Атбашылык Исабек Абдыгазиев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин үстүнөн даттанды.
Абдыгазиев үй-бүлөсү менен негиздеген "Чар" туристтик жайы убагында УКМКнын Бишкек башкармалыгынын башчысы болуп турган Элдар Жакыпбековдун басымы менен мамлекетке мыйзамсыз алынганын айтууда.
Ал Жакыпбековдун жакындары ошол аймактан сарай сатып алып, эс алуу жайынын жерин кошо алууну көздөгөнүн билдирди.
"Үй-бүлөм, балдарым менен ушул жерге, Нарындын келечеги туристтик база деп "Чар" туристтик жайын курганбыз. Балам тогуз кишиден турган жамаат түзүп, өкмөттүн №377 токтомунун негизинде райондогу токой чарбасынын “Чар” участогунан 2007-жылы жер тилкесин алып, ал жерге жалпы 131 млн сом коротконбуз. Ошентип ал облустагы эң алдыңкы туристтик базага жеткен. 2023-жылы эң алдыңкы база деп Экономика министрлигинин сыйлыгын дагы алганбыз. Биз ижарага алган жердин бүт тийиштүү документи, китеби бар. Архитектуранын долбоорлору менен болгон. 2024-жылы УКМК эскертүү дагы бербестен текшерип, чаптап, мени 1,5 айга камап, "өз каалооңор менен өткөрүп бергиле" деп мажбурлаган. Биз ошол учурда сизге, президенттик аппаратка кат жазганбыз. Бирок эч кандай реакция болгон эмес".
Абдыгазиев президенттен ушул маселеге көңүл буруп, мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүндү.
Бирок жыйындын жүрүшүндө башкы прокурордун орун басары Кумарбек Байдылдаев ишкердикинен башкача маалымат берди.
Ал Исабек Абдыгазиев Нарын облусунун губернаторунун орун басары болуп турган 2007-жылы 160 гектар жерди уулуна мыйзамсыз ижарага алып бергенин жана ал жерге эс алуу жайын мыйзамсыз салганын айтты:
"Бул киши 2007-жылы губернатордун орун басары болуп турганда өзүнүн баласына мыйзамсыз алган. Токой чарбанын жалпы 160 гектар жерин ижарага алган. Мыйзамсыз курган, бирок жер кыртышын бузганы үчүн 1 млн 175 миң сомду мамлекетке төктүргөнбүз. Өзүнүн жерине эмес, кошуна жерге, бөлөк контурга кыйгач эмес түз жерге курган. Туристтик машина токтоочу ыңгайлуу жерге мыйзамсыз куруп, эс алуу жерди өзүнө ыйгарып алган. Туристтик комплекс Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилген. 2025-жылы декабрда Ат-Башы райондук сотунун өкүмү чыгып, бул киши жети жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок мунапыс мыйзамынын негизинде кылмыш жазасынан бошотулган. Күнөөлүү деп табылып, мыйзамсыз берилгени аныкталган".
Исабек Абдыгазиев айтылган дооматтарды четке кагып, кылмыш иштин козголушуна атайын кызматтын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун тиешеси бар экенин айтты.
"Бул киши Элдар, Ташиевдер баштап мага койгон дооматтарды эле айтып жатат. Ал жерде Мамлекеттик каттоо кызматынын документинен бир кадам, даараткана менен эле аткана чыгып кетти. Анткени ал жер тик бет, сиз айткандай, мен жолго чукулдатып салып алган жокмун. Ал жерде ортосундагы айырма 20-30 метр. Эду (Элдар Жакыпбеков - ред.) мен ижарага алган жерден сарай сатып алып, бизди ошол жерден сүргөнгө аракет кылышты", - деди Абдыгазиев.
Президент Садыр Жапаров курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана өзүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровго Ат-Башы районундагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди.
"Курулуш министри менен губернаторго ишенейин. Прокурор күнөөлөөчү адам, чечим дагы чыгып калган деп жатпайбы. Экөөңөр комиссия менен барып, текшерип көрүп, прокурор айткан туурабы же ишкер айткан туурабы, мага айткылачы. Бүт көргүлө, дрон менен дагы тарткыла".
Абдыгазиев жоопкерчилик маселесинен улам 160 гектарды ижарага алганын, коруктун коопсуздугун кошо карап турушканын кошумчалады.
УКМК 2024-жылы “Чар” токой чарбасынан 160,9 гектар жерди мыйзамсыз алган деген шек менен Исабек Абдыгазиев кармалганын кабарлап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу” беренесинин негизинде иш козгогон. Атайын кызмат ал мейманкана, кафе, ашкана, сауналарды эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курганын кошумчалаган.
Быйыл кышында өлкөдө саясий кырдаал өзгөрүп, президент 10-февралда Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин бул мекеменин бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Алардын катарында жогоруда сөз болгон УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков баштаган бир катар кызматкерлер бар.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрымдары тергөө абагына киргизилип, кээ бирлери үй камагына алынган.
Жакыпбековдун жакындары жана адвокаты бул окуялар боюнча комментарий бере элек.
Соңку саясий окуялардан кийин учурунда УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине кабылганын ачык айтып чыккандар болду.
Башкы прокурор Максат Асаналиев УКМКдан жабыр тартканын айткан ишкерлерден арыз көп түшүп жатканын, алардын саны 386га жеткенин апрелдин башында парламентте, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 23-июндагы жыйынында айтты.
Отурумда депутат Элвира Сурабалдиева коомчулукта айтылган арыз-дооматтардан кийин атайын кызматта жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты. Ал “Атайын кызмат коррупциялык иштерге тиешеси бар кадрлардан тазаланып жатабы?” деген суроо узатты:
"Ишкерлерди тоногон, колу таза эмес, жалпы өз элине туура эмес мамиле кылган адамдардан тазаланып жатабы? Арыз-муң 500-600 деп айтылган, Жогорку Кеңештин дарегине дагы аймактардан кайрылуу келип жатат".
Атайын кызматтын төрага орун басары Алишер Эрбаев мекемеде түзүмдүк, системалык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи:
“Беш кол тең эмес экен, ичинен анча-мынча жанагыдай кызматкерлер бар. Ал боюнча тийиштүү органдар өзүнүн жумушун жүргүзүп жатат. 96 кызматкерди четтеткенбиз, 24 кишинин үстүнөн кылмыш иши козголгон, өзүбүз козгогон дагы иштер бар. Тийиштүү материалдарды берип жатабыз. Башкы прокуратура элден келген 386 арыз боюнча тиешелүү иштерди алып барып жатса керек. Купуя сырлар да бар. Аларды айта албайбыз да”.
Буга чейин мамлекет башчы УКМКнын мыйзамсыз аракеттерине каршы арыз-даттанулар текшерилерин билдирген. Коомчулукта айтылган сындан улам парламентте атайын кызматтын ишмердигин текшерүү боюнча комиссия түзүү сунушу айтылып келет.
Шерине