Президент Садыр Жапаров курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Нарындын губернатору Нурбек Сатаровго Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди.
Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда Исабек Абдыгазиев президентке кайрылып, анын уулу райондогу токой чарбасынын “Чар” участогунан 2007-жылы жер тилкесин алып үй-бүлөсү менен 131 млн сом коротуп, “Чар” эс алуу жайын салганын айтты. Бирок 2024-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзүн бир жарым айга камап, күчкө салып туристтик жайды мамлекетке алып койгонун билдирди.
Жыйынга катышып жаткан прокурор бул иш боюнча маалымат берди. Ал Исабек Абдыгазиев Нарын облусунун жетекчисинин орун басары болуп турган 2007-жылы 160 гектар жерди уулуна мыйзамсыз ижарага алып бергенин жана ал жерге эс алуу жайын мыйзамсыз салганын айтты. 160 гектардын 25 сотых жерине туристтик жайды салып, жер кыртышын бузган деген негизде 1 млн 175 миң сом айыпка жыгылганын, 2025-жылдын декабрь айында Ат-Башы райондук соту Исабек Абдыгазиевди 7 жылга кесип, мунапыс мыйзамы менен эркиндикке чыкканын кошумчалады.
Исабек Абдыгазиев айтылган дооматтарды четке кагып, УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы, камакта жаткан Элдар Жакыпбеков ал ижарага алган жерден сарай сатып алганын, “Чар” эс алуу жайынын жерин кошо алуу үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.
УКМК 2024-жылы “Чар” токой чарбасынан 160,9 гектар жерди мыйзамсыз алган деген шек менен Исабек Абдыгазиев кармалганын кабарлап, Кылмыш жаза кодексинин “Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу” беренеси менен иш козгогон. Атайын кызмат ал мейманкана, кафе, ашкана, сауналарды эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курганын кошумчалаган.
Исабек Абдыгазиев жерди ижарага алуу жана ал жерге курулган имараттар боюнча да уруксат кагаздар менен документтер бар экенин айтууда. (BTo)
Шерине