Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

Милиция кайрымдуулукка деп чогулган акча жеке максатта колдонулганын маалымдады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) социалдык тармактарда жарыяланган "Кайрымдуулукка кетеби же сол чөнтөккө кетеби?" деген аталыштагы видеоматериал боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдү аныктаганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада 21 жаштагы Ж.Д. жана 24 жаштагы Ш.М. аттуу жарандар аныкталып, Ленин РИИБге жеткирилди. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-1-беренеси (Тилемчилик) боюнча протоколдор түзүлдү.

Милиция кызматкерлери акча каражаты кандай максатта чогултулганын такташкан. Баштапкы маалымат боюнча, чогулган каражат муктаж жарандарга жардам көрсөтүү же кайрымдуулук максаттарына эмес, жеке керектөөлөргө жумшалганы аныкталган. Жыйынтыгында аталган жарандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.

Райондук милиция жарандарды мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу, анын ичинде кайрымдуулук деген шылтоо менен элдин ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жана кайырчылык менен алектенүү мыйзам жоопкерчилигин жаратарын эскертип, жарандарды белгисиз адамдарга акча берүүдө алардын максатын тактоого жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстандагы коомдук жайларда тажатма тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салуу, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоо чараларын мыйзамга киргизүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңеш быйыл февралда "Укук бузуулар кодексине", "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун кабыл алып берген. Парламенттеги айрым депутаттар соцтармактардагы шылуундар жасап жаткан кайырчылыкты да көзөмөлдөө зарылдыгын белгилешкен.

Кыргызстанда базарларда, көчөлөрдө, мечиттердин жанында, автоунаа жүргөн жолдордо жаш балдар, балалуу аялдар, улгайган адамдар жана башка тилемчилер көбөйүп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG