Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Манаста жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-июнь күнү саат 3:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, Tico автоунаасынын айдоочусу ошол жерден жан берген. Ал эми экинчи BMW X5 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматында, Tico автоунаасы Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй келе жатып, Курманбек көчөсү менен келе жаткан BMW X5 автоунаасынын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада экөө кагышып, "Тиконун" айдоочусу 46 жаштагы Ж.Э. кырсык болгон жерде каза болгон.

"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Сузак районунун тургуну, 18 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалган. Ал Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобуна өткөрүлүп берилди", - деп жазылган маалыматта.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. BMW X5 автоунаасынын айдоочусунун күнөөсү аныкталса, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча жаңы мыйзам чегинде жазаланат.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG