Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

Өзбекстандын эки айылы Кыргызстанга өттү, Бишкек Астанага жер алмашууну сунуштады

Аскат Алагөзов жарыялаган карта. 23-июнь, 2026-жыл.
Аскат Алагөзов жарыялаган карта. 23-июнь, 2026-жыл.

Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү эки айыл эли менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү.

Бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын маалыматында, мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары 2,5 миңдей эли менен Кыргызстандын карамагына өтөт.

"Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт. Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет", - деди Алагөзов.

Басма сөз катчынын маалыматында, айылдардын ордуна Кыргызстан Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берди. Мындан сырткары, Баткен районуна караштуу Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылган.

"Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз", - деп жазылган билдирүүдө.



Аскат Алагөзов Кыргызстандын Токмок шаарынын тушундагы Казакстан ээлик кылган 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча Астанага сунуш берилгенин билдирди. Анын маалыматына караганда, бул жол Бишкектин Алматы көчөсүнөн баштап Кемин районуна чейин, 150 чакырымдай акы төлөнүүчү автомагистрал болот.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси 2025-жылы толук чечилип, делимитациялык жана демаркациялык иштер жасалган.

Кыргызстан Өзбекстан менен үч: Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары аркылуу чектешет. Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары Кыргызстандын Баткен облусунун карамагына кириши мүмкүн.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара маселеси 2008-жылы чечилген.(ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG