Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

"АЮ" холдингинин башчысы Тыныбек Исаев кайрадан камалды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Мурдагы “АЮ” холдингинин директору Тыныбек Исаев кайрадан тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-июнда чыгарды. Райондук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, аны камакка алууну тергөөчү соттон өтүнгөн.

Жыйынтыгында сот Исаевди 20-августка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоону токтом кылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Шылуундук") менен айып тагылууда.

Тыныбек Исаев “АЮ” холдингинин ээси жана түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын тууганы.

Ал холдингге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 2024-жылы жазага тартылган, ал эми Шаршенбек Абдыкеримовго издөө жарыяган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылы “АЮнун” негиздөөчүсү Абдыкеримовго таандык делген 10 миллиард сомдон ашык баадагы бир катар ири соода, оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын кабарлаган. УКМК “АЮ” узак убакыт бою салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн өзүнө байланыштуу башка жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешени адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын билдирген.

Шаршенбек Абдыкеримов быйыл Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан бошотулгандан кийин “АЮнун” урап жок болушуна Ташиевди айыптаган билдирүүсүн соцтармактарга жарыялаган.

Кызынын ысымы берилген Бишкектеги “Томми Молл” соода борбору мамлекетке алынбай эле Ташиевге тиешелүү кишилерге катталганын ишкер соцтармакка жазып даттанган. Соода борборунун азыркы кожоюндары жана Ташиевдер бул маалыматты төгүндөгөн.

“АЮ” холдинги мындан 22 жыл мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирген, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар болгон.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG