бир катар ыкчам иш-чараларды өткөргөнүн кабарлады. Бул маалыматта кимдир бирөөнүн аты-жөнү аталбай, канча адам кылмышка шек саналып жатканы тууралуу маалымат берилген эмес. Мунун алдында Аскердик прокуратура УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков коррупцияга шек саналып камакка алынганын билдирген. Көп өтпөй социалдык тармактарда Жакыпбековго жакын деген атайын кызматтын айрым кызматкерлери камалып жатканы, алар "Эдунун кырк чоросу" деген каймана ат менен таанымал атайын топ болгону тууралуу билдирүүлөр, видеолор чыкты.

УКМК тараткан билдирүүдө "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шек саналып бир катар кызматкер иштен алынганы жазылган. Бирок кимдир бирөөлөрдүн аты аталган эмес жана шектүүлөрдүн так саны белгисиз.

Маалыматта күч түзүмдөрүнүн ортосунда карама-каршылык жок экени белгиленген. УКМК коомчулукту расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча принципиалдуу кадрдык чечимдер кабыл алынды. Мыйзам бузууга жол берген адамдар ээлеген кызматынан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынын курамынан чыгарылды. Аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте акыркы укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди. Ээлеген кызматына карабастан ар бир кызматкер мыйзам алдында жеке жоопкерчилик тартат. Бийлик органдарына коомчулуктун ишенимин жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча иштер улантылат. Белгилей кетүүчү жагдай, айрым маалыматтык билдирүүлөр атайылап мекемелер аралык күч түзүмдөрүнүн ортосундагы карама-каршылык катары көрсөтүлүүдө. Мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди солгундатууга багытталган. Бардык күч жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде жана тыгыз өз ара аракеттенүү менен иш алып барышат, улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү милдеттерди жетекчиликке алышат. Мекемелер ортосунда жасалма түрдө конфликт образын жаратуу аракеттери деструктивдүү мүнөзгө ээ жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөйт. Жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана коомдук ишмерлерди расмий маалымат булактарына гана таянууга жана сабырдуулукту сактоого чакырабыз. Мамлекет катардагы ак ниетсиз кызматкерлерди тазалоо, тартипти чыңдоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу багытындагы саясатты ырааттуу жүргүзөт", - деп жазылган маалыматта.


Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан кийин анын орун басарлары жана атайын кызматтын облустардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери иштен кеткен. Алардын арасында УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков дагы болгон.

Аскер прокуратурасы Жакыпбеков коррупцияга байланыштуу шек саналып жатканын, камакка алынганын ырастаган. Муну менен кошо социалдык тармактарда УКМКнын ага жакын деген айрым кызматкерлерин комуфляжчан, бети чүмбөттөлгөн адамдар күч менен кармап жатканы тартылган видеолор тараган. Кармалгандар "Эдунун кырк чоросу" деген ат менен таанымал Жакыпбековго жакын кызматкерлердин тобу экени айтылган.

Соңку кездери Элдар Жакыпбеков тууралуу тар чөйрөдө, ишкерлер арасында көп сөз болуп жаткан. Айрым бир маалыматтарга караганда, Жакыпбеков ишкерлерди текшерүү, камоо, "кустуруу" деген ат менен таанылган мүлкүн, каражатын камакка алуу өңдүү айрым ири операциялардын башында турган. Ага каршы ондогон ишкер арыз жазган.

Интернеттеги ачык маалыматтарга караганда, ал УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. Былтыр декабрда эле атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Элдар Жакыпбековдон жабыркаганы тууралуу жазышты. "Азаттык" алардын кээ бири менен байланышты, бирок алар сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

Азырынча Жакыпбековдун жакындары, жактоочусу соңку окуяларга байланыштуу үн ката элек. Анын бир тууганы Айвар Жакыпбек уулу 2022-жылдан тартып "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Нарындагы бөлүмүн жетектеп келген. Дагы башка туугандары, жоро-жолдоштору дагы маанилүү кызматтарга барган.

Соцтармактарда атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык кымбат баалуу машина Элдар Жакыпбековдун бир тууган агасынын үйүнөн табылганы тууралуу маалыматтар дагы пайда болду. Муну Нарын шаарындагы активист Асылбек Орозбаев дагы айтып чыкты. Бирок бул маалыматтар учурда расмий түрдө тактала элек. Аскер прокуратурасы буга байланыштуу азырынча комментарий берген жок.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Элдар Жакыпбеков Нарын шаарына мечит салдыртып берген.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып Жакыпбеков тууралуу сөздөргө анын буга чейинки жетекчилери түшүндүрмө бериши керектигин айтты:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Элдар Жакыпбеков ишин опер болуудан баштаган. Улуттук коопсуздук кызматкерлери арасында ага өзүнчө "Эду" деген ат берип, эмнегедир өзүн кандайдыр бир деңгээлде барон сезип, ага ошондой мамиле жасалып жүргөн. Анын аты чуулгандуу иштерде аталып, Жакыпбековдун жоопко тартылышын талап кылып президентке кайрылган мисалдар да болгон. Албетте, бул боюнча аскер прокурору иш козгоп, иш алып барууда. Бирок азыр соцтармактарда ушул боюнча көптөгөн негативдүү материалдар чыгып жатат. Эми мунун баары териштирилип, иши сотко өтсө, ошондо гана анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени билинет. Элдар Жакыпбековго байланыштуу дагы башка кызматкерлер тууралуу айрым массалык маалымат каражаттарында негативдүү, ыплас материалдар чыга баштады. Бир чети бул УКМКнын аброюна шек келтирүү менен бирге ага кандайдыр бир маалымат талаасында согуш жарыялагандай сезим пайда боло баштады. УКМК кызматкерлери, жетекчилери кармалып, соттолгон учурлар да болгон. Керек болсо өлкөнүн мурдагы президентинен өйдө камалып соттолгон. "Элдар Жакыпбековдун "кырк чоросу" болгон, бандиттер менен аралашкан, ар кандай жаман иштерге барган" деген маалыматтар чыгып жатат. Бирок мунун баары териштирилип, тергөө органдары так аныктап, соттун өкүмү чыккандан кийин айтыш керек. Азыр эми ал Ташиевдин "оң колу, сол колу" болгон дегендей сөздөр айтылып жатат. Экөөнүн ортосунда кандай мамиле, кандай кызматтык мамиле болгону бизге так белгисиз. Бирок кандай болгондо да Ташиев бийликте турганда ушундай кызматтарда турганы, карьерасы жогорулаганы белгилүү болуп калбадыбы. Ташиев буга чейин басма сөз жыйынын өткөрөт деп айтылып жаткан. Ошол учурду күтүп туралы, ошондо, балким көп нерсе белгилүү болот".

Ташиев кызматта турганда коррупцияга каршы күрөштүн негизинде жалпысынан 300 миллиард сомдон ашык каражат, мал-мүлк, миңдеген гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирген. Былтыр паракорчулукка каршы күрөш жоон топ аткаминерлерди камап-кармоо менен коштолгон.

Талдоочу Эдил Марлис уулу соңку окуяларга комментарий берип жатып камап-кармоо менен коштолгон операцияларды шөкөттөп таратуу уланып жатканын айтты.

Эдил Марлис уулу
Эдил Марлис уулу

"Кыргызстандагы эки күч структурасын тирештирүү, бири-бирине каршы тукуруу бир оюндун бөлүгү сымал болуп жатат. Анан өч алуу деген маселеге келсек, азыр ошондой көрүнүп жатат. Бирок соңку беш жылдан бери УКМКда өзүнчө бир стандарт пайда болгон. Ташиев мырзанын жасаган иштерин, жумушун аябай кооз кылып көргөзөбүз, элге жеткиребиз деп ар бир камакка алууну, ар бир операцияны шоу кылып келишкен. Буга чейин мынчалык болгон эмес. Мен милициянын жогорку мектебинде окугам, бизди окутканда дагы ар бир нерсенин өзүнүн ыгы бар деп окутушкан. Кандай кармалышы керек, кандай нерселер колдонулушу керек деген нерселер бар. Төрт-беш жылдан бери эле аша чапкандык болуп, мындай шоуга айлантып келишкен да. Азыр ошонун уландысы болуп жатат. Сөзсүз эле ИИМ УКМКдан алып жатат деген нерсе эмес. Анчалык деле ИИМге залакасы тийген эмес. Бул жерде УКМК түптөгөн стандарттын уландысы гана болуп жатат. Негизи УКМК кызматкерлери орусча айтканда "штучный товар" болуп саналат. Ар бир кызматкерди он жылдап даярдашат. Алардын айрымдары кармалганда бетин ачык көргөзгөндүн өзү эле чоң ката. Эртеңки күнү алардын күнөөсү далилденбесе, кайсы бир иштерге тиешеси жок болуп чыкса, ал адам кайра бул кызматка келип иштей албайт. Анткени алардын жүзү таанылып калат. Ушундай нерселер эске алынбай жатат. Бул жерде УКМКны жаманатты кылуу аракети деле жок. Жанагыдай эле "маски шоулардын" уландысы. Беш жылдан бери УКМКнын басма сөз кызматы тараткан видеолорду музыка менен коштоп, роликтерди аябай сапаттуу даярдап, жакшылап монтаждап таратып келишпедиби. Бирок бул жерден мамлекетке доо кетип жатканын эч ким көңүлгө албай жатат. Кызматкер - бул мамлекеттин жүзү".

Буга чейин Садыр Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу маегинде күч органдарына "криминал, коррупция менен күрөшүүдө “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла" деп тапшырма бергенин билдирген.

Ал арада УКМК козгогон бир катар резонанстуу иштер кайрадан каралашы керек деген пикирлер дагы айтыла баштады.

УКМКнын жаңы төрагалыгына көрсөтүлгөн Жумгалбек Шабданбеков парламентте "Азаттыктын" суроосуна кыска жооп берип, "бардык керектүү реформалар" ишке ашырыларын убада кылды. Бирок кандай реформалар экенин тактаган жок.

Жарандык активист Мукай Керимбаев болсо атайын кызматтын беш жылдык иши жокко чыгарылбашы керек деген оюн айтты.

"Андай-мындай экен деп айтыш азыр өзү кыйын болуп турат. Эми УКМК акыркы беш жылда кандай жакшы иштерди жасады, аны коомчулук көрдү да. Баягы, биздин элдин менталитетинде деле бар да, кеткенден кийин дароо баса калышат. Жасалган иштердин баарын жокко чыгарганга аракет жасашат. Баарын тергөө көрсөтөт, күтө туралы. Ишти тергеп жаткан органдар жыйынтык чыгаргандан кийин бир нерсе айтса болот. Эл оозунда элек жок. Ошон үчүн бардыгын талдап, таразалап, анан кабыл алышыбыз керек".

Ушул тушта УКМКнын мурдагы жетекчилеринин бири Салмоор Жумабеков тууралуу дагы көп сөздөр айтыла баштады. Ал буга чейин УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгын жетектеп келген. Ага чейин Бишкек шаарындагы бөлүмүн башкарган.

Анын аты коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон Райымбек Матраимов кармалганда коомчулукка белгилүү болгон. Аны кармоо операциясы тартылган сүрөттөрдө Салмоор Жумабеков Матраимовду жандап турган. Ал өлкөдөгү белгилүү травматолог Сабыр Жумабековдун уулу экени, атасы убагында Райымбек Матраимов менен жакшы мамиледе болгону айтылган.

Акылбек Намазов.
Акылбек Намазов.

Ал тапта Камчыбек Ташиевдин артынан УКМКнын жетекчилигинде өзгөрүүлөр токтой элек. Буга чейин атайын кызматтын төрагасынын үч орун басары алмашса, 17-февралда төртүнчүсү Тимур Шабданбеков кызматтан алынып, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды. 55 жаштагы Намазов буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Мындан сырткары УКМКнын бардык облустардагы башкармалыктарындагы жетекчилер алмашканы маалым болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG