Түркиянын борбору Анкарада экстремисттик уюмдар менен байланышы бар деп шек саналган 200дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу расмий өкүлдөр билдиришти.
Айрым маалымат каражаттары кармалгандар арасында саясатчылар жана жарандык активисттер да бар экенин жазышып, коомчулукта мыйзамсыз кармоолор боюнча дооматтарды жаратышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп 7–8-июлда Анкарада өтө турган НАТОнун 32 мүчө өлкөсүнүн лидерлеринин саммитине катышары күтүлүүдө.
Саммиттин алдында Түркия бийлиги коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Алардын катарында митингдерге тыюу салуу, аэропортторго алып баруучу жолдорго чектөө киргизүү, саммит өтүүчү жай менен чет элдик делегациялар жайгаша турган мейманканалардын айланасын жабуу каралган.
Анкара прокуратурасынын маалыматына ылайык, кармалгандардын арасында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун 56 мүчөсү жана "Революциячыл элдик боштондук партиясы/фронту" уюмунун 35 мүчөсү бар.
Көз карандысыз солчул багыттагы BirGün басылмасы жана башка маалымат каражаттары кармалгандар арасында бир саясатчы, ЛГБТ активисти жана солчул топторго жакын деп эсептелген кеминде үч адвокат да бар экенин жазышты.
Бул маалыматтар айрым чөйрөлөрдө өкмөт коопсуздук чараларын сынчыл үндөрдү басуу жана НАТОнун саммити алдында мүмкүн болгон нааразылык акцияларынын алдын алуу үчүн шылтоо катары пайдаланып жатат деген кооптонууларды жаратты. Түрк бийлиги мындай дооматтарга байланыштуу комментарий бере элек.
Түркиядагы күрддөрдү колдогон Элдердин тең укуктуулугу жана демократиясы партиясы (DEM) жүргүзүлгөн операцияларды сынга алды.
Ошол эле маалда түрк бийлиги өлкөдөгү коопсуздук чараларын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу сыяктуу уюмдардан айынан пайда болгон коркунуч менен түшүндүрүп келет.
Бул топ буга чейин Түркияда бир катар ири террордук чабуулдарды уюштурган. Алардын эң кандуусу 2017-жылдын Жаңы жыл түнүндө Стамбулдагы түнкү клубга жасалган кол салуу болуп эсептелет. Анда куралчан адам ок чыгарып, 39 киши каза тапкан. Мындан тышкары, "Ислам мамлекети" тобу Түркиянын ар кайсы шаарларында ондогон адамдардын өмүрүн алган башка да кол салууларга жооптуу деп эсептелет.
Шерине