Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Октябрь окуяларынан бери алмашпаган министр. Улан Ниязбеков генерал-полковник болду

Коллаж
Коллаж

Президент Садыр Жапаров 23-февралда бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарган жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбековго генерал-полковник деген наам алды.

Жапаров Ниязбековду бул кызматка 2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин эле дайындаган жана ал ошондон бери кыргыз милициясын жетектеп келе жатат.

Буга чейин генерал-полковник наамын Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда алган эле. Соңку саясий жагдайлардан улам коомчулукта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитетинин ордун басышы мүмкүнбү деген дагы суроолор жаралды.

Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ички иштер министри кызматына 2020-жылы 11-октябрда дайындаган. Аны жамаатка өзү тааныштырып жатып, "башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр" деп сыпаттаган. Көп өтпөй Ниязбеков өзү "милиция саясий кызыкчылыкты көздөбөсүн, саясаттан жогорку болорун" айткан.

Ниязбеков ошол маалда коомчулукка дээрлик белгисиз болчу жана ИИМдин жетекчилигине тандалышы бир катар суроолорду жараткан. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатканда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырган да сөздөр айтылган. Ниязбеков анда "Азаттыкка" комментарий берип, бул маалыматтарды четке каккан.

Ниязбековго 2022-жылы февралда ошол кездеги атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.

Соңку саясий жагдайдан улам ИИМдин ролу тууралуу талкуулар жанданды. Ташиев кызматтан кеткенден кийин ИИМдин атайын бөлүгү Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерин кармап жатканы тартылган видеолор тараган, коомчулукта муну "маски-шоунун" уланышы катары сыпаттагандар дагы болду.

Жогорку Кеңештин депутаты, ички иштер министринин мурдагы орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Ниязбеков алгачкылардан болуп ички иштер системасында генерал-полковник деген чинди алып жатканына көңүл бурду:

Сүйүнбек Өмүрзаков.
Сүйүнбек Өмүрзаков.

"Улан Ниязбеков генерал-полковник наамына татыктуу. Ал бул наамды ИИМде биринчилерден болуп алып жатат. Ички иштер органдарында иштеп кеткен мен эле эмес, карапайым эл деле акыркы жылдары жакшы жакка өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп жатпайбы. Мамлекеттен чоң колдоо көрсөтүлүп жатат. Материалдык-техникалык жагы оңолуп жатат. Уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш жүрдү, кылмыштын саны бир канча пайызга азайып жатат. Ошонун баарын эске алып туруп, мамлекет башчы дагы жогорку наамды берди. Мен анын биринчи орун басары болуп бир жыл иштедим. Ага чейин дагы чогуу иштегенбиз. Мен анын адамгерчилик сапатын дагы жогору баалайм. Мен ИИМ УКМКнын ордун басат деп кооптонууга негиз жок деп эсептейм, милиция такай эл менен да".

Улан Ниязбековдун тушунда ИИМ козгогон кылмыш иштеринин негизинде бир катар саясатчылар, активистттер кармалды. Андай иштердин эң ириси Кемпир-Абад иши болуп калды. Бул иштин негизинде камалган, соттон акталган укук коргоочу Рита Карасартова система алмашпаганын айтты.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Чынын айтканда, системада эч нерсе өзгөргөн жок. Бул системадагы мыйзамсыз иштерди өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп жатабыз. Биздин Кемпир-Абад иши боюнча кармаган, ишибизди тергеген кызматкерлер дагы жогорку наамдарды алышкан. Буйрукту аткаргандан кийин наамдарды ала беришет экен да. Бир жылдан ашык сот болуп, бир да кылмыштын курамын таппай, бизди акташкан. Биздин ишибизде деле жүрөт, алар айласы кеткенде ошол 25 кишиге карата компроматтык материалдар болсо бергилечи деп ИИМ УКМКга да кайрылган. Сот ишти карап жатканда баарын түшүнүп, биз акталганбыз. Экинчи ишимде деле Чүй милициясы мен өмүрүмдө тааныбаган адамдарды бириктирип туруп, "бийлик басып алууга чакырык жасаган" деген айып менен бизди беш жылга кестиргенге барышты. Бийликти жамандоо, бийликти сындоону бийликти басып алууга аракетке теңеп келишти. Азыр эми Тергөө комитетин түзөбүз, дүйнөлүк тажрыйбага жакындатабыз деп жатышат. Ошондой болсо балким абал бир аз жакшырар. Негизи эле бир органга эбегейсиз укукту берип коюу туура эмес. Баары мыйзам чегинде иштесе, бизди мыйзам сактап турса жакшы болмок".

Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ИИМге тааныштырган учуру. Сүрөт Ички иштер министрлигине таандык. mvd.kg сайтына жарыяланды. 11-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ИИМге тааныштырган учуру. Сүрөт Ички иштер министрлигине таандык. mvd.kg сайтына жарыяланды. 11-октябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган соңку маектеринин биринде күч түзүмдөрүндө реформа болорун, ага ылайык өзүнчө Тергөө комитети түзүлөрүн айткан.

"Мындан ары ИИМ дагы өзүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат. Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат. Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат", - деген Жапаров.

Улан Ниязбеков коомчулукка жабык министр болду, беш жылдан ашык убактан бери көз карандысыз медиа каражаттарына, эркин журналисттерге интервью берген жок.

Ички иштер органдары боюнча эксперт Урмат Казакбаев милициянын ишин баалаган, күч органдарына карата элдин ишенимин аныктаган ачык, көз карандысыз иликтөө жоктугуна токтолду.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

"Милициянын ишин ачык жана ар тараптуу иликтеген көз карандысыз изилдөө боло элек. Азыр эми милицияга элдин ишеними жакшырды деген бүтүмдөр кандай чыгарылганы деле белгисиз. Эми азыр жалпы мамлекеттик органдарга карата ишеним бир аз көбөйгөндөн кийин ИИМге деле көбөйүшү мүмкүн. Айрым эл аралык уюмдар жабылгандан кийин бул багытта ачык-айкын иликтөө жүргүзүү дагы кыйын болуп калды. Адам укугуна, демократиялык өнүгүүгө кедергисин тийгизген учурлар болуп жатат. Аны айтыш керек. Буга чейин УКМК эң башкы саясий курал болчу да. Эми мындан ары кандай болот, аны байкайбыз да".

Расмий маалыматка ылайык Улан Ниязбеков 50 жашта, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Финансы полициясынын ыкчам кызматкери баштаган жана кийинчерээк Чүй жана Таласта Финансы полициясынын бөлүм башчысы болгон.

2008-жылдан тартып Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында иштеген. 2010-жылы министрдин жардамчысы, 2011-жылдан баштап ИИМдин Каржы-чарба башкы башкармылыгынын башчысы болгон. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Башкы прокуратура 2012-жылы Улан Ниязбековдун ИИМдин Каржы-чарба бөлүмүн башкарып турганда жүк ташуучу автоунааларды сатып жиберген деген негиздеги ишин карап, мыйзам бузуулар табылбаганын кабарлаган. Ал 2014-жылы кызматынан кеткен. 2015-жылы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Садыр Жапаров Ал 2024-жыл октябрда ИИМдин мурдагы жетекчилери Малик Нурдиновду, Алмазбек Орозалиевди, Мирлан Каниметовду жана атайын кызматта иштеген Талантбек Салиев менен Санжарбек Эркинбаевди генерал наамынан ажыраткан. Аларга бул наамды Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрда президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетерде ыйгарган.

Өлкөнүн эгемен тарыхында күч түзүмдөрүнүн генералдарын сот чечими менен наамынан ажыраткан учурлар болгон. Убагында Исмаил Исаков, Феликс Кулов, Жаныш Бакиев жана Марат Суталинов, Таалайбек Өмүралиев жана Хожимурат Коркмазов генерал наамдарынан соттун чечими менен ажыратылган жана айрымдары кайра сот аркылуу кайтарып алган.

Кыргызстанда күч түзүмдөрүнүн генералдарынын саны канча экени белгисиз, айрым бир маалыматтарга караганда, 150дөн ашат. Буга чейин парламентте аскердик жогорку чиндерди ыйгаруунун жол-жобосу сынга алынып, жогорку наам берүүнү азайтуу сунушу айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG