Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин 24-июндагы отурумунда, “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатканда "75чилердин каты" делген "президенттик шайлоону эрте өткөрүү өтүнүчү" тууралуу маалымат берди.
Спикер Жогорку Кеңешке жолдонгон ошол катка ылайык, президенттик шайлоону эрте өткөрүү аракети кандайча ишке ашуусу ыктымалдыгын түшүндүрдү.
"Ушул эле азыр биз кабыл алган мыйзамды алып келишмек. Бирок шайлоону эртерээк: мүмкүн мартта, майда, айтор, эрте өткөрөлү деген мыйзамды так азыркыдай эле 2-3-окуудан карап, кабыл алууга алып келмек. Өзүңүздөр билесиздер, ага чейин эле 75чилердин айрымдары "эксперттер айтып жатат, коомчулук сурап жатат, президенттик шайлоо эрте өтүшү керек" деп айтып жатышкан. Бизге келсе, биз кабыл алып бермекпиз. Президентке кетмек, албетте, вето келмек, кайрадан вето деген бар, мыйзамды парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кайра жиберсе, Конституция боюнча, ал автоматтык түрдө күчүнө кирмек. Демек, датаны коюп берген күнү шайлоо болмок", - деди Маматалиев.
Спикер ошол учурда катты палата карап, президентке барган күндө да "мен сыртта элем, Түркияда элем, билбей калыптырмын, сиз вето кое бериңиз" деп, кайрадан вето коюуга жеткирүү болмок деген божомолун кошумчалады. Ал ошол эле учурда бул каттын максаты аягына чыкса мамлекетте бөлүнүп-жарылуу, хаос болушу ыктымалдыгын эскертти. Ал төрага катары принциптүүлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтты.
Марлен Маматалиев парламент сотко таасир эткиси келбесин, бардыгына сот чекит коерун кошумчалады.
Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында спикер Марлен Маматалиев “75чилердин каты” парламентке кантип түшкөнү тууралуу маалымат берип, ошол кездеги төрага Нурланбек Тургунбек уулунун ал кат жөнүндө кабары болгонун айткан.
Мурдагы спикер буга чейин “75чилердин каты” парламентке келгенде өзү Түркияда иш сапарда жүргөнүн, андан кабары болбогонун билдирген.
- 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
- 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
- Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
- Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген. (ZKo)
Шерине