Орусиянын Украинага кол салып, согуш баштагандан бери каза болгон аскерлеринин кеминде 227 680инин тек-жайы аныкталганын "Медиазона" басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери ыктыярчылар менен чогуу аныкташты.
Басылма белгилегендей, согуш башталгандан бери 1577 күн өттү жана узактыгынан Улуу Ата Мекендик да, Биринчи дүйнөлүк да согуштардан ашып кетти.
Мерт болгондордун басымдуу бөлүгү - 83 484 адам согушка өз ыктыяры менен баргандар. Ошондой эле 25 662 адам мурда соттолгондор жана 19 149 адам мобилизация аркылуу баргандар. Мындан тышкары журналисттерге орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн 7,2 миң офицери мерт болгону маалым.
Курмандыктардын көптүгү жагынан алдыда Башкырстан менен Татарстан турат. Өлгөндөрдүн арасында 15 генерал бар: бешөө генерал-лейтенант, жетөө генерал-майор, экөө отставкага чыккандар, дагы бири Украинадан Орусияга качып өткөн.
Набыт болгондордун арасында офицерлер азыраак: согуш башталганда алар жоготуулардын 10% түзсө, 2024-жылдын ноябрында 2-3% түшкөн.
Иликтөөчү журналисттер белгилегендей, курмандыктардын чыныгы саны кыйла көп.
Тизме ачык маалыматтардын негизинде: ЖМКлардан, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнөн, маркумдардын жакындарынын соцтармактардагы постторунан жана көрүстөндөрдөгү маалыматтардан чогулат.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.
Украинанын "Хочу жить" долбоору орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон жүздөгөн борборазиялыктын тизмесин жарыялаган. Алардын 150гө жакыны кыргызстандыктар экени айтылган.
"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган.
Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстан жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.
Шерине