Соң-Көлдүн жээгине мыйзамсыз түрдө A-frame, глэмпинг тибиндеги эс алуу объекттерин тургузуп алган ишкерлерге айып пул салынды.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай, коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, эс алуу объекттерин куруу тиешелүү уруксат берилбей туруп башталган. Мындан тышкары үйлөрдү тургузууда курулуш нормалары жана техникалык талаптар сакталган эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында эки ишкерге 200 миң сом айып салынды. Ишкерлерге курулушту талапка ылайыктап, мыйзам чегинде куруу, кетирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча эскертүү берилди.
Кыргызстанда туристтик инфраструктура акыркы эки жылда кескин өнүккөнү, тоолордо, жайыттарда эс алуучу жайлар арбын курулганын 2ГИС картографиялык сервиси маалымдаган. Ага ылайык, 2026-жылы 426 эс алуучу объект расмий катталган.(ZKo)
Шерине