Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

"УКМК саясаттан тыш болушу керек". Бийликтин атайын кызматты реформалоо аракети

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы имараты.

Күч түзүмдөрү, анын ичинде улуттук коопсуздук комитети боюнча чоң реформа болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Атайын кызмат структуралык гана эмес, ыйгарым укуктары дагы өзгөрүп, саясаттан, экономикадан тышкары болуп, коопсуздукка жооп берген түзүм катары иштей турганы айтылды.

Соңку апталарда коопсуздук кызматынын жетекчилиги, бир катар жооптуу кызматкерлери камакка алынып, баары жемкорлукка шектелүүдө. Атайын кызматты кандай өзгөрүүлөр күтүп турат? Реформа кандай ишке ашат?

"УКМКнын деңгээлин түшүрбө дегем..."

Президент Садыр Жапаров 21-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) олуттуу реформа болорун жарыялады. Ал убагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге атайын кызматтын кишилери күбөлүгүн “комокторго” чейин көрсөткөн учурлар бар экенин эсине салып, сын-пикирлерден арылууга чакырганын айтты:

“Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле. Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт”.

Жапаровдун айтымында, атайын кызмат мындан ары саясаттан сырткары болот жана экономикага кийлигишпейт, ошондой эле президентке түз баш ийген өзүнчө Тергөө комитети түзүлөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш менен алек болору да айтылды.

“Ошентип, азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт. Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат”, - деди өлкө башчысы.

Бул реформаларды ишке ашыруу келерки жылдан башталып, ал үчүн керектүү шарттар түзүлөрү, имарат, техникалык базасы камсыздалып, мыйзамдык жактан даярдык көрүлөрү белгиленди.

10-февралда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Ошол эле күнү мурда өзүнчө структура болуп келген, бирок кийин атайын кызматтын карамагына алынган эки мекеме президенттин жарлыгы менен анын курамынан чыгарылган. Алар - Чек ара кызматы жана Мамлекеттик күзөт кызматы. Мамлекеттик күзөт мекемеси УКМКга өткөндө 9-кызмат деп аталып калган. Эми ал президентке караштуу өз алдынча мекеме болду жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасынын бир бөлүгү катары кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыздайт.

"УКМК саясаттан тыш болушу керек"

УКМКдагы олуттуу реформалар тууралуу президенттин бүгүнкү маегинин алдында эле мекеменин жаңы дайындалган төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “Вечерний Бишкек” басылмасына интервью берген. Анда ал башталган реформа эл аралык кырдаалды эске алуу менен, өлкөнүн коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылууга жана конституциялык түзүлүшүн коргоого жөндөмдүү, кесипкөй жана ачык-айкын системаны түзүүгө багытталарын айтып, УКМКнын иши саясаттан ажыратылышы керектигин белгилеген:

Жумгалбек Шабданбеков
Жумгалбек Шабданбеков

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ичиндеги уюштуруучулук жана кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында негизги көңүл оперативдик жана аналитикалык иштин классикалык жана салттуу ыкмаларына бурулат. УКМКны саясаттан ажыратып, саясий партиялардын, идеологиялардын жана ар кандай кызыкдар тараптардын таасиринен бошотуу зарыл. УКМК саясий курал болбошу керек”.

Шабданбеков атайын кызмат эскирген, катаал аскердик ыкмалардан башкаруунун мыйзамдуу, жарандык ыкмаларына өтүү керектигин айтты:

“Коркутуп-үркүтүүдөн баш тартып, бүгүнкү күндүн шартына жараша заманбап улуттук кызматты түзүүгө убакыт келди".

Атайын кызматтын жаңы төрагасы "Мен да «маски-шоу» дегендейди колдобойм. Негизи эле атайын кызматтын иши кайсы бир деңгээлде купуя, жабык болушу шарт" деп белгиледи.

Ошондой эле Жумгалбек Шабданбеков УКМКда иштеп турганда кызмат абылынан аша чаап кеткен деп шек саналгандардын ишин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Аскер прокуратурасы жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жатканын билдирди.

Бардык тармактарда реформа жүргүзүү сунушу

Бул тармактагы жарыяланган реформа коомдо кызуу талкууланып жатат. Айрымдар реформа бир гана атайын кызматка эмес, өлкөдөгү бардык күч структураларына керек дешет. Активист Мавлян Аскарбеков:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"УКМКнын жаңы төрагасынын айткан сөзү соңку 30-35 жылдагы эң маанилүү сөз болду, ал биринчи жолу айтылды. Жумабек мырза УКМК "деполитизация" болушу керектигин, башкача айтканда, аны саясатчылардан, саясаттан, конъюктурадан жана кандайдыр бир идеологиянын таасиринен арылтуу зарылдыгын айтты. Бул сөздү УКМКга төрага болуп келген бир да башчы, бир да президент айткан эмес. Эгер ушул айтылган сөздөр, президенттин айткан реформасы, демилгеси чындап ишке ашса бул Борбор Азия боюнча аткарыла турган биринчи иш болот. Ал эми Тергөө комитети түзүлөт деген боюнча, бул реформа бир гана атайын кызматта жүрбөшү керек. Ал ИИМ, Жаза аткаруу кызматы, күч түзүмдөрү, сот системасында, билим берүү, саламаттык сактоодо да болушу кажет. Бул реформа комплекстүү жүргүзүлүшү керек. Тергөө комитетин түзүү менен эле тергөө амалдары, сот процесси же сот системасы өзгөрүп кетпеси баарыбызга маалым", - деген оюн айтты.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова жаңы түзүлөрү айтылган Тергөө комитетине бардык кылмыштар боюнча иштерди берип салуу да туура эмес болорун эскертти. Ошондуктан, анын пикиринде, УКМКда турган кеңири функциялардын баарын бөлүү керек:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Приоритеттүү багыттарды бөлүп туруп, өзүнчө бир мамлекеттик орган түзсө болот. Мисалы, коррупцияга каршы, себеби бул приоритеттүү багыт. Ал агенттик болобу же бюро болобу, айтор, президентке түз баш ийдирип, Жогорку Кеңештин алдында жылына очет берүүгө милдеттендирип, парламентти анын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөнгө укуктуу кылып койсо болот. Мамлекет башчы өз маегинде атайын кызматтын иши купуя болушу керек, анда ким эмне иш кылып жатканы сыр бойдон турушу керек дегени, бир жагынан караганда туура, чалгындоо, контрчалгындоо жана киберкоопсуздук УКМКнын көзөмөлүндө калсын. А баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш тууралуу эмне үчүн коомдо маалымат болбошу керек? Кандай иш алып барып жатышканын эл билиши керек. Ошондуктан, менин пикиримде, бул багыттын ачыктык жагын, коомдук көзөмөлдө турушу керектигин карап, өзүнчө бөлүп койсо болот".

Ташиев кызматтан кеткен күнү эле, тагыраагы, 10-февралда Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамынан чыгарылган. Бул кызмат 2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлгөн эле.

Убагында бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүк жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алынып келинишине каршы күрөштү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылган.

Чечимди бир катар ардагер чек арачылар сындап чыгышкан. Алар Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башчысы - УКМК төрагасы чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык паритеттик комиссияны жетектеген учур болбогонун да жүйө келтиришкен.

Чек ара кызматы ушуну менен үчүнчү жолу атайын кызматтын курамына кирип, кайра чыгарылды.

Саясий чечим менен УКМКга келген жетекчилер

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул органды ушул тармактын өзүнөн чыккан үч эле адис башкарганын, калганы саясий чечимдерден улам жетекчи болуп келип, ички оперативдик процедураларын билбегенин айткан:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Ошонун жыйынтыгында көп учурда көзөмөл деген четте калып калган. Мындан эки жыл мурда эле ушул УКМКда чоң чуулу окуя болгон. “Керемет банктын” 23 млн доллары жоголуп, аны уурдагандар атайын кызматтын 3-4 кызматкери болуп чыккан. Ошондо эле бул окуя кызмат үчүн кандайдыр бир белги, коңгуроо болгон. Бирок, тилекке каршы, жакшы сабак алышкан эмес окшойт. Бүгүнкү күндө реформага жакшы аракет башталды, Чек ара, күзөт кызматтары бул мекеменин курамынан бөлүнүп чыкты. Андан тышкары айрым экономикага каршы күрөш чектеле баштады. Буга чейин мунун баары бир органда болуп, анын жетекчилери чачыранды болуп, алар боюнча иш алып баруу жакшы тыянак бербей калган”.

Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 1:17:53 0:00

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин аталган кызматта өтө чукул өзгөрүүлөр болууда.

Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалаган. Ташиев мындай чечим тууралуу үн катып, бул өтө күтүүсүз болгонун жана президенттин чечимин аткарууга милдеттүү экенин белгилеген. Ал кызматтан алынгандан кийин мекеменин бир катар жетекчилери камакка алынды. Баарына жемкорлук деген айып тагылууда.

УКМКнын төрагасы болуп Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында дайындалган.

Ташиевдин отставкасынан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Чет өлкөгө чыгып кеткен Камчыбек Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG