Акыркы бир нече күндөн бери жүрүп жаткан селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштер жүрүүдө.
Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 22-июнда нөшөрлүү жаандын кесепетинен аймакта катуу сел жүрдү, табигый кырсык түрдүү чыгымдарга алып келди.
23-июнда Баткен районунун акими жарандык коргонуу кызматынын башчылары менен чогуу ыкчам жыйын өткөрдү. Анда тиешелүү мекеме-ишканаларга селдин кесепетин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүү жана жер-жерлерде ыкчам иш алып баруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Учурда тиешелүү кызматтар атайын техникаларды тартуу менен селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышканы, кырдаал көзөмөлгө алынганы кабарланды.
Баткендеги селдин кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү президент Садыр Жапаров тапшырганы 23-июнда кабарланды. Президенттин администрациясы мамлекет башчы 19-22-июнь күндөрү Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепетинен толук кабардар экенин билдирди.
22-июнда түштөн кийин Баткен районунун Кара-Булак, Булак-Башы тоолорунда жааган жаандан улам Баткен шаарынын борборунда сел жүрдү. Ош—Исфана жолундагы үч негизги көпүрөнү суу каптап, каттам бир нече убакытка токтотулган. Шаардагы бир катар турак жайлардын короосуна суу кирди.
20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүргөн.
Анын кесепетинен эки үй авариялык абалга келип, алардын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү. (JsА/ZKo)
Шерине