Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Алишер Эрбаев УКМКдан баш-аягы 96 кызматкер жумуштан четтетилгенин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 23-июндагы жыйынында айтты.

Отурумда депутат Элвира Сурабалдиева “атайын кызмат коррупциялык иштерге тиешеси бар кадрлардан тазаланып жатабы?” деген суроо берип, Алишер Эрбаев жооп кайтарды.

“Башкы прокуратура элден келген 386 арыз боюнча тиешелүү иштерди алып барып жатса керек. Купуя сырлар да бар. Аларды айта албайбыз да”, - деди Алишер Эрбаев.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды.

УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, Балыкчы ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Чыңгыз Төкөлдөшов, УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев (ред: каймана аты Пито), УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов камалган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG