Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы 23-июнга караган түнү дрондордун чабуулуна туш болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме тараткан маалыматта дрондор Украинага таандык экени белгиленет.
Бир катар Телеграм-каналдар жазгандай, түн ичинде жарым аралдагы Феодосия, Керчь, Красноперекопск жана Щелкино шаарынын аймагында жардыруулардын үндөрү угулган.
Supernova+ каналынын маалыматында, дрондор Керчь портундагы мунай базасына, TES-Terminal мунай өнүмдөрүн сактоо жана өткөрүп берүү комплексине, "Кавказ" портуна кайрадан чабуул койгон.
"Крымский ветер" каналы спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, "Кавказ" портундагы мунай терминалынын аймагында өрт тутанганын билдирди.
Мындан тышкары, Telegram-каналдар NASA FIRMS кызматынын маалыматтарына жана спутник сүрөттөрүнө шилтеме кылып, Керчтеги "Насосная-2" электр көмөк чордону, "Южная" темир жол станциясы жана Аршинцево районундагы жылуулук электр борборунун аймагында өрт чыкканын жазышты.
"Крымэнергоинформ" мекемеси электр энергиясы Евпатория шаарында, Красноперекопск, Сак, Жанкой жана Красногвардей райондорунда өчүрүлгөнүн маалымдады.
"Учурда авариялык-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Болжол менен бир сутка ичинде электр энергиясы толук калыбына келтирилет", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде Украинанын 141 учкучсуз аппаратын атып түшүргөн.
Министрлик билдиргендей, дрондор аннексияланган Крымдын үстүндө, Белгород, Брянск, Курск, Калуга, Смоленск, Тула жана Орёл облустарында, Краснодар крайында, Москва аймагында жана Кара деңиз менен Азов деңизинин акваторияларында жок кылынган.
Украин тарап бул маалымат боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү көп учурда мүмкүн эмес.
Шерине