Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

УКМК реформасы: Бийликтин аракети айтканына дал келүүдөбү?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы имараты.

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш иши алкагында беш адам камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Атайын кызматта жетекчиси Камчыбек Ташиев кеткенден бери камоолор токтой элек.

Бийлик олуттуу реформа жүрүп, аталган орган өз функционалдык милдеттерин так аткарууга өтөрүн, саясаттан эми алыс болорун билдирген эле. Бул реформанын кереги жок деп сындагандар да болууда. УКМКны алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүп турат? Дагы кандай камоолор болушу ыктымал?

Өткөн аптанын соңунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) маалымат таратып, бул кызматтын Бишкек шаардык кеңсесин мурда башкарып, февралда камакка алынган Элдар Жакыпбековдун кылмыш ишине байланыштуу беш адам кармалганын кабарлады.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына жана шаардын тергөө абагына (СИЗО-1) камалышкан.

Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча УКМК ички иликтөө жүргүзүп, алты адам атайын кызмат системасынан кетирилди, дагы алтоо ээлеген кызматынан бошотулду. Сегиз кызматкер тартип жазасына тартылды.

УКМК тараткан маалыматта Жакыпбеков баштаган адамдар баюу максатында туруктуу коррупциялык топ түзгөнү айтылат.

Мындан сырткары Элдар Жакыпбековдун жакын досу делген Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев кармалып, 15-апрелге чейин камакка алынганы белгилүү болду.

Мындай жол менен атайын кызматтын катарын тазалоо иши жүрүп жатканын коомчулукка жарыялагандай болду.

Бирок коомчулукта УКМКнын реформасы кандай болушу керек деген талкуу дале болсо жүрүп жатат.

"Баткендеги болгон мүлкүмдү алып койгон". Адилеттик издеген ишкерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00

"Кармоолор УКМКнын башка кызматкерлерине сабак болду"

Коопсуздук органынын мурдагы жетекчи орун басары Артур Медетбеков соңку кармоолор атайын башка кызматкерлерге сабак катары көрсөтүлүп жатат деген пикирде:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

"Бүгүнкү күндө УКМКда реформа жүргүзүлүп, орган багыттарын өзгөртөт деп эл байкоо салып отурат. УКМКнын азыр 80-90% кызматкерлери өз ишин билген, кесипкөй адамдар. Азыр ошондуктан Эду менен байланышкан окуя аларга да көлөкө түшүрүп жатышы алар үчүн да жакшы эмес. Ошондуктан эми атайын кызматтын адистери ак ниет кызмат кылып, ушундай окуялардан оолак иштегенге аракет кылышат, бул турган иш. Ал эми Эдунун тегерегинде, ал Чүйдө жетекчи болуп, анан шаарга келгенде көптөгөн адамдар жабыркаганы эми чыгып атат, алар арыз жазууда. Ал ошондой эле Ташиевдин жакын адамы экени айтылып атат. Андан сырткары коррупцияга каршы күрөш учурунда табылган көптөгөн мүлк ушу адамга байлангандан кийин анын тегерегинде ызы-чуу токтобой атат. Эгерде тергөө иштеринин негизинде башка адамдарга тиешелүү маалыматтар аныкталса, алар да коомчулукка чыгат. Бирок Элдар Жакыпбековдун айынан гана УКМКга сын айтып, туура эмес айтуу чындыкка дал келбей калат. Азыр, эң негизгиси, тергөөнүн жүргүзүлүшү. Анын жыйынтыгы менен көп нерсе маалым болот".

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМК төрагасы кызматынан алгандан кийин бул мекемедеги өзгөрүүлөр токтой элек.

Алгач эле Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп турган, жогоруда сөз болгон Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетектеген Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды.

Мындан тышкары УКМКнын коррупцияга каршы күрөшү учурунда жабыркаганын айтып 500дөн ашык киши органдарга арыз менен кайрылганын маалымат каражаттары жазып чыккан. Башкы прокуратура мындай арыздар келип түшүп жатканын билдирген. Бирок атайын кызмат андай арыздарды кароо боюнча комиссия түзүлбөсүн билдирген.

УКМК тынч иштеген органга айлана алабы?

Президент Садыр Жапаров Ташиевди кызматтан алгандан кийин бул органдагы реформа тууралуу кеңири маегинде УКМКны Советтер союзундагы КГБдай иштөө системасына алып келүү ниетин билдирген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков мындай пикирге кошулуп, реформаны бир жылда ийгиликтүү ишке ашырса болорун кошумчалады:

туратбек Мадылбеков
туратбек Мадылбеков

"КГБга ким кирип-чыгып атканы билинчү эмес. Азыркы УКМК болсо баңгизат колдонгонун да, майда-барат маселеси барын деле, айтор, баарына эле аралашып кетти. Ошондуктан атайын кызматта чалгындоо, контрчалгындоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү калтырып, калган функцияларын ИИМге бериш керек. Ал эми коррупция менен күрөш боюнча иштерди альтернативдүү катары калтырып, бирок, прокуратура аркылуу иштетиш керек. Бул өзгөртүүлөрдү, тактап айтканда, реформаларды бир жылдын ичинде ишке ашырса реалдуу болот".

УКМКнын жаңы жетекчиси Жумгалбек Шабданбеков атайын кызматта реформа жүргүзүүнү убада кылып, анын иши саясаттан ажыратылышы керектигин белгилеген эле.

Шабданбеков атайын кызмат эскирген, катаал аскердик ыкмалардан башкаруунун мыйзамдуу, жарандык ыкмаларына өтүү керектигин айткан:

“Коркутуп-үркүтүүдөн баш тартып, бүгүнкү күндүн шартына жараша заманбап улуттук кызматты түзүүгө убакыт келди".

Атайын кызматтын жаңы төрагасы "Мен да «маски-шоу» дегендейди колдобойм. Негизи эле атайын кызматтын иши кайсы бир деңгээлде купуя, жабык болушу шарт" деп белгилеген.

Президент Садыр Жапаров УКМКнын буга чейинки иштерине ичи чыкпасын белгилеп, аны өзгөртүү зарыл экенин билдирген.

"Бийликтин кылганы айтканы менен дал келбей жатат"

Президент УКМКны реформалоо 2027-жылы башталып, ал үчүн керектүү шарттар түзүлөрүн, имарат берилип, техникалык базасы камсыздалып, мыйзамдык жактан даярдык көрүлөрүн буга чейин белгилеген.

Президенттин бул органды Советтер союзундагы КГБдай кылуу керек деп буга чейин айтканы жүргүзүлөрү айтылган реформага дал келбей каларын саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков белгиледи. Ал реформага жол ача турган жагдай жаралбаганын, бул болгону Ташиевдин отставкасынан кийин гана көтөрүлө баштаган маселеге айланганын айтууда:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

"Советтер союзу учурунда Чек ара кызматы дайыма КГБнын курамында болуп келген. Ал тургай чек арачыларды окуткан кесиптик окуу жайлар (училище) да КГБнын курамына кирчү. Анан эгемендик алгандан кийин бул кызматтар өз-өзүнчө бөлүнүп кеткен. 30 жылдан бери ушул кызматтарды улам бир органдын курамына киргизип, кайра чыгарып келатышат. Мен ошондуктан муну жөн гана ашыкча түйшүк, амбициялардын оюну деп эсептейм. Эгер реалдуу реформаны кааласак жана анын жыйынтыгын көрөбүз десек, аны саясаттан толук ажыратуу керек".

Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 1:17:53 0:00

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин аталган кызматта өтө чукул өзгөрүүлөр болууда.

Бул органдагы реформаларды кубаттагандар да, аны сындагандар да азыр арбын. Өзгөчө Ташиевдин кетиши менен аталган кызматтагы өзгөрүүлөрдү кулак түрө угуп, карап тургандар көп.

Шерине

XS
SM
MD
LG