Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

Чуулгандуу ишкер Ширшов көмүскөдөн чыктыбы?

Алексей Ширшовдун архивдеги жана Юстиция министрлигинин сайтындагы сүрөттөн коллаж.
Алексей Ширшовдун архивдеги жана Юстиция министрлигинин сайтындагы сүрөттөн коллаж.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги “Ширшов фонду” деген коомдук уюмду 2-июнда каттоого алды. Коомдук уюм аны орусиялык ишкер Алексей Ширшов негиздегенин “Азаттыкка” ырастады. Фонд гуманитардык багытта иш алып барарын айтканы менен айрым талдоочулар ага тыкыр көз салуу зарыл экенин айтууда.

Кыргызстанда энергетика тармагындагы күмөн иштерде аты аталып келген Ширшовдун коомдук ишке активдүү катышуусу менен эмнени көздөшү мүмкүн?

Кыргызстанда “Ширшов фонду” түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00

Фонддун аты айтып тургандай, ал Алексей Ширшовго таандык. Уюмдун өкүлдөрү фонд коомдук маанидеги тармактарда, маселен, билим берүү, экология, спорт, шаар чарбасы жана башка багыттарда мыйзамга ылайык иш алып барарына ишендирүүдө:

"Алексей Юрьевич Ширшов фонддун негиздөөчүсү болуп саналат жана анын ишмердүүлүгүнүн жалпы багыттарын аныктоого катышат. Каржылоо маселелери колдонуудагы мыйзамдардын жана фонддун уставдык максаттарынын алкагында чечилет. Негиздөөчүнүн каражаттары да, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактар да каржылоо булагы боло алат. Фонд өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ачык-айкындуулук менен отчёттуулук принциптерине ылайык жүргүзөт".

Аталган фонд ишмердүүлүгү Ширшовдун репутациясына эмес, конкреттүү ишмердигине жараша бааланышы керектигин кыйытты.

Коомдук фонддун ачылышы Ширшовдун тегерегиндеги талкууну кайра күчөттү. Анын коомдук иштерге катыша баштаганына тынчсыздануу менен карагандар арбын.

“Тилекке каршы, ага карата эч кандай тергөө иштери жүргөн жок, шектүү эмес жана ага байланыштуу эч кандай кылмыш иши жок. Ошондуктан ал фонд ачууга укуктуу, керек болсо жүздү ача алат. Бирок коомчулук ал эмне иштерди кылганын жакшы билет. Ал эмне кыларын азырынча байкап туралы. Коомчулук караш керек, этият болушу шарт. Ал кандай долбоорлорду иштетип жатканына көңүл буруш керек, бекер берген нерсеге жыргабаш керек”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгону тууралуу сөздөр чакан чөйрөдө айтылып келет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.

2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошонуп кеткен. Бул коомчулукта сын дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген:

“Максим менен бирге жакшы эле байыгансыңар. Эми ошол байлыктарды мамлекетке кайтарганга жардам бер. Сенде болгон маалыматтарың менен бөлүш” деп бир шарт койдук. УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады. “Аврора Плюста” кайсы коттеждерди кимдер рейдерлик кылып, жакын туугандарына же досторуна каттатып алгандар боюнча маалыматы менен бөлүштү. Натыйжада “Аврора Плюстан” бир канча коттеж, бир канча батир мамлекетке кайтарылды. Франциянын түштүк-чыгыш жагында Максим Бакиевге тиешелүү Березовскийден сатып алган “Замок-Шато” деген вилласы бар экен. Ошол маалыматты берди. Ал ишке байланыштуу 2023-жылдан бери биздин Юстиция министрлиги соттошуу боюнча иш алып барып жатат. Бирок дароо эскертип коёюн, сот иштери эртең эле бүтүп калбайт, жылдап созулат. Мындан сырткары бул имарат келечекте Кыргызстандын пайдасына чечилеби-жокпу, ал да күмөн. Баарын Кудай билет, бара-бара көрөбүз. Анын дагы бир пайдалуу маалыматы “Элкат” компаниясы Максим Бакиевге тиешелүү болгонун көрсөткөнү болду”.

Жапаров ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Бирок ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров "Ширшовго иш ачылган эмес" деген сөздү төгүндөгөн.

Ширшовдун айланасында буга чейинки сын-дооматтар быйыл жыл башында кыргыз өкмөтүнүн делегациясы менен Москвадагы энергетика боюнча сүйлөшүүгө катышканында да айтылган. Бул окуядан кийин президент Жапаров ал “Нарын ГЭСтер каскадына байланыштуу жолугушууга катышууну суранып өзү барганын, өкмөткө маалыматтарын бергенин" айткан.

Коомдук фондду түзгөн Алексей Ширшовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал негиздеген уюм коомго пайдалуу иш-чараларды уюштурууну убада кылууда. Мындай кыймыл Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга карата талап күчөп, алардын ишмердиги солгундай түшкөн учурга туура келди.

Талдоочу Руслан Акматбек коомдук уюмдун ишмердиги башталганга чейин алдын ала баа берүүгө эрте дейт:

“Кыргызстанда дагы эле бейөкмөт уюмдар пайдалуу экенин көрсөткүчү. Себеби акыркы жылдары коомдук уюмдарды мокочо көрсөтүп, пайдадан зыяны көп дегендер көбөйгөн. Жадагалса репутациясы талаш жараткан кишинин фонд ачканы биздеги коомдук-саясий абалды көрсөтүп турат. Мындай кишилердин коомдук ишке аралашканы өзүнүн ишмердигинде ачык-айкындык орнотуу же өзүнө коомдук репутациялык капитал топтогусу келиши мүмкүн. Бул социалдык долбоор. Ал коомдун абалын өзгөртүү үчүн түзүлөт. Ширшовдун долбоорунда кандай максат коюлуп жатканы түшүнүксүз да”.

Соңку кездери Кремлден каржыланган коомдук уюмдар Кыргызстандын аймагында кулачын жайып, гуманитардык иш-аракеттер жанданды. Мындай процесстин фонунда Ширшовдун бул тармакка баш багышы кокустук эмес экенин белгилегендер болууда.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG