Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз миграциянын эл аралык агымына бөгөт коюлганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 24-июнда билдиргендей, Ош облусунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда мыйзамсыз жүрүүсү үчүн туруктуу канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлү бөгөттөлдү.
Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу эмес, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жарандардын транзитин уюштуруу схемасын УКМК ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканда аныктаган.
Натыйжада башка мамлекетте туруп кылмыштуу топту башкарган чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруучулардын бири - Ош шаарындагы "Эл аралык аэропорт" авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери, кыргыз жараны Н.у.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
"Достук-автожол" чек ара бекети аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылып жаткан учурда Д.М. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Чүй облусунун аймагында чек арадан көзөмөл-өткөрүү пункттарынан тышкары мыйзамсыз өткөн.
УКМК буга чейин Кыргызстанга мыйзамсыз миграция агымын уюштурууга бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн «Нелегал-2026» операциясынын алкагында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренесине ("Чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу эрежелерин же транзиттик өтүү тартибин бузуу") ылайык, жалпы суммасы 7 млн 902 миң сомдук 922 протокол түзүлгөнүн кабарлаган.(ZKo)
Шерине