Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Сеул Украинада туткунга түшкөн түндүккореялык эки аскерди алууга аракет кылууда

Туткунга түшкөн түндүккореялык жоокер. (архив)
Туткунга түшкөн түндүккореялык жоокер. (архив)

Түштүк Корея Украинага каршы Орусия тарапта согушуп жүрүп туткунга түшкөн Түндүк Кореянын эки жоокерин эртерээк алууга аракет кылууда. Бул тууралуу The Korea Herald басылмасы Сеулдагы, тагыраагы, бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигиндеги (ТИМ) жогорку кызматтагы аткаминерге шилтеме кылып жазды.

Сөз Түндүк Кореянын Орусиянын Курск облусунда украиндерге каршы согушуп жүрүп 2025-жылы январда туткунга түшкөн эки аскери тууралуу болуп жатат. Президент Владимир Зеленский ошол кезде Киев жоокерлерди Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ынга Орусияда туткунда жаткан украин аскерлерине алмашуу үчүн берүүгө даярдыгын билдирген. Бирок 2025-жылы февралда Chosun Ilbo басылмасына курган маегинде туткундардын бири Түштүк Кореядан башпаана суроо ниетин билдирген. Ошол эле жылы күзүндө даректүү тасма үчүн маектешүү учурунда ушундай эле ниетин туткундагы экинчи жоокер да айтканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Түштүк Корея ТИМинин жогорку өкүлү Сеул менен Киев бул маселе боюнча "негизги макулдашууларга" жетишкенин айтып, жараян Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибиганын Сеулга визити учурунда аягына чыгарына үмүтүн билдирди.

Украин ТИМинин башчысы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында макулдашууга жетишилгени тууралуу жарыя болобу деген суроого аткаминер ачык жооп берүүдөн баш тартты, бирок өкмөт бул үчүн аракет кыларын айтты.

Түштүк Кореянын ТИМи бийлик Орусия тарапта согушуп жүрүп украиндерге туткунга түшкөн жана Түштүк Кореяга кетүү ниетин билдирген түндүк кореялык эки жоокерди кабыл алууга даяр экенин кайталады. Мекеме түндүккореялыктардын өз эркинен тыш, түрдүү жолдор менен Орусияга же Пхеньянга репатриацияланышына каршы.

Түндүк Корея өзүнүн аскерлерин Орусияга жибергени 2024-жылы октябрда белгилүү болгон. Москва муну 2025-жылы, апрелде ырастаган. Yonhap агенттиги түштүккореялык чалгынчыларга шилтеме кылып жазгандай, түндүккореялык алты миңдей жоокер согушта өлгөн же жаракат алган. Журналисттер Пхеньянда Украинага каршы Орусиянын согушунда өлгөндөрдүн урматына орнотулган жаңы мемориалдык такталарда кеминде 2288 жоокердин аты жазылганын эсептеп чыгышкан.

2025-жылы Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Ким Чен Ын Орусияга Курск облусун минадан тазалоо үчүн миңдей сапер жана талкаланган объекттерди калыбына келтирүү үчүн беш миңдей куруучу жиберүүнү чечкенин маалымдаган. Жыл аягында - декабрда түндүккореялык саперлор мекенине кайтып барышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG