Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Президент кол койгон мыйзамдардын көбүн өкмөт сунуштаган

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында парламентке 174 мыйзам долбоору түшүп, анын ичинен 112 долбоор кабыл алынып, президент Садыр Жапаров 92 мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 24-июнда жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, президент кол койгон мыйзамдардын көбү Министрлер кабинети сунуштаган документтер.

Президент депутаттар сунуштаган 16, өзү демилге кылган беш жана Башкы прокуратура сунуштаган бир мыйзамга кол койгон. Калган мыйзамдардын баары өкмөт алып келген документтер.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, президент жана Башкы прокуратура менен Жогорку сот өз ишмердигине тиешелүү болгон маселелер боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганга укугу бар.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды спикер, басымдуу депутаттар четке кагышат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG