2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген “эки дос” эриш-аркак иштеп, коомчулуктун алдында ар дайым ээрчишип жүрүштү. Экөөнүн достугунан шыктанган айрым ырчылар обон да чыгарып жиберишти. Ошентип, акыры саясий тандем аягына чыгып, Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиевди кызматтан алып, атайын кызматтын мурдагы төрагасына жакын депутаттар биринин артынан бири мандатын тапшырып, министрлер, мэрлер жумуштан кетти. УКМКдагы Камчыбек Ташиевдин ишенген кадрлары жумуштан алынып, айрымдары камалды.
Дүрбөлөң салган “75чилердин” кайрылуусу
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл январь айында чыккан “Президент” тасмасында Садыр Жапаров менен мамилесине мындай баа берген:
“Саясатта достук жок” дешип эле ар түрдүү адамдар бизди кагыштырганга аракет кылып, ар түрдүү пландарды түзүп, “ушул экөө урушуп кетсе бизге да бир күн тийип калар бекен” деп үмүт кылып эле жүрүшпөдүбү. Азыр деле ушундай үмүт кылгандар бар. Бирок алардын оюн таш кабат. Таш капты жана мындан ары да ошондой болот. Мен Садыр Нургожоевичтин бийлигине, президенттигине кызыгып жаткан жерим жок. Садыр Нургожоевичтен алып, президент болуп алайын деген оюм жок".
Мындан бир ай мурун Ташиевдин “экөөнүн достугун өлүм гана буза аларын” айткан сөзү Жапаров - Ташиев тандеми күчүндө деген пикир жараткан. Бирок бир ай өтпөй кыргыз саясаты кызып, тандем талкаландыбы деген суроо күн тартипке чыкты. Жапаров акыркы чукул чечимдерин президенттик шайлоого байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу менен байланыштырды.
“Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, “биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы?” деп, депутаттарды бөлүп баштады. “Ай, бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким?” деп сураган депутаттарга: “бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап” деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү “аксакалдарга” өттү. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, “жогору жак менен макулдашылган, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду" дешип, элдин башын айланта башташты. Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле”.
Жапаров айтып жаткан “75чилердин каты” делген кайрылуу 9-февралда социалдык тармактарга жарыяланды. Анда алды премьер-министрликке чейин жеткен арасында экс-министр, мурдагы губернатор, депутаттардан турган 75 адамдын аты-жөнү жазылган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы аралыкта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Анда өлкөдөгү абал тууралуу сөз болуп, акыркы беш жылда бир топ жетишкендиктер болгону менен мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык сыяктуу маселер курч турганы да айтылат. Кайрылуу социалдык тармактарда текст түрүндө эле тарап, коомчулук кандайдыр бир кол коюлган кат жүзүндөгү документти көргөн жок.
Демейде Кыргызстанда майда-барат маселеден тарта олуттуу көйгөй боюнча бийликке кайрылгандар “Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичке” деп эки адамдын атын бирдей атаса бул ирет эмнегедир Ташиевдин аты аталган жок. Кайрылуу жасаган делгендердин арасында соңку жылдары саясаттан четтеп кеткен мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, экс-депутат Иса Өмүркулов сыяктуулардын аты-жөнү бар.
Бул кайрылуунун демилгечилеринин бири, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков камакка алынганга чейин “Азаттыкка” комментарий берген:
“Президенттин мөөнөтүнө байланыштуу талаш-тартыштар күндөн-күнгө күчөп жатпайбы. Бирөөлөр “президенттин мөөнөтү бүттү” дейт. Кээлери “жок бүтө элек” деп талаш болууда. Биздин пикирибизде бул өлкөдө туруксуздукту пайда кылганы жатат. Муну башка саясий күчтөр колдонуп, адатыбызча жазында митингдерди уюштурат го деген чочулоо бар. Ошондуктан бийлик демилгени колуна алып, июнь-июль айларына президенттик шайлоону дайындап койсо талаш-тартыштын баарына чекит коюлат эле”.
Кайрылуу тарагандан бир күн өтпөй көпчүлүк үчүн кызык окуялар башталды. 10-февралда Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кызматтан алганы тууралуу жарлык жарыяланды. Мындай чечим коомчулукта, мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербеш үчүн кабыл алынганы айтылып, кийинчерээк президенттик администрация “бул Ташиевге эмес, анын атын жамынгандарга багытталды” деп түшүндүрдү.
Чынында эле Ички иштер министрлиги (ИИМ) “75чилердин” кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бекболот Талгарбековду, кайрылууда аты аталган Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду камады.
Ал эми кызматтан алынганы боюнча Ташиев Германияда дарыланып жатканда билгенин, ал үчүн "өтө күтүүсүз" болгонун билдирди:
“Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок кечээ мени жумуштан алышыптыр. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт!”
“Ташиев кызматка барбайт”
Ташиев 13-февралда таң эрте Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени беймаалым. Бул маселе боюнча Жапаров менен Ташиевдин сүйлөшкөнү дайын болду. Андан кийин Жапаров Ташиевдин мамлекеттик кызматка барбай турганын айтты:
“Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча “аксакалдар” дейбизби, “көксакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү. Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет”.
Ташиев тарапташтары аркылуу тараткан кыска кайрылуусунан башка үн ката элек. Өлкөгө келгенде басма сөз жыйынын өткөрө турганы айтылып, ал да болбой калды.
Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев акыркы саясий окуялар боюнча “Азаттыкка” мындай комментарий берди.
“Кыргызстанда жасалган жакшы иштер” деп туруп Камчыбек Ташиев көзөмөлдөгөн тармактын баарын мактап коюшкан. Ал эми президент көзөмөлдөгөн экономика тармагын жана башкаларды “аябай начар” деген. Бекболот Талгарбеков “президенттик шайлоо жарыялап эки дос силер чечишип алгыла. Анан биз экөөңөрдүн бириңерди колдойбуз” дебедиби. Бул жерде “мамлекетте төңкөрүш кылышмак” деген туура эмес. Кайрылуу жасагандар Ташиев менен макулдашкан. Өздөрү эч качан мындай кылмак эмес. Себеби, кол койгон 75 кишинин баарын жакшы тааныйм. Алар чүчкүргөндөн корккон адамдар. Алар Садыр Жапаровду "сындырабыз", кичине эле түрткү берсек, досуна президенттикти берип коёт деп ойлошкон. Анткени буга чейин эле “силер Куран кармаган доссуңар, Москвада Путин менен Медведевдей болуп бир-бир мөөнөттөн отургула” деп айтылып келатпадыбы. Мен ушундан чыккан чоң чатак деп эсептейм. Бирок мамлекетте төңкөрүш болмок эмес. Анткени атайын кызматтын жетекчиси мындай учурда Германияга, чет өлкөгө чыгып кетмек эмес”.
"75чилердин каты" Жогорку Кеңешке жеткен
Негизинен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымдын катализатару президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусу себеп болгону айтылып жатат. Президент да муну маегинде белгиледи. Акыркы саясий окуялардын фонунда мандат алып депутат болуп келген Талант Мамытов “мындай талаш жараткан кайрылуу Жогорку Кеңеште талкууланбаш керек” жана ага спикер жол бербеши зарыл эле деп эсептейт:
“Кандай тандем болгону мен үчүн белгисиз. Макулдашуу, ич ара келишим болгон болсо ал Конституциядан жогору эмес да. Мыйзам, Конституция, эл баарынан жогору турат. Президенттик шайлоодо эл добуш берет. “Бийликтин жалгыз булагы – эл” деп жазылган. Кандай себеп менен мындай иштер болду, парламентке эмне себептен (ред: 75 адамдын кайрылуусу) киргизилди таң калыштуу. Муну бир эле Конституциялык сотко алып чыгыш керек эле. Бул жерге 75 адамдын деле кереги жок болчу. Ким кызыкдар болсо Конституциялык сотко кайрылса эле жообун алмак. Ошондо мындай бүдөмүк иштер болуп, маселе чыкпайт эле”.
Бир катар саясий жүрүштөргө себеп болгон шайлоо тууралуу маселеге акыры Конституциялык сот чекит койду. Консот Жапаровдун кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт, Жапаров азыр бийликтеги биринчи мөөнөтүн иштеп жатат жана кийинки шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу деген бүтүм чыгарып берди. Ошентип, баш ооруга айланган шайлоонун мөөнөтү чечилди.
Бирок Ташиевдин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев шайлоого байланыштуу көйгөйдү парламент деле караганы туура болмок деген пикирде:
“Бул маселени көтөрүп чыккан аксакалдар Жогорку Кеңешке да, президентке да кайрылуу кылыптыр. Мен аны окуп чыктым. Ошондуктан муну Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети да талкууга киргизип, булар эмнеге кайрылуу кылды деп караш керек да. Булар бузукулук кылып атабы же башка ниети барбы, караш керек эле. Муну укук коргоо органдары да териштириши зарыл. Эгерде бул ишке менин да тиешем болсо азыр чакырса барганга даярмын. Мен ал кишилердин бирин да тааныбайм, жолуккан да эмесмин. Кайрылууну социалдык тармактардан эле окудум”.
Парламентте президентке айтылган каяша
Президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча маселе көтөрүлө электе эле бийликте ажырым пайда болгону билинип калган. Демейде президентке өйдө карап сүйлөбөгөн депутаттар февралдын башында парламентте Жапаровдун атын ачык атабаса да сындады. Ташиевдин жакын үзөңгүлөшү делген депутат Кундузбек Сулайманов президентке каяша айтты. Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сындаган эл өкүлдөрүн айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган сөзүнө бир күн өтүп-өтпөй депутат Сулайманов Жогорку Кеңештин трибунасынан жооп берген:
“Биздин негизги милдетибиз элдин үнүн бийликке жеткирүү. Биз айткандан аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Жок дегенде элдин нааразылыктарын эске алуу менен мамиле кылуу керек. Биздин айткан сөзүбүздү, элдин үнүн популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? Жакында бул тармакта иштеп кеткен адам катары мен да айдоочулукка он ай окутууну көп деп айттым эле. Бул менин эмес, элдин айткан ою”.
Сулаймановдун артынан эле Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да президентти чымчып кеткен.
“Бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болушу керек. “Сыйга сый, сыр аякка бал” дейт. Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо аброй алып келбейт. Депутат – элдин өкүлү. Депутаттын микрофону бар, эл депутатка айт, көйгөйдү көтөр деп, беш жылга мандатты берди. Биз аткаруу бийлигин бардык маселелерде колдоп келе жатабыз. Зарыл мыйзамдарды кабыл алып берип жатабыз. Ошол эле учурда депутаттык корпуска, парламентке дагы аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле болушу керек".
Парламентте айтылган сынга чейин Нурланбек Тургунбек уулунун 2025-жылдын сентябрь айында Бишкекте Нүзүп бийдин айкелинин ачылышында тамаша-чыны аралаш Камчыбек Ташиевди аталыкка теңеп сүйлөгөнү да уу-дуу кептерге жол ачкан. Түрк кагандыктарында аталык - ханзаада эрезеге жеткенче аны тарбиялап, бийлик иштерине үйрөтүп, хан бийликке келгенден кийин анын жанындагы эң таасирдүү кеңешчиси болгон. Чакан чөйрөдө айтылып келаткан мындай сөздүн коомчулукка чыгып кетиши бир топ күдүк ойлорго жем таштаган.
“Мына генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевичти тамашалап азыркынын аталыгы сизсиз деп коём. Бир аталыкты экинчи аталык колдоп, Нүзүп бийдин айкелинин турушуна Камчыбек Кыдыршаевичтин чоң салымы бар”.
Мандатын тапшырып, кызматтан кеткендер
Ташиев кызматтан алынган соң Жогорку Кеңештин үч депутаты мандатын тапшырды. Бул эстафетаны Элдар Сулайманов баштап берди. Былтыр парламенттик шайлоодо утуп келип, кайрадан спикер болгонуна эки ай боло электе Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен төрагалыктан кетип, көп өтпөй мандатынан да кол жууду. Муну ал ден соолугу менен байланыштырып жатат. Ага удаа эле Кундузбек Сулайманов депутаттык ордун бошотуп берди. Ошентип, президентке сын айткан эки депутат тең мандатын тапшырды.
Атайын кызматтын төрагасынын орун басарлары толугу менен алмашып, УКМКнын аймактардагы жетекчилери да кызматтан кетти. Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев кызматтан алынды. Камчыбек Ташиевдин досу, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев да жумуштан кетти. Андан тышкары Манас шаарынын мэри да Эрнисбек Ормоков да жумуштан бошотулду.
УКМКдан башталган кадрдык алмашуулар, прокуратурага чейин жетип, прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматынан бошотулуп, ордуна Малик Бектурганов дайындалды. Залкарбек Акназаров башкы прокурордун орун басары кызматына дайындалды. Нургазы Матисаков транспорт прокурору кызматынан бошотулду. Бир катар жергиликтүү басылмалар ал Ташиевдин “жээни экенин” жазышты.
“Ар кайсы тармакта ар кандай кызматтагы адамдар жумуштан алынып жатат. Анын ичинде мыйзам чыгаруу бийлигинен да кеткендер болду. Бул Камчыбек Ташиевдин таасири бир гана УКМК менен өкмөттө эмес бардык тармактарга тараганын көрсөтүп жатат. Ал кишинин таасири канчалык болгону баарыбызга белгилүү. Эми ошого жараша саясий капиталы да чоң. Ошондуктан азыркы жасалып жаткан иштерди саясатта Камчыбек Ташиевди алсыздандыруу аракети деп түшүнөм. Саясий салмагын толук жокко чыгарып жибериши мүмкүн эмес бирок бир топ түшүрөт. Бул киши эми атайын кызматта иштегенден кийин анда көп маалымат бар. Кандайдыр бир коркунучтарды алдын алуу аракети да болушу керек. Бирок кандай болгон күндө да күнөөсүздүк презумпциясын сакташыбыз зарыл”, - деди Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова.
Ташиев башкарган УКМК коррупцияга каршы күрөштөн баштап эттин баасы, интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чейин кийлигишип турду. Бул убакыт аралыгында Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн таасири артып, Жалал-Абад облусунда алардын кийлигишүүсү жок бир да кадр кызматка дайындалып же кызматтан алынбай калганы тууралуу кеп-сөздөр бар. Депутат Шаирбек Ташиев "Азаттык" менен болгон маегинде мындай кеп-сөздү четке какты:
“Муну эл айтсын. Мен азыр буга чейин эч нерсеге аралашкан жокмун дешим мүмкүн да. Элден “булардын жардамы канчалык тийип жатат? Кадрдык маселелерге аралашып жатабы же жокпу?” деп сурап көргүлө. Эл айтып, бизге баа берсин. Тай-Мурас иним болсо ишкер, атасындай эле ак көңүл бала. Аны баары тең чоң бир нерсе катары көсөтүп жатат да”.
УКМКны Ташиевдин кадрларынан “тазалоо”
Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Ушул тапта кайсы өлкөдө экени белгисиз Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек.
УКМКдагы жооптуу кызматкерлердин, коррупцияга каршы иштердин башында турган адамдардын өзү жемкорлукка айыпталып кармалышы көп суроону жаратты. Айрым ишкерлер убагында коопсуздук комитетинин басым-кысымына кабылганын айтып чыга башташты.
Өмүрбек Суваналиев Жапаров - Ташиев тандемине мындай баа берди:
“Мамлекеттик институттардын баары “эки дос институту” болуп калган. Калган мамлекеттик мекемелер такыр эле иштебей калган. Ошол эле Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы, Коопсуздук кеңеши, соттордун баары эле УКМКнын көрсөтмөсү менен иштеп калган. Канча деген адвокаттар “соттор буйрук менен иштеп калды” деп айтып жатышты. Кыргызстанда кош бийлик болуп, жоопкерчилик жоголду. Министрлер кабинетинин төрагасынын, парламенттин үнү угулбай калды. УКМКнын ушундай деңгээлге чыгып кеткенине бирөө жооп бериш керек. Жогорку Кеңеште комиссия түзүлөбү же жокпу, кандай иш алынып барат, президент өзү жооп бериш керек. Анткени биз президенттик мамлекетпиз. Өлкөнүн башында президент турат. Ал эми Ташиев башкарып келген УКМК аткаруу бийлигинде”.
Акыркы саясий окуялар менен УКМКда өзгөрүүлөр болуп, Чек ара кызматы жана Мамлекеттик күзөт кызматы атайын кызматтан өзүнчө бөлүндү. Атайын кызматтын жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков УКМКны реформа кыларын жана атайын кызматты саясаттан ажыратып, саясий курал кылуудан оолактатарын айтты.
Жапаров убагында "досу Камчыбек Ташиевге УКМКны реформа кыл” деп айтканын билдирди.
Тандемдин таржымалы
Клара Сооронкулова Кыргызстандагы саясий тандемге мындай баа берет:
“Азыр көп эле тандемдерди, Путин менен Медведевди мисал келтирип атышат. Алардын мисалында муну тандем деп да айтса болбойт. Анткени Путин Медведевди убактылуу эле президент кылып, бийликти колунан чыгарган жок. Кыргызстандын мисалында болсо экөө тең күчтүү саясатчы. Экөөнүн тең саясаттагы салмагы бирдей деп айтса болот. Камчыбек Ташиевдин рейтинги акыркы учурда жогорулап бараткан деп да айтса болот. Экөө бири-бирине баш иймек эмес. Эртеби-кечпи экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыкмак”.
Бул тандемди саясат талдоочулар кыргыз саясатындагы эң узак тандем деп баалап жатышат. Жапаров менен Ташиев 2005-жылдан бери достошуп, үй-бүлөлүк карым-катнашта жүргөнүн маектеринде айтып келген.
“Бул узакка созулган, жемиштүү тандем болду. Кыргызстанда мынчалык узакка созулган тандем, кош бийлик болгон эмес. Жалпы эле эл аралык тажрыйбада, биздикиндей саясий системада тандемдин мынчалык узакка созулуусу кыйын. Мындан ары бул тандемдин уланышы күмөн. Өзгөчө ушундай чечимдин кабыл алынышы макулдашылбаганы белгилүү болуп калды. Эми саясатта эки дос атаандашы болушу күтүлүп калды”, - деди саясат талдоочу Эмил Жороев.
2010-жылы Апрель окуясынан кийин “Ата Журт” партиясы менен шайлоону утуп келип, кийин 2012-жылы Кумтөр кени боюнча митингге Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов болуп чогуу чыгып, камалып чыгышты. 2017-жылы Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин Ташиев ошол кездеги бийлик жетекчилерине аны бошотуу боюнча бир нече ирет кайрылууларды жасаган. 2020-жылдын октябрындагы талаштуу шайлоодон кийинки толкундоолор бул саясатчылардын жылдызы жанды. Ошол кезеңде Ташиев Жапаровду абактан бошотуп чыккан.
Эки саясатчынын мурдагы партиялашы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева да пикирин билдирди:
“Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ачыкка чыгып кетпешин каалайт элем. Алардын ортосунан "ак мышык" өттүбү, эми "кара мышык" өтпөшү керек. Экөө ачык чыгып тартышып, бири-бирине каршы компроматтар айтыла баштаса 2020-жылдагы элдин үмүтү, ишеними өчөт. Анын баары тебеленип калса адам баласынын үмүт, ишеним деген таянычы жоголот”.
Жапаров менен Ташиев ар дайым “кыйышпас достордон экенин” маектеринде такай айтып жүрүшөт. Кыргызстандын Германиядагы элчиси, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев беш жыл мурун парламенттин жыйынында Жапаровду досу “саясий Олимптин чокусуна жеткиргенин” белгилеп, Ташиевдин тарых алдындагы жоопкерчилиги Жапаровдукунан кем эмес экендигин айтканы азыр актуалдуу болуп турат.
“Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берип, жумуштан бошотсоң болот эле. “Доссекретарды” алмаштыра да, кутула да албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул, Садыр Нургожоевич, сизге, сиздин командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нургожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору”.
“Бийликти бөлүшө албайсың”
Текебаев айткандай, Ташиевдин бийликтеги ролу өкмөт мүчөсү деген макам менен гана чектелбестен, “өлкөдөгү экинчи адам” деп аталып келди. Жапаров президент болгондон кийин Ташиевге кеңири ыйгарым укуктар берилип, криминалга жана коррупцияга каршы күрөштү күчөткөнү айтылды. Президент Жапаров Ташиевге өлкөдөгү эң жогорку сыйлык “Кыргыз эл баатыры” деген наам ыйгарды. Бул убакыт аралыгында кыргыз саясатындагы туруктуулукту аныктоочу индикаторлордун бири Жапаров менен Ташиевдин мамилеси болуп келди.
“Негизи бийликте дос болбош керек. “Байлыкты бөлүшсө болот, бирок бийликти бөлүшө албайсың” деген принцип бар. Бийлик үчүн атасы баласын, баласы атасын өлтүргөн учурлар бар. Президент алты жыл отурат, кийин дагы бир мөөнөткө баргысы келсе, барат. Бирок башка адамдын да бийлигин күчөтүп, ушундай кырдаалга алып келбеш керек болчу. Бул үчүн көрөгөчтүктүн деле кереги жок. Акыр-аягы бийлик ушундай талаш болору башында эле билинген. Так талаш деген ушундай бүтөт. Бул так талаштын кесепети”, - деди Өмүрбек Суваналиев.
Саясат талдоочулар Конституцияда жазылбаса да Кыргызстанда жасалып жаткан жакшы да, жаман да иштерге Жапаров менен Ташиев жоопкер болуп келгенин, “эки дос” тандеминин ыдырашы менен эми өлкөнүн мындан аркы жүгү толук Жапаровго жүктөлгөнүн айтып жатышат.
Эми башка маселе кийинки жылдын башына белгиленген президенттик шайлоого Ташиев катышабы деген суроо кызык болуп турат. Ал буга чейин кызматта турганда утур-утур шайлоого катышпасын айтып келсе, эми анын кол-жолу бошоп, Жапаровдун башкы атаандашы болушу мүмкүн экени да айтылып жатат.
“Камчыбек Ташиевдин президент болом деген ойлору болгон. 2011-жылы Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев менен атаандаш болуп чыгып, 20% добуш алган. Бул көп добуш болуп эсептелет. 2017-жылы да талапкерлигин коюп, бирок Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн талапкерлигин алып салган. Анда ал Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырып, “бирок Садыр Жапаров досумду эркиндикке чыгарып бер” деп шарт койгон. Саясатта, айрыкча Кыргызстанда кырдаал бир секундда өзгөрүп кетет. Шайлоого дагы бир жыл бар. Эмне болуп кетерин биз билбейбиз”, - деди Жылдызкан Жолдошева.
Кандай болгон күндө Кыргызстанда узакка созулган тандем аягына чыкты көрүнөт. Президент Жапаров Ташиевди кызматтан алганы менен “досум” деп атап, анын достук мамилеси бар экенин ишара кылууда. Бул боюнча Камчыбек Ташиев үн ката элек. Бирок достук менен саясаттагы атаандаштык бир учурда болобу алдыдагы шайлоо көрсөтчүдөй.
Шерине